Адатта атактуулардын үй-бүлөсү көпчүлүгүбүзгө кызык. Бүгүн биз атактуулардын балдары жөнүндө кеп козгойбуз.
«МЕНИ «ЖЕКИ ЧАНДЫН УУЛУ» ДЕБЕГИЛЕ»
Белгилүү гонконгдук актёр Жеки Чандын уулу Жейси Чан атасынын жолун улап, учурда өзүн кинодо сынап келет. 32 жаштагы Жейсинин балалыгы АКШда өткөн. Атасын майрамдарда гана көрүп, бала кезде досторуна «Жеки Чандын баласымын» деп мактангысы келчү экен. Жеке жашоосун сыр тутууну туура көргөн Жеки Чан уулу Жейсини 15 жашында эл көзүнө алып чыккан. Уулу тууралуу Жеки «Кээде уулумду аябай сагынып, көргүм келгенде жолугабыз, бирок жолукканда маанайым түшөт. Анткени анын жашоого болгон мамилеси түшүнүксүз. Билбейм, азыркы жаштардын баары эле менин уулумдайбы, бирок Жейси аябай жалкоо» деп айтканы бар. Жейси 2003-жылы апасы Жоан Лин менен Гонконгго көчүп келип, ырчылык карьерасын баштап, бир нече альбом чыгарганга үлгүрөт. Андан соң кино тармакка өтүп, учурда 10го жакын кинодо роль жаратканга жетишти. Көпчүлүк кытайлыктар Жейсинин чыгармачылыгындагы ийгиликтерин атактуу атасына байланыштырышат. Бул тууралуу Жейсинин «Мен атамдын көлөкөсүндө 23 жыл жашадым. Жакында Гонконгдо өз атымды жасайм. Ошондо мени «Жеки Чандын уулу» деп айтпагыла» дегени бар.
АПАСЫНЫН СЫНЫНАН КОРККОН АЛИ ОКАПОВ
«Атактуунун баласы болуп туруп, популярдуу болуу оңой эмес, тескерисинче, эки эсе көп иштегенге туура келет. Апам мага эч качан анын атактуулугун пайдаланганга жол берчү эмес. Ал талапты катуу койгон адам, анын сынынан аябай корком» дейт Казакстандын белгилүү ырчысы Роза Рымбаеванын уулу Али Окапов. 23 жаштагы Али Окапов учурда Казакстан шоу-бизнесинде өз атын түптөп келе жаткан таланттуу ырчылардын бири. Кичинесинен «пианист болом» деп чоңойгон Али шоу-бизнеске кокусунан келген эмес. Ырчылыкты башында хобби катары көрүп жүрүп, кийинчерээк жан дүйнөсүнө жакын экенин түшүнүп, олуттуу алектене баштаган.
ЖОРУКТАРЫ АТАСЫНАН КЕМ ЭМЕС ПЭРИС ЖЕКСОН
Тирүү легендага айланган Майкл Жексон балдарынын бетин көрсөтпөй, көбүнчө бет кап менен жаап жашырчу. Ырчы каза болгондон кийин гана анын балдары папараццичилердин башкы «кенчине» айланган. Ырчынын 16 жаштагы кызы Пэрис Жексон учурда атасынан кем калбай, басылмалардын негизги жаңылыктарынан орун алып келет. Өспүрүм кыз кан тамырын кесип, өз өмүрүнө кол салган жоругу менен басылмаларды дүң кылган. «Анын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрү да катуу депрессияда жүргөн адамдын түрүнөн кабар берет» дешет айрымдар. Муну кээ бир сынчылар Жексондун туугандарынын жасаган пиары десе, кээ бирлер кадимки өткөөл куракта кездешчү жагдай деп эсептешет.
ШАХРУХ ХАНДЫН УУЛУ ДА АКТЁР
Болливуд актёру Шахрух Хандын 17 жаштагы уулу Арьян өз өлкөсүндө аты чыгып келет. Индиядагы көпчүлүк жарнамалык роликтерден дал ушул атактуу актёрдун баласын кезиктирсеңиз болот. Арьян жаш экенине карабай теледе дебютун жасап, драмалык киного тартылганга жетишкен. Бирок атасы уулун такшалсын, ашыкча көздөрдөн, сөздөрдөн оолак болсун деп Лондонго окууга жиберген. Табиятынан уялчаак жигит Арьян кинодогу карьерасын дал ушул Лондон шаарынан улантууну чечиптир.
ӨГӨЙ АТАСЫ ЭШТОН КАТЧЕР МЕНЕН ДОСТОШКОН РУМЕР УИЛЛИС
Белгилүү голливуд актёрлору Брюс Уиллис менен Деми Мурдун 26 жаштагы кызы Румер Уиллис дагы актриса. Маалымат булактарында Румер менен сиңдиси Скаут экөө апасы Деми Мурдун жаш жигитти тандап кеткенин көпкө чейин кечире албай жүрүшкөнү көп жазылган. Бирок кийин Деми улуу кызы Румер Уиллис менен мамилесин калыпка келтирген, ал эми кичүү кызы Скаут таарынычы менен калган. Ошондон улам эже-сиңди Румер менен Скауттун мамилеси салкын экени айтылат. Мындан сырткары, Румер өгөй атасы Эштон Катчер менен апасы экөө ажырашып кеткенден кийин да достук мамилесин сактап калган, кала берсе, америкалык басылмалар Эштон өгөй кызына үй сатып бергенин жазып чыгышкан.
Лунара Бекиева
star@super.kg