ЛИНЗА – КӨРҮНБӨГӨН КӨЗ АЙНЕК

Көз айнекке болгон муктаждык айрым учурда ыңгайсыздык туудурат. Сынып калат, бууланып кетет, жоголот дегендей. 1888-жылы Адольф Фикни аттуу окумуштуу бул маселеден арылууда линза мыкты чечим боло аларын айтып чыккан. Ал кезде линзалар айнектен болгондуктан, көздү өйкөп, ыңгайсыздык жараткан. 1960-жылы чехиялык Отто Вихтерле айнекти эмес, полимердин синтезин пайдаланып жумшак линзаны ойлоп тапкан.

ТҮРЛӨРҮ

  • Оптикалык (каректин кемчиликтерин оңдоо менен көрүүнү жакшыртуучу)
  • Түстүү (каректин түсүн өзгөртүү үчүн)

ТАНДОО
Кандай гана линза болбосун, аны тагынуунун астында сөзсүз офтальмологдун кароосунан өтүү керек. Ал сиздин көзүңүздүн абалын аныктап, линзага уруксат берет же тыюу салат.
Мөөнөт. Алгач канча убакыт тагына турганыңызды аныктап, мөөнөтүнө (1 күн, 2 апта, 1 ай, 3 ай, 6 ай, 1 жыл) карата тандоо керек. Канчалык тез алмаштырып турсаңыз, ошончолук көзүңүздү микробдордон сактайсыз.
Режим. Эми кандай режим сизге ылайык экенин аныктаңыз.

  • Күндүзгү (түнкүсүн чечип коюу керек).
  • Ийкемдүү (1-2 сутка чечпей тагынууга болот).
  • Үзгүлтүксүз (1 ай чечпей тагынсаңыз болот).

Эгер узак жол жүрө турган болсоңуз же конокко барсаңыз, чечпей тагына турганын тандаңыз. Шартыңыз туура келбей калса кийип-чечип жаткан учурда гигиена сакталбай калышы ыктымал. Ал эми башка учурда күндүзү гана тагынып, түнкүсүн чечип уктоо сунушталат.
Нымдуулук. Адамдардын көзү жаштуу, же тескерисинче, кургак болуп айырмаланат. Ал дарыгердин жардамы менен аныкталат жана ага жараша линзанын нымдуулугун (>50%, 50%, <50% деп белгиленет) туура тандоо керектелет.
Кычкылтек. Кычкылтекти (абаны) өткөрүмдүүлүгү Dk/t деген белги менен белгиленет. Силикон-гидрогел линзалары абаны мыкты өткөрө алгандыгы үчүн учурда эң мыкты деп эсептелет. Ал Dk/t=150-170ке чейин болот.

КОЛДОНУУ

  1. Линзаны тагынардын жана чечердин астында сөзсүз колуңузду самындап жууңуз.
  2. Оң колдун сөөмөйүнө линзаны этият илип алыңыз да, ошол эле колдун аты жогу менен көздүн астын тартып ачыңыз.
  3. Сол колуңуз менен көздүн үстүнкү сурмасын кармап туруп линзаны сөөмөй менен карекке жабыштырыңыз.
  4. Чечип алыш үчүн сөөмөй менен линзаны каректен бир аз ылдый жылдырып алуу керек.
  5. Андан соң этият чымчып алып чыгыңыз.
  6. Чечкенден кийин атайын идишке оң линзаны оң, сол линзаны сол жагына адаштырбай салуу керек.
  7. Идишке салынган линзалардын үстүнө атайын суюктук куюлат.
  8. Линзалар атайын суюктуктун ичинде эң аз дегенде 4 саат чыланып туруусу абзел.

... БОЛБОЙТ!

  • Түстүү линза менен унаа башкарууга
  • Глаукома (көз оорусу) менен жабыркагандарга тагынганга
  • Саунага, мончого, бассейнге түшүүгө
  • Тагынганга чейин көздү боёгонго
  • Линзаны же анын идишин кадимки суу менен жууганга

ЛИНЗА КӨЗГӨ ЗЫЯНБЫ?
Бишкек шаарындагы «Дин-Чин» оптика борборунун врач-офтальмологу САХАБАТ ЭРГЕШОВА:
– Эгер тазалыкты мыкты сактап, бардык шарттары туура аткарылса зыяны жок. Жашы 14-15ке чыккан соң линза тагынууга болот. Бирок көп жыл тынымсыз тагынып жүргөндөрдүн көрүүсү бузулуп кеткенин байкап келем. Андыктан линзаны сыртка чыкканда, кечеге барганда гана тагынууну сунуштайм. Башка маалда көз айнек кийгениңиз оң. Түстүү линзаларды колдонууга каршы эмесмин. Бирок гигиена сакталбаса же туура эмес тагынып алса, көздүн чел кабыгы жабыркайт. Коньюктивит, көрүүнүн начарлашы сыяктуу дарттарга кабылып калуу коркунучу бар.

БААСЫ
(Бишкек шаары)
Сапатына, мөөнөтүнө жана режимине карата баасы –
700-4000 сом

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Линзаны туура колдонууну билесизби?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Aiya-2012
2014-04-14 10:36:53
baardik sunushtarga koshulam! birok, linza algan firma menimche idishin jana suusun koshup berish kerek dep oyloym. antkeni men ar dayim linza koldonom,alsam 1 aydin 15 kunu linza koldonsom 15i koz aynek. anan da 1 aylik gana linzalardi satip alam jana suusu menen idishin beker berishet . albette men kyrgyzstanda emesmin!
+2
maestro123
2014-04-14 11:21:44
Менин зрением начар да мен колдонуп коргом линзаны. 1,5 айда козумду ички карасы агы бозоруп под плёнка оскон осумдуктой болуп аба кирбей козум кайра ооруп калган. Мен кайра такпай койгом. Коз да таза абадан дем алат экен антпесе болбойт тура. Ошентип такпай койгом. 2 жолу аракет кылсам да болбой койгон. Кенешим эн жакшысы коз айнек. Линзанын бир эле жакшы жери тунук жана даана корсотот. А так ото козду алсыздандырат экен билимсиз вакум менен.
+1
saltanat.
2014-04-14 13:18:38
Анда санда той топурга барганда тагынам. Жакшы көз оорубайт, болгону гигиенаны сакташ керек жогорудагыдай
0
uluk1982
2014-04-14 13:41:53
зренияны эч качан ондобойт! линза да коз айнек да! тагынбагылааа!!!!!!!!!!
+1
lastochka87.
2014-04-15 02:37:07
мен уйдо гана тагынам коз айнекти,кочого тагына бербейм себеби анча жарашпайт бирок кочодогу жазууларды айлана чойродогулорду жакшы коро албай кыйналып кетем.Эми линза тагынып кором,линзанын деле зыяны барго дейм.Рахмат кенешиниздерге!
0
karlik
2014-04-15 05:22:31
Кудай берген коз менен еле жургуло линза минзасы жок еле. Ото еле болбой баратса коз айнек такыла.
0
Sulaimanovna
2014-04-15 15:20:12
Линза колдонуучулар менен кандай байланышсам болот.
0
veneraaalieva
2014-04-15 18:45:44
Зрения начар болуп козун корбой калса тагынасын да айла жок!
0
peri...97
2014-04-16 16:15:33
Урматтуу супер сиздерден суранып кетет элем...пайдалуу кенеш рубликасына чипси жоноундо да маалымат берип коюнуздарчы,канчалык зыян,канчалык пайда экенин пайда деле болбош керек.мен кунуно бирден чипси жебесем тура албайм,магазинге кирсемда созсуз которуп чыгам...атам апам урушат алардан бекитип жейм,мурун такыр жактврчуу эмесмин,бир жолу ооз тийип коруп ошондон кийин чипси менен ооруп калдым....маалымат берип койсонуздар жакшы болот эле,алдын ала чоооооон рахмат...
0
admin_media
2014-04-16 17:01:13
peri...97,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
0
Mech.kg
2014-04-18 16:43:09
Коз айнек тагынгыла бале барбы линзада.
0
uluk1982
2014-04-19 13:43:46
жарым-жартылай чындык - ачык калптан да жаман.

- Так чындык деген болбойт.
- Ушул айткан чындыгың такпы?
- Жок, албетте...



Баары сага каршы чыгышы мүмкүн, бирок чындык - чындык бойдон кала берет.

Чындык гана чындап эркиндик алып келет.

Корксоң да чынын айт. Жалган сөз - дагы жалган сүйлөтөт.

Чындык аябай ачуу экенин баары билет. Ошондуктан көпчүл
0
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан