АТАКТУУЛАР КАНДАЙ ҮЙДӨ ЖАШАШАТ?

МАДОННА
Атагы алыска кеткен Мадонна табитине төп келген өзгөчө үйдү өмүр бою издеп келген. Мадоннанын көңүлүнө төп келген андай ак сарай Лондондон табылган. Шаардын чок ортосунан орун алган бул үйдүн бийиктиги 17 метрди түзөт. Сырты кооз таштар менен кооздолгон. Үйдүн ичинде алты уктоочу бөлмө, эбегейсиз зор китепкана, айнектен жасалган тамак ичүүчү бөлмө жайгашкан. Үйдүн ичи-сырты 8 видеокамерадан даана көрүнүп турат. Ошондой эле үйдү төрт жансакчы кайтарат. Мадонна бул үйүнө алыскы сапардан кийин келип эс алганды жакшы көрөт.
Үйдүн баасы 15 миллион долларды түзөт.

БРИТНИ СПИРС
Жаш ырчы Бритни Спирстин ак сарайы Лос-Анжелес шаарынан орун алган. Ырчы үйдү биринчи көргөндө эле кооздугу үчүн жактырып калгандыктан, дароо сатып алуу келишимине кол койгон. Үйдүн короосунда чакан аквапарк жайгашкан. Ошондой эле аквапаркта жасалма толкун жана атайы гидромассаж бар. Бул үйдө ырчы гастролдон тажаганда жана элдин көзүнөн оолак болгусу келген учурда жашайт. Айта кетчү нерсе, Бритни Спирс дагы Мадонна сыяк­туу Лондондон үй сатып алууну план­доо­до.
Үйдүн баасы 4,5 миллион доллар.

ДЕМИ МУР
Голливуд актрисасы Деми Мурдун үйү Лос-Анжелес шаарында жайгашкан. Актриса мурунку күйөөсү Брюс Уиллис менен ажырашып кеткенден кийин бул үйгө жашабайм деп чечкен эле. Бирок, эки жылдан кийин кайрадан ал ак сарайга кайтып келген.
Актрисанын ак сарайына граниттен кооздолуп жасалган тепкич өзгөчө көрк берип турат. Ал эми ашканасындагы жаңы технологиянын баасы эле 75 миң долларды түзөт. Андан тышкары Деми Мурдун уктоочу бөлмөсүндөгү керебет атайын платформанын жардамы менен 1-кабатка түшүрүлүп, каалаганда 2-кабатка чыгарылат.
Үйдүн баасы 4 миллион доллар.

ЭМИНЕМ
«Рэп музыка жанрынын падышасы» аталган Эминемдин ак сарайы Америкадагы өзүнүн туулуп-өскөн шаары Детройтко жакын жерден орун алган. Ырчы бул жай көңүлүнө төп келгендигин жана балалыгы ушул аймакта өткөндүгүн айтып өткөн. Үйдү 1987-жылы белгисиз бизнесмен курдурган. Үйдө 6 уктоочу бөлмө, 9 жуунуучу бөлмө, бассейн, теннис ойноочу жай жана жасалма шаркыратма жайгашкан. Үйдүн полу мрамордон жасалган.
Үйдүн баасы 5,85 миллион доллар.

ЖАСТИН ТИМБЕРЛЕЙК
Жаш жылдыз Жастиндин ак са­­райы да талапка ылайык жасалган. Үйдө 5 уктоочу жана 8 жуунуучу бөлмө бар. Андан тышкары коноктор үчүн атайын өзүнчө бөл­мө ырчынын табитиндегидей жасалган. Жастиндин жашоосунда спорт чоң роль ойногондуктан, өзүнчө спорттук зал, теннис аянтчасы да бар. Бул үйдөн тышкары ырчынын Флоридада дагы үйү бар.
Үйдүн баасы 4 миллион доллар.


Орус жылдыздары байыгандан кийин мекенинен тышкары чет өлкөдөн үй сатып алышууда. Алардын үйлөрүнүн жасалгасы чет өлкөлүк жылдыздардыкындай болбосо дагы суктанууга арзыйт.

КРИСТИНА ОРБАКАЙТЕ
Примадоннанын кызы Кристина Орбакайте океандын жээгинен эки кабаттуу үй сатып алган. Кристина күндү жана көлдү жакшы көргөн­дүктөн, үйүндө атайын пляж бар. Үйдүн ичиндеги эки бөлмө балдарга арналган. Океан терезеден көрүнүп турат. Келечекте Кристина бул үйдү уулу Никита Пресниковго белек кылмакчы.
Үйдүн баасы 2,5 миллион доллар.

ЛЕОНИД жана АНЖЕЛИКА
Түгөйлүү жылдыздар Леонид Агутин жана Анжелика Варум мурда Майамиге эс алуу үчүн гана барышса, азыр ал жакта көп убактыларын өткөрүшөт. Алар кызы Лиза төрөлгөндөн кийин үчөөнө эс алуу ыңгайсыз болгондуктан, үй сатып алууну чечишкен. Эми түгөйлөр бир жылда эки жолу Майамидеги үйүндө эс алышат.
6 бөлмөлүү үй океандын жээгинде жайгашкан. Ал эми үстүңкү кабатынан кызынын бөлмөсү жана Леониддин кабинети орун алган.
Үйдүн баасы 1 миллион доллар.

ВАЛЕРИЙ ЛЕОНТЬЕВ
Орус жылдыздарынан алгачкылардан болуп Валерий Леонтьев чет өлкөдөн үй алган. Ал эми бул демилгени көтөрүп чыккан артисттин аялы болгон. Майамиде жайгашкан эки кабаттуу үй ырчынын эс алуучу жайы.
Үй «сафари» стилинде жасалгаланган. Башкача айтканда, айбанаттардын терилери, кеби менен кооздолгон. Ал эми 2- кабатында ырчынын уктоочу бөлмөсү жана зор китепкана жайгашкан. Ал эми короосунда чоң бассейндин жанында бир нече крокодилдердин скульптурасы бар.
Үйдүн баасы 1,5 мил­лион доллар.

НИКОЛАЙ БАСКОВ
«Алтын үндүү ырчы» аталган Николай Басковдун Испаниянын Барселонасында өзүнүн үйү бар. Көп учурда чыгармачылыгы боюнча Испанияда жашоого туура келгендиктен, ырчы жубайы Светлананын сунушу менен үй сатып алган.
Үйдүн жасалгасын Николай Басков байыркы орустардын стилинде жасалгалаткан. Анын үйүнө токулган кресло жана зор камин көрк берип турат. Ал эми уулу төрөлгөндөн кийин балдардын бөлмөсүн кооздоткон.
Үйдүн баасы 1 миллион доллар.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Siren90
2020-08-03 11:09:38
Бизге да жуксун
0
Jaka78
2020-08-04 07:25:31
Аллахым бизге да насип кылсын
0
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан