Эне болуу бакыт да, жоопкерчилик да. Наристенин ден соолугу чың, акыл-эстүү төрөлүшү энеден көз каранды. Бирок кош бойлуу кезде талгак болуу энелерге бир топ жагымсыздыкты тартуулайт. Бүгүн талгактын эмнеден келип чыгуусу, анын түрлөрү жана башкалары тууралуу маалымдайбыз.
Талгак–тамактануудан, генден көз каранды
Аял кош бойлуу болгондо, анын организми гормоналдык жана иммундук өзгөрүүлөргө кезигет. Талгак – аялдын организминин ошол жаңы өзгөрүүлөргө көнүп, калыптана албай жаткандыгы. Бул көрүнүштү расмий медицина токсикоз деп атап келет.Талгак болуу кош бойлуулуктун алгачкы учурунда пайда болуп, адатта 12-14 апта аралыгында өтүп кетет. Бирок аялдарда ал билинбей өтүп кетсе, кээлерде оор болуп көпкө созулат. Ал турсун, төрөгөнгө чейин кыйнала тургандар бар. Талгактын оор же жеңил болушу ички жана сырткы факторлорго көз каранды. Ички факторлорго иммундук системанын абалы жана тукум куучулук (эне талгагы кандай өтсө, кызы да ошондой болот) кирет.
Сырткы факторду жыл мезгили, тамактануу, үй-бүлөнүн жашоо-шарты (экономикалык абалы) түзөт.
Кусуунун үч деңгээли
Талгактын келип чыгышын көбүнчө ашказан-ичеги жолунун оорулары, калкан сымал бездин оорусу, туура эмес тамактануу, стресстер шарттайт. Анын белгилери болуп: кусуу, тамакка табиттин тартпай башташы, көңүлдүн айлануусу, шилекейдин көбүрөөк бөлүнүп чыгышы, артериалдык кан басымдын төмөндөшү, жыттан көңүлдүн айлануусу эсептелет.
Кусуу деңгээлине жараша үчкө бөлүнөт:
Жеңил түрү. Кусуунун саны суткасына 5тен ашпайт. Көбүнчө ач карын кезде, жыт чыкканда же тамак ичкенде кусуу күтүлөт.
Бул аялдын тамакка табитин төмөндөткөнү менен, салмагынын түшүшүн шарттабайт.
Орточо түрү. Суткасына кусуунун саны 6-10 жолкуга жетет. Кээде тамак ичпесе деле аялдын кускусу келет. Аял өзүн алсыз сезип, башы айланат. Артериалдык кан басымы бир аз төмөндөйт. Айына 2-3 килограмм салмагын жоготот.
Оор түрү (кусуунун токтобошу). Суткасына кусуунун саны 20-25ке жетет. Аял кыймылдаса эле кускусу келе баштайт. Түнкүсүн да кусуу токтобогондуктан, уйку бузулат. Аял айына 8-10 килограмм салмагын жоготот. Куса бергенден улам аялдын организминде тамак да, суу да турбайт. Андыктан дене кургап, аял абдан арыктайт, кан басымы төмөндөп, заара аз чыгат. Организмде уулар чогула баштайт. Дене табы 37,5 градуска көтөрүлөт.
Андыктан эске алуучу нерсе, эгер кусуу суткасына 5 иреттен ашып, аял өзүн жаман сезе баштаса, анда ооруканага жатып дарылануусу керек. Болбосо, өзү гана кыйналбастан, ичтеги баласынын өсүүсүнө, калыптануусуна доо кетирип алат.
Тамактанууга эмне үчүн баа берүү керек?
Бойго бүткөндөн кийин тамактанууга маани берип, кошумча азыктарды пайдалануу кажет. Болбосо, талгак учурунда кусуудан да улам организмдеги азыктын запасы азая баштайт. Мындай болгондо эне курсактагы баласын “тойгуза” албай калат. Мунун кесепетинен баланын чоңоюусу, калыптануусу, акыл-эсинин өсүүсү жайлайт.
Туура тамактанууга көңүл бурбоонун эң кейиштүү жагы болуп, баланын курсактан өлүү түшүүсү, маалынан эрте төрөлүшү, бойдон түшүүнүн күтүлүшү, баланын денесинин өөрчүбөй калышы саналат. Андыктан болочок эне күндөлүк рационунда кандай азыктардын болушу жана алар эмне үчүн керек экендигин билүүүсү зарыл. Анын үстүнө, организм керектүү заттар менен камсыз болсо, талгак жеңил өтөт.
Дасторкондо эмнелердин болуусу зарыл?
Болочок эненин тамак-ашында төмөндөгүлөрдүн сөзсүз болушу керек:
Эт, жумуртка. Булар протеин менен темирдин булагы болуп саналат жана түйүлдүктүн мээ, булчуң, сөөктөрүнүн калыптануусу үчүн керек.
Сүт жана сүт азыктары (быштак, айран, сыр). Булар кальцийдин булагы. Андыктан баланын чоңоюусуна жана сөөгүнүн калыптануусуна зарыл. Бирок бруцеллёз сыяктуу оорулардан сактануу үчүн ылаңдабаган уйдун сүтүн колдонуу керек.
Жашылча-жемиштер. Буларда баланын чоңоюусу жана акыл-эсинин өсүүсү үчүн керектүү витаминдер, минералдар бар.
С витамини. Бул иммунитетти күчөтүү үчүн зарыл. Аталган витамин пияз, сарымсак, болгар калемпири, помидор, капустанын курамында кездешет.
Фолий кычкылы ( витамин түрү). Баланын борбордук нерв системасынын калыптануусу үчүн зарыл. Фолий кычкылы жашылчаларда, жер жаңгакта, кебек кошулган нанда, капустада бар.
Протеиндер. Мунун булагы болуп кызыл (кой жана бодо мал эти) жана ак эт (канаттуулардын эти), буурчак, балык, жумуртка саналат.
Эске алыңыз!
Талгакта колдонуңуз!
Дары чөптөр топтому.
2 аш кашык жалбыз, 1 аш кашык валерианын тамыры, 2 аш кашык календула, 2 аш кашык миң жалбырактын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлат. 30 мүнөт тыныктырылган соң сүзүлүп алынат. Бир күндө 6 маал 50 граммдан ичилет. 25 күн ичип, 15 күн тыныккан соң курсту кайра дагы 2 ирет кайталаса болот. Дары чөптөр дарыканада сатылат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg