MEGACOM САПАТТУУ БАЙЛАНЫШТЫН КЕПИЛДИГИ

Бүгүнкү күндө MEGACOM уюлдук операторунун байланышы өлкөдөгү калк отурукташкан аймакты 95 пайызга камтыса, 2015-жылы аны 100 пайызга жеткирүү мерчемделүүдө. MegaCom`дун каржы-чарбалык ишмердүүлүгү жылдан-жылга өсүүдө, өткөн 2013-жылы бюджетке салык түрүндөгү жана башка төлөмдөр үчүн 1 млрд 822 млн сом которулган, бул туурасында журналисттер үчүн уюштурулган атайын маалымат жыйында компания жетекчилиги айтып берди.

КОМПАНИЯНЫН ИШИ ИЛГЕРИЛЕП, ӨСҮШ АЛГАН
Компаниянын жетекчиси Азат Базаркулов белгилеген- дей, былтыркы жылы компаниянын иши алга жылып, жыл жыйынтыгы менен алганда MegaCom’дун абоненттеринин саны 2,8 миллионго жеткен. Адистердин маалыматтарына таянсак, күнүнө 2 миңдей абонент аталган уюлдук операторду тандап, кызматын пайдалануу үчүн туташат. Ал эми компаниянын киреше бөлүгү болсо 8 миллиард 102 миллион сомду түзүп, 2012-жылга салыштыр- малуу 5,3 пайызга өсүш алган.

АЗАТ БАЗАРКУЛОВ, MegaCom компаниясынын башкы директору:
«MegaCom компаниясы абоненттердин мүдөөлөрүн биринчи орунга койгон, кардар таламдуу оператор катары таанымал. Өнөктөштөр менен байма-бай тажрыйба алмашып турабыз. Заманбап келечекке арыш таштап, өнүгүү жолундабыз. Компания абоненттерине мобилдик кызматтарды жана ыңгайлуу тарифтик пландарды сунуштап, жогорку сапаттагы тейлөөнү, туруктуу мобилдик байланыш жана маркетингдик кызматтардын кошумча топ- томдорун тартуулап келет».

МОБИЛДИК КЫЗМАТТАР
Мекендештерибизге мобилдик, заманбап кызыктуу кызматтарды биринчилерден болуп тартуулап, ыңгайлуу тарифтерди сунуштап келген компания, 2013-жылы заман талабына ылайык кызматтарды өз абоненттерине тартуулады.

МИРЛАН КАРАБУКАЕВ, маркетинг департаментинин жетекчиси:
– «Өткөн жылы «559» тарифтик планы ишке берилип, 400 миң абонент жаңы тариф менен пайдалана баштады.
Мобилдик кызматтардын эң кызыктууларын абоненттерибизге сунуштадык, атап айтсак, «Сен кайдасың?» кызматы сунушталып, жакын адамыңыздын жүргөн жерин
аныктап турууга мүмкүндүк берди, ар бир ата-эне үчүн балдарынын жүргөн жерин билип туруу маанилүү, ал эми атал-ган кызмат аларды көзөмөлгө алуунун эң ыңгайлуу жолу. Чексиз интернеттин түрлөрү сунушталды, абонентке өз керектөөсүнө жараша ыңгайлуу интернет топтомду тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Онлайн ТВ кызматы, башкача айтканда, MegaCom байланышы болгон жерден телеберүүлөрдү смартфондон көрүү мүмкүнчүлүгү сунушталып, бул кызмат да абоненттер тарабынан жылуу кабыл алынды. Үнөмдүү жана алдын ала төлөнүүчү роумингди мурдагыдан да ыңгайлуу жана арзан баада сунуштадык. Үстүбүздөгү жылы дагы да болсо эң кызыктуу жана ыңгайлуу тарифтерди сунуштайбыз».

ЗАМАНБАП БАЙЛАНЫШТЫ ЖАЙЫЛТУУ ИШИ УЛАНУУДА
2013-жылы өлкөдөгү калк отурукташкан аймактын 50 пайызы MegaCom 3,75G бай ланыш түйүнү менен капталган. 3,75G технологиясын ишке киргизүү менен бирге 2013-жылы MegaCom үчүнчү муундагы бардык базалык станцияларды IP-технологиясына өткөрүү долбоорун аяктаган. MegaCom абоненттеринин 20 пайыздан ашууну жогорку ылдамдыктагы интернет кызматтарынан колдонуп келүүдө. Аткарылган иштер тармактын маалыматты өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир кыйла жогорулатуу менен 4G LTE тармагын ишке киргизүүгө
негиз болууда.

НУРЛАН КУРМАНБАЕВ, радиопландоо бөлүмүнүн жетекчиси:
– «2013-жылы мурда байланышжок болгон айыл кыштактарга базалык станцияларды орнотуп, онмиң деген элеттиктерди уюлдук байланыш менен камсыз кыла алдык. 2G стандартындагы 200 базалык станция ишке берилди. Мобилдик интернет менен колдонгондордун саны көбөйүүдө, интернеттин ылдамдыгы секундасына 42 Мбитке жетти. Бул иш-аракеттер өз кезегинде уюлдук операторлордун ичинен алгачкылардан болуп Чүй өрөөнүн, ордо калаабызды 3-муун байланышы менен камсыз кылуусуна түрткү берди.
3G менен Кыргызстандын ири шаарлары камтылды. Үстүбүздөгү жылы 3G байланышын жайылтуу ишин улантабыз».

СОЦИАЛДЫК ДОЛБООРЛОР, ДЕМӨӨРЧҮЛҮК ЖАНА КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕР
MegaCom оператору элди байланыш менен камсыздоодон тышкары, аймактарды колдоо максатында жеке социалдык долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууда.
Алыскы айыл мектептерин заманбап техника менен камсыз кылуу максатында ишке киргизилген «Mega Билим» долбоору 2013-жылы аяктады. Жыйынтыгында, республика боюнча 143 орто мектепте компьютердик класстар ачылып, долбоорго катышкан мектеп окуучулары интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. MegaCom компаниясы Кыргызстандагы спорт тармагынын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп, кикбоксинг, шахмат жана күрөш сыяктуу улуттук спорт федерацияларынын демилгелерин колдоп келүүдө. «Mega Футбол» долбоорунун алкагында Баткен шаарында чакан футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. MegaCom компаниясынын көмөгү менен Талас шаарындагы борбордук стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ардагерлерди колдоо акциясынын алкагында, республикадагы 1000 ардагерге 9-май – Жеңиш күнүнө жана 1-октябрь –
Карылар күнүнө карата акчалай сыйлыктарды тапшыруу салтка айланган. Бөбөктөргө кам көрүү максатында Кыргызстандагы 4 балдар үйүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү иш-чаралары өткөрүлүп келе жатат. «MegaCom Аллеясы» долбоорунун негизинде Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун айланасы
жашылдандырылып, 600 чарчы метр жерге таш төшөлгө төшөлүп, чатырча курулуп, отургучтар орнотулган. Мындан тышкары Оштогу чек ара бөлүмүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк» аскер ооруканасынын чатыры алмаштырылып, капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү. Бул демилге аркылуу компания өз мекенинин коргоочуларына
өзүнүн урматтоосун билдирди.

ТУРУКТУУ НАРК САЯСАТЫ
2013-жылда өлкөбүздөгү бардык уюлдук операторлор сатуу салык наркын 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулаткандыгына карабастан, MegaCom абоненттери үчүн таасир бер- ген эмес. Мындан тышкары ММКдагы акыркы маалыматтарга карабастан, MegaCom абоненттери үчүн төлөмдөрдү аткаруу наркы өзгөргөн эмес. MegaCom абоненттери үчүн мобилдик эсептин балансын толуктоо мурдагыдай эле 5 сомдон жогору болбойт.

SIM-КАРТАЛАРДЫ ПЕРСОНИФИКАЦИЯЛОО
Өкмөттүн токтомуна ылайык, мындан ары кыргызстандыктар уюлдук оператордун кызматын пайдаланууда номерди каттоодон өткөрүүсү зарыл. MegaCom компаниясы персонификациялоо боюнча мамлекеттин демилгесин колдоо аркылуу, абоненттерге оператор менен келишим түзүүнүн зарылдыгын маалымдап келет.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
peri...97
2014-04-14 11:06:06
Ммммм ишинерге ийгилик осо бергиле дагы
0
uluk1982
2014-04-14 15:48:22
4G иштеткиле!
0
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан