КАЗАК АЖОСУН СУКТАНДЫРГАН АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА

«Роза гүлү», «Кызыл гүл», «Ак куу белең, айперим?», «Тоо булагым – арманым» деген ырлар кезинде хит болгонун көпчүлүк тана албайт. Канча жыл өтсө да ал ырларды жакшы көрүп уккандардын саны арбын. Бул ырлардын аткаруучусу Айчүрөк Иманалиева 25 жылдан ашуун сахнада келе жатат. Айчүрөк деген ат жумурай журтка кандай баскычтар менен таанылды, ким колдоду, кимдер бут тосту? Атактуу бул ырчынын өмүрүнөн сүртүмдөр.

«АПАМДЫН МУГАЛИМИ МЕНИ ДА ОКУТКАН»
-8-классты аяктагандан кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырдым. Тагдырдын буйругу да, апам сабак алган Елизавета Коноваловага туш келиптирмин. Эжей мени карап отуруп «мен бул кызды бирөөгө окшоштуруп жатам, мага бергиле, фамилиясы да тааныш» деген. Ыраматылык апам Сафинанын фамилиясы да Иманалиева болчу. Мен төрөлгөндөн кийин атам экөө ажырашып кетип, мени таене-таятама берген экен. Өзү турмушка чыгып, Улуттук филармонияда иштеп жүрдү. Эсимде, мектепте окуп жүргөндө «мына, апаң чыкты» дешсе чуркап келип телевизорду карап калчумун. Бирок көп иштей алган жок, анткени автокырсыкка кабылып, үч жолу башына операция жасалып, көз жумду.

«КҮЙӨӨМ ЫРДАБАЙСЫҢ, САГА КҮЙӨ ТУРГАН ЭЧ КИМ ЖОК ДЕЧҮ»
-Бийди дагы аябай жакшы көрчүмүн. Күрөңкеевди аяктаган соң бий ийримине катышам деп жүрүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырдым. Ошол жерден Аргендин атасы Такен менен тааныштым. Ал ошол жакта бийден сабак берчү. Мен 18де, ал 40ка чыга элек болчу. Бийчи деген ушундай болот турбайбы деп Такенди башкача сезим менен кабыл алыптырмын, көзүмө укмуш эле көрүндү. Үй-бүлөсү менен ажырашып кеткен экен. Чогуу түтүн булатып калдык.
1987-жылы уулум төрөлдү. Атын атасы Арген деп койду. 1989-жылы «Ала-Тоо периси» сулуулар сынагына катышып, 12 кыздын ичинен 1-орунду алдым. «Ак Мөөр» деген наам менен чет өлкөгө 2 кишилик жолдомо беришкен. Такен жибербейм деп жолдомону сатып ийген. Ушул сынак менин багымды ачты. Сынакта комуз менен ырдаганымды көргөн «Жаштар» театрынын өкүлдөрү мени артист кылып алышты. Ошондон баштап Такен экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер чыкты, көз караштар эки беткей боло баштады. «Ырдабайсың, сен эч ким боло албайсың, сага күйө турган, колдоо көрсөтө турган кишиң жок, үйдө отурасың» деди. Көзү өтүп кеткен кишини жамандагым келбейт, бирок чыгармачылыгыма салым кошту деп айта албайм. Экөөбүздүн жашообуз жөнүндө айткан акыркы интервьюсу өзүнө да оор тийди го дейм. Арген окуп алып «эмне дейт, апа, сиз андан балама деп жардам сурабасаңыз, окуума, ар кандай маселеме сиз жалгыз чуркасаңыз, бул эмне деп айтканы?» деп ачууланды. Ошондо биринчи жолу атасына телефон чалды. «Ата, кандайсыз, мен – Арген, эмне деп айтканыңыз, сиз эркексиз да?!» дегенде эле «балам, мен апаң экөөң жөнүндө туура эмес сүйлөп алыптырмын, кечирип койчу» деп ыйлап кирди, басылмалар аркылуу дагы кечирим сурады.

«РОЗА ГҮЛҮНӨН» УЛАМ ТОП ТҮЗҮЛГӨН»
-Мени ырчы катары «Жаштар» театрына алгандан кийин жетекчилик эстрадалык топ түзүш керек деп композитор Тарас Асанакуновду жумушка чакырышты. Тарас агай «Роза гүлүн» жазып берди. Ыр хит болуп кеткенде театрда «Роза гүлү» деген топ ачылды. Убакыттын өтүшү менен улам бир ырым хит болуп, элге алынып кеттим.
«Жаштар» театрында иштеп калганда Такен менен ажырашып, балам экөөбүз батирде жашап калдык. Театр боюнча эң аз эмгек акы меники эле, анткени Москвадан бүтүп келгендер көп алышчу. Гастроль менен Кыргызстанды түрө кыдырабыз. Баламды жаныма алам. Апама көп деле таштачу эмесмин, анткени анын өзүнүн үй-бүлөсү, балдары бар дегендей. Бир жолу түштүк тарапта жүргөнүбүздө кайнап жаткан чайнек төгүлүп, Аргендин бир капталы күйүп калды. Жаңы эле чай ичели деп баарыбыз бөлмөгө чогулганбыз. Балам 3тө болчу, келип оюнчук алам дедиби, түшүнбөй калдым. Үч күн жандандыруу бөлүмүндө жаттык, анан учак менен борборго салып жиберишти. Ал күйүк менен 40 күн кыйналдык, тагы кетпей калды. Көп өтпөй «Жаштар» театрынан чыгып кеттим. Анан «Инсан» тобу чогуу иштейбиз деп чакырып калышты.

«АЛГАЧКЫ КОНЦЕРТИМДИ «ИНСАН» ТОБУ МЕНЕН БЕРГЕМ»
-«Инсан» тобунда жүргөнүмдө бир топ хит ырларым жаралды. «Кызыл гүл», «Тоо булагым – арманым» сыяктуу ырларыма Эркин Мээрканов аранжировка жасап берди. Топтун ырчысы Ырыскелди Осмонкулов болчу. Жарым жылга жетпей алгачкы жеке концертимди «Инсан» тобу менен бердим. Эл залга батпай турду. 2 жыл чогуу иштешкенден кийин топтон чыгып, «Айчүрөк» эстрада театрын ачтым.
«Күлүк тушунда» дегендей, эл оозуна алынып калган соң иштейм деген жаштар өздөрү келишти. Мен аларды жан дилим менен кабыл алдым. Жаныбыз тынбай гастролдой баштадык. Келген элдин көптүгү, колдоосу баарыбызга дем, күч-кубат берип, катуу иштедик. Ошондо эң мыкты костюмдарды тиктирдим. Үй-бүлөм менен чогуу ырчылыгымды алып кеттим. Айта кетиш керек, баарына өз күчүм, аракетим менен жетишип келем. Тажрыйбамды жаңы чыгып келе жаткан муунга үйрөтүү максатында кичинекей балдардан баштап өспүрүмдөргө чейин тарбиялайын дедим. Канчалаган эне-ата мага балдарын алып келишти. Алардын айрымына абдан эле жардамымды бердим, элге тааныттым. Кайра кандай жооп алганыма эл-журт күбө.

«БИЗДИ АЖЫРАШТЫРЫП ЖИБЕРИШТИ»
-1992-93-жылдары Жамиля Муратова Улуттук каналдагы бир көрсөтүүсүнө чакырып калды. Таалай да барып калыптыр. Ал кезде бир телеканалдын алдыңкы диктору болчу. Жылдызыбыз келишип, телефон номерлерибизди алыштык. Бир күнү «туулган күнүм, жолугалы» деп калды. «Макул, келсең кел» дедим. Эртеси Аргендин туулган күнү болчу. Сүйлөшкөнүбүздөн 10 мүнөт өтүп-өтпөй эшиктин коңгуроосу басылды. Үйүмдүн дарегин деле айткан эмесмин, балама жумшак оюнчук, шампан көтөрүп алып Таалай келди.
Ошол күндөн баштап ушул күнгө чейин чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 22 жыл болду. Ушунча жыл чогуу жүрүптүрбүз, жадакалса чет өлкөгө чыкканда да чогуу болдук. Жарым жылдан бери Таалай Аэлитаны, Арленди окууга, андан ары ийримдерге алып баргандыктан, мен Арген менен жүрүп калдым. Ошондон улам бизди ажыраштырып да жиберишиптир. Учурда 2 уул, бир кызды тарбиялайбыз. Ортодо сый-урмат, бири-бирибизге ишеним чоң.

«Аргеним жакында келиндүү кылам деп жүрөт. Аэлита ырга-бийге, сүрөт тартууга жөндөмдүү, Арлен байкеси экөө бокс менен машыгышат, англис-кытай тилдерин үйрөнүп жатат».

Арген Иманалиев, баласы:«КЫЗДАР АПАҢ МЕНЕН ЧОГУУ ЖАШАЙСЫҢБЫ ДЕП СУРАЙ БЕРИШЕТ»
-4 жашымдан 4-5-класска чейин ырдап апам менен чогуу гастролдодум. «Ак бантик», «Жарамазан» деген ырларды ырдаганым эсимде. Алгач апам ырдап берчү, мен артынан кайталачумун, анан концертке чыкчумун. Апам «кабыл алуу жөндөмүң күчтүү» деп калчу. Кийин ойлосом, апамдын аркасы менен мен дагы атактуу болуптурмун. Кайсы айылга барбайлы, мен теңдүүлөр гана эмес, чоңдор дагы Арген деп жакшы көрүп, мени менен сүйлөшкөнгө аракет кылышчу. «Гастролдоп кетсек окуудан аксайсың» деп кийин ырдатпай койгон. Эне катары да эмгегин өтө жогору баалайм. Менин ар бир ийгилигиме сүйүнөт, дайыма мактап турат. Азыр мени «Иманалиеванын баласы» деп эч ким тааныбайт, каалагандай жүрө берем. Кээде кыздар менен таанышып калганда достор айтып коюшат. Алар «чын эле Аргенсиңби, апаң менен чогуу жашайсыңбы?» дей беришет. Анан «ооба, чогуу жашайм» деп баарын айтууга туура келет.

Ырыскелди Осмонкулов, сахналашы:«АЙЧҮРӨК КЫЙЫН БИЙЛЕЧҮ»
-Мен «Инсан» тобунун ырчысы болуп жүргөнүмдө, 1994-жылы биздин топ Айчүрөк менен чогуу иштешип калдык. Эркин бир топ ырларына аранжировка жасап берген. Абдан өжөр, жасайм дегенин жасаган, жетем дегенине жеткен аракетчил аялзаты, кыйын да бийлечү.


 


Асан Жакшылыков, акын:«БАШ БАЙГЕНИ АЛБАЙ КАЛЫП НААРАЗЫ БОЛГОН»
-Айчүрөк менен «Ала-Тоо периси» деген сулуулар сынагында таанышып калдым. Мен калыстар тобунун мүчөсү элем. Алдыда келе жатып эле, акыркы тапшырмаларда артта калып калды. Ошондо менден «эмнеге мындай болуп калды, алдыда келе жатпадым беле?» деп сурады. Мен чынында Айчүрөккө тартып жаткам. «Коё тур, сенин атагыңдын үстүнөн иштейбиз» деп жубаткам. Мен сөзүн, Тарас Асанакунов обонун жазып «Роза гүлү» деген ыр жараттык. Кимге деген суроого келгенде «Айчүрөк деген таланттуу кыз бар, ошого ылайыктуу» дедим. Ошол ыр менен чын эле катуу чыкты. Азыркы кезге чейин кызматташып келебиз.

 


Шахрезада Аскарова, сахналашы:«НАЗАРБАЕВ АЙЧҮРӨКТҮ КАЗАКСТАНГА АЛЫП КЕТЕМ ДЕГЕН»
-1990-жылдардын ортосу болсо керек, мен, Айчүрөк, Асел Турдалиева болуп Аскар Акаев менен Нурсултан Назарбаевдин эс алып жаткан жерине, Ысык-Көлдөгү Григорьев капчыгайына барып ырдап калдык. Ошондогу Айчүрөктүн костюму анын сулуулугуна, жаштыгына ого бетер көрк берип турду. Айлана жашыл шибер, сыдырым жел, Айчүрөктүн аппак көйнөгү, элде жок шөкүлөсү жаратылышка айкалышып эле жатып калды. Нурсултан Назарбаев Айчүрөккө катуу суктанды, жактырды. Кайра-кайра колунан өөп, жакындан таанышкысы келди. «Мен сизди Казакстанга алып кетем, макулсузбу?» деп да салды, анда Таалай экөө катуу сүйүшүп жүргөн учур эле. Таалай аны байкап таарынып, өзүн ашыкча сезип алган. Бир убакта колуна тамеки, сыра көтөрүп Назарбаевдин жанына келип калды. Айчүрөк «таанышып алыңыз, жолдошум» деп Таалайды тааныштырган эле. Эгерде Айчүрөктүн ордунда азыркы кыздар болсо, жигитин унутуп эле президентти жандап калышмак. «Кандай гана мүмкүнчүлүктү коё бердиң, мындай жагдай кыздардын баарына буюра бербейт» деп көпкө тамашалаганбыз.

Таалай Орозкулов, жолдошу:«АЯЛЫМДЫН КӨЛӨКӨСҮНДӨ КАЛДЫМ ДЕП ОЙЛОБОЙМ»
-Айрымдар Айканын көзүн, ырын, атактуулугун сүйсө, мен Айчүрөк деген адамдын өзүн сүйөм. Дайыма чогуу жүрөбүз да, ошондон улам «24 сааттын ичинде 25 саат чогуу жүрөсүңөрбү?» деп тамашалагандар бар. Мен орус мүнөзмүн, «бул Айканын иши, мен жасабашым керек, уят» деп бөлүнбөйм. Алып баруучу катары келишимдик негизде иштейм, чарчаганда Айкага жардам берем. Мен деле убагында атактуу болгом, бирок мага атактуулук жаккан эмес. Ошондуктан атактуу аялдын көлөкөсүндө калдым деп ойлобойм. Жаңы ыр жаздыруу керек болсо, менден эле эмес, балдарынан да сурап чыгат. Мен чынында музыканы түшүнбөйм, ошондуктан «бул жакты, бул жаккан жок» деп гана айтам. Калганын өзү чечет.



«Ала-Тоо периси» сулуулар сынагында алдыда келе жатып эле, чечүүчү мезгилде артта калып калгам».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (75)
merim
2014-04-24 01:45:05
АА кечиресиз кордум жаман жаш экен го!
0
flygirl
2014-04-24 13:12:23
Куйоосу,балдары, кызы озу да сулуу экен. Бактылуу болушсун!
+2
miia
2014-04-24 22:37:49
Гулнурга жеткен да жетпеген да бар,
0
baitumar
2014-04-25 09:02:03
miia, Адашып кирип алдын окшойт. Гулнур эжебизге ХХХ ХХХ ХХХ кичине ойлонуп жазсан. Уй-булолуу Айчурок эже менен Гулнурду салыштырганга болбойт. Анын уй-було кура албаганына сен же мен кунолуу эмес та. Демек характеринде жатат.
+1
admin_portal
2014-04-25 09:12:54
baitumar - эскертүү!
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
baitumar
2014-04-25 09:05:38
Уй- булосун коруп козун тоет. Куйосу, балдары, кыздары кандай керемет. Коп кыздарга улгу боло алат. Жеткен да, жетпеген да бар деп Айчурок ИМаналиеваны айтса болот. Кыргыздын жоп-жонокой иштерман кызы.
+1
Chtc
2014-04-25 12:19:49
Ар ким өз эмгегинен баар тапсын!
+2
arishka
2014-04-25 18:51:44
Азамат эжеке!
+2
syrgak90
2014-04-26 20:14:17
Бактылуу уй було. Бар болгула.
+1
samarbek91
2014-04-26 20:15:43
Шахрезада эже азаматсыз. Шай шай шай койнокчон деген ырынызды ырдабай калдынызго?
0
matteraza
2014-04-27 19:05:24
Айчуроктун башыынан коп кыйынчылыктар откон аялдыкбактысын табууда да кыйналган коп создор илешкен бардыгына козун жумуп терикпей женген жакшы адамга соз жабышат жаман адамга чоп жабышат деген соз бар куйосу да жакшы бала суротундо Айчуректин баласындай болуп калыптыр бирооооок
0
matteraza
2014-04-27 19:06:38
Айчуроктун башыынан коп кыйынчылыктар откон аялдыкбактысын табууда да кыйналган коп создор илешкен бардыгына козун жумуп терикпей женген жакшы адамга соз жабышат жаман адамга чоп жабышат деген соз бар куйосу да жакшы бала суротундо Айчурект
ин баласындай болуп калыптыр бирооооок
0
birimdik
2014-04-29 19:37:11
Айчурок апчебиз жездебизди жакшы багып жаткан чыгаарда. Ошондуктан жаш корунот. Озу деле 18 жашар кыздай болуп турбайбы. Бактылуу болушсун!
0
arishka
2014-04-29 19:38:40
Балдары татынакай!!!
0
fanisa
2014-06-17 19:03:53
Айчурок Иманалиеванын адамдык сапатын абдан баалайм
0
fanisa
2014-06-17 19:04:48
Мыкты айым
0
klava
2014-06-17 19:06:57
жакшыныкай уй-було экен
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан