Бекчоро: “ДОСТУН КЫЗЫНА КӨЗ АРТУУ – КЫЯНАТТЫК”

Калп тапкыч

"Мен үчүн белең?" деп эки жылдан бери сыздап келе жаткан Бекчоронун калп айтар, айтпасын билүүгө көптөгөн сулуулар кызыкдар. Биз калп табар аппаратты пайдаланып, аны сынап көрдүк.

– Апаңдын билишин каалабаган жорук­тарың барбы?
Бекчоро: Ооба.
Детектор : Ооба.

– Кыздар сени таштап кеткен учурлар болгонбу?
Б.: Ооба.
Д.: Ооба.

Бекчоронун комментарийи: Мектепте окуп жүргөндө бир кызды катуу сүйгөм. Андай сезим менде кайра кайталанган жок. Бирок ал кыз менин сүйүүмө татыктуу болбой, басып кеткен. Азыр менин чөйрөмдө жакшы, сыйлаганга татыктуу кыздар көп эле. Бирок ошол күндөрдү, ал кызды унута албайм.

– Стриптиз жагабы?
Б.: Ооба.
Д.: Ооба.

– Келечегиңди ойлоп бай үй-бүлөнүн кызына үйлөнөт белең?
Б.: Жок.
Д.: Ооба.

Бекчоронун комментарийи: Кыздар боюнча айта албайм. Бирок эркектердин ушундай жоругуна терс пикирдемин. Көңүлүңө жакпаган, сүйбөгөн кыз менен анын атасы алып берер үй үчүн же кызмат үчүн чогуу бир үйдө жашоону элестете албайм. Ушундай терс реакциямды детектор жакшы түшүнбөй калды окшойт, ээ?..

– Бир учурда эки-үч кыз менен жолуккан учурларың болобу?
Б.: Жок.
Д.: Ооба.

Бекчоронун комментарийи: Ооба, үч эмес, беш кыз менен достошкон, жолугуп жүргөн кездерим болгон. Бирок алардын бирине да кандайдыр бир убада берген эмесмин. Мен аларды олуттуу мамиле деп эсептебейм.

–Досуңдун сүйлөшкөн кызын сүйүп калсаң, тартып алууга аракет кыласыңбы?
Б.: Жок.
Д.: Бекчоро толкунданууда.

Бекчоронун комментарийи: Жакын досунун кызына көз артууну мен кыянаттык деп билем.

– Секссиз бир ай жашай аласыңбы?
Б.: Ооба.
Д.: Жок.

Бекчоронун комментарийи: Экөөбүздүн жообубуз туура келбей калдыбы? Детектор алдамчы го анда? Тамаша. Силер адамдын элге айтылбай турган иштерине да байкалбай аралашып кетет экенсиңер. Акыл калчап көрсөң, бир ай эмес, бир жыл деле жашоого болот. Бирок организмим ага каршы чыгат окшойт. Мына азыр деле мен бир жоопту айтсам, денем башканы айтып койбодубу.

– Эгер 1000 доллар сунуш кылышса, жылаңач болуп сүрөткө түшөр белең?
Б.: Жок.
Д.: Бекчоро так жооп бере албай жатат.

Бекчоронун комментарийи: Андайга 1000 эмес, 10 миң доллар төлөйбүз десе деле макул болмок эмесмин.

–Өзүңдү жылдызмын деп эсептейсиңби?
Б.: Ооба.
Д.: Бекчоро өз жообуна канааттанбады.

Бекчоронун комментарийи: Кайда барбайын таанып, атайы келип таанышкандар болот. Менимче жөн адам андай кызыгууну жаратпаса керек. Өзүмдү тимеле жылдыз деп эсептебесем да, жаштар арасында белгилүү адаммын деп ойлойм.

– Өзүң тууралуу басма сөздөргө жарыяланган макалаларды дайыма окуп турасыңбы?
Б.: Жок.
Д.: Ооба.

Бекчоронун комментарийи: Жаңы ырдай баштаганда гезит-журналдарды калтырбай окучумун. Ар бир макала, ар бир ырчы жөнүндө жазылгандар кызыктуу болчу эле. Азыр кичине чоңоюп, токтолуп ал этаптан өттүм окшойт. Өзүм кызыккан гезиттерди гана тандап окуп калдым.

– Телерадио, гезиттердеги өзүң тууралуу ушактар “аллергия” кылабы?
Б.: Ооба.
Д.: Ооба.

– Жандуу үн менен ырдай аласыңбы?
Б.: Ооба.
Д.: Жок.

Бекчоронун комментарийи: Ар кандай кафелерде алты жылдан ашык ырдап жүрдүм. Үнүм, кудайга шүгүр, жакшы эле ачылган. Азыр компьютердин жардамы менен үндү кооздоп жаздырып алып, анан бир хит ыры менен концерт коюп жүргөндөр көп. Эгер концерттер жандуу үн менен гана коюлсун деген эреже чыкса, анда ырчылардын катары суюла түшмөк. Бул биздин шоу-бизнестин сапатын жакшыртмак. Өзүм жөнүндө айтсам, эгер аппаратура болсо эч коркпой, чочулабай жандуу үн менен ырдай берем.

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
anakonda
2009-10-22 13:07:10
Красавец!
0
dobrajelatel
2009-10-30 09:58:35
Унун болсо ырддай бер. А то фонограмма коркунучтуу
0
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан