Жаныбек Алыкулов:«АРАК ИЧИП КЕЛСЕМ ҮЙДӨГҮЛӨРГӨ ТРАГЕДИЯ»

«Шорпо» десе баары Жаныбек Алыкуловду таанышат. «Мурун Шорпо дешсе кызыктай боло берчүмүн. Азыр антпесе капа болом» деген куудул, пародист Жаныбек мырзанын жашоо барактарына көз чаптырдык.

Туулган жери – Аксы районунун Жаңы-Жол айылы
Туулган жылы – 1960-жыл
Үй-бүлөсү – төрт уул, эки кызы бар
Билими – Ош педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган

– Жаныбек мырза, сиздин чыгармачылык чыйырыңыз кандайча башталды?
– Менин атам куудул, апам кошокчу болгон. Атамды айылдагылар «ходячий анекдот» деп аташчу. Апамды болсо кайсы жерде киши каза тапса, чакыртып кошок айттырышар эле. Бала кезден эле бирөөнү туураганга жакын болчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле КВН, райондогу кароо-сынак, фестивалдарга катышар элем.
Окууну аяктаган соң Беларуска кызмат өтөгөнү кеттим. Барганыма 10 күн болгондо аскердик бөлүмдүн туулган күнүн белгилеп, баарыбыз салтанаттуу параддан өттүк. Биздин «запевалабыз» (ырчы) ооруп калгандыктан, ордуна командир мени дайындап койгон эле. Беларустар чоң-чоң болушат экен. Алардын башында кичинекей болуп чыйылдап ырдап жатсам, командир бир сыйра карап койгон. Андан кийин так биздин ротаны «дагы бир жолу өткүлө» деп жатпайбы. Негизи уставда андай жок. Дагы бир жолу өттүк, мени эле тиктеп туруп алды. Ротаны чакырып баарыбызга алкыш жарыялап, мага «жакшы аткарганыңыз үчүн 10 күнгө мекениңизге барып келүү үчүн өргүүгө жөнөтөбүз» деп күтүлбөгөн жерден кубантты. Мындай тарыхта болгон эмес экен. Аянтта турган 1500 солдат уу-дуу болуп кетишти. Апам бир айдын ичинде барганыма да ыраазы болбой «сен ар ишемби-жекшемби күндөрү келип турам деген элең го» деп ыйлап алыптыр. Мына ошол окуяны чыгармачылыгымдагы эң чоң жетишкендик деп эсептейм. Аскерден кийин Москвадагы комсомолдук мектепке жолдомо алып, эки жыл окудум. Ал жогорку билим болбогондуктан, Ош педагогикалык институтунан билимимди уланттым.
Окууну аяктаган соң «Миң кыял» деген эстрадалык топто алпаруучу болуп жүргөндө «Мыскыл жана тамашага» чакырышты. Аны алып барып, биротоло куудулдук өнөргө өтүп кеттим.

– Сиздин популярдуулугуңуз кайсы жылдарга туура келди деп ойлойсуз?
– «Мыскыл жана тамашага» 1985-жылы алпаруучу болуп чыккам. 87-88-жылдары ошол долбоордун адамы катары кабыл алындым. Чынында ал убакта акча көп түшчү, эл көп келчү. Ортодо эпчилдер чыгып, акчага азгырылып, долбоордун баркын кетиришпедиби. Башында бир жылда эки жолу концерт берсек, кийинчерээк эки киши бөлүп алып, жылына төрт жолу коюлуп жатты. Алардын кимисине барышыңды билбейсиң. «Сеники, меники жакшы» деген атаандашуу, интрига башталды. Анан бизге да акчаны азыраак төлөп калышты. Анекдот айтканды билген, көчөдөн келген балдарды сахнага чыгарып, «Мыскыл жана тамашанын» деңгээлин түшүрүп салышты. Ошондуктан кол шилтеп долбоордон чыгып кеттим.

– Гастролдордо кандай кызыктарды баштан өткөрдүңүздөр?
– 1990-жылдарда элдин жашоо-тиричилиги төмөндөп баштабады беле. Ал мезгилде элде акча жок эле. Ошол жылдан баштап биз картошка, көмүр, жумуртка, күрүч, буудайга концерт коюп жүрдүк. «Өнөрлүү өлбөйт» деген ошол болсо керек, алган азыктарды өз ара бөлүшүп же тамак жасап жейт элек. Айрым айылдарга гастролго барганда, бизди клубу жок уй сарайларга алып барышат эле. Сарайда туруп алып ырдап жатсаң бирөөсү тезек менен урат, көрбөй каласың да жалтанып коюп же буйтап ырдай бересиң. Сарайларда кенелер көп, тырманып коюп уланта берчүбүз. Ал кез өзүнчө кызык эле.
Бирөөлөр мейманга чакырат. Барбай койсоң мылтыкты кезеп үйүнө алып барат. «Атайын чакырсам келбейсиң» деп жаман көрүшөт. Эт салып койгон болсо эти таңкы саат 5-6да бышат. Үргүлөп, көзүң илинип баратканыңа карабай ырдап отурушуң керек. Антпесең сыйлабагандык болуп калат. Ичимдик ал кезде тартыш болчу. Ар кандайын алып келишчү, ичпесең капа болушар эле. Ичип алып башың ооруйт, бара-бара кызыгына кирип кетесиң. «Артисттердин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт» деп коюшат. Кээде машина бузулуп, орто жолдо ачка калчубуз. «Шорпо» деген ырым ошондой учурда чыккан. Нарындан концерт коюп келе жатып, Бишкек менен бир айылдын ортосунда машинабыз бузулуп калды. «Чыгармачыл киши ачка болсо таланты козголот» демекчи, ушул ыр ошондо жаралды. Бул ыр менен бир жолу сахнага чыгып, ошол боюнча эл арасында «Шорпо» аталып кеттим. Башында бул атты укканда көнө албай жүрдүм. Кийин эле көнүп калып, азыр «Шорпо» дешпесе капа болом.

– Эми жеке жашооңуздан кеп салсаңыз. Бойдок кезде кыз жандуу белеңиз?
– Мен көбүнчө 8-мартта кыйналып калчумун. 23-февраль эрте келет эмеспи. Бир жолу студент кезде Токтогулда иштеп жүргөндө 30 сакал алгыч белекке алдым. Ал кезде электр сакал алгыч мода эле. Менин айлыгым болгону 80 сом, сакал алгыч жок дегенде 30 сом турат. Элестетип көр эми, менин акчама көп болсо экөө келет. Ошол кезде бетти табактай кылып Ошко качып кеттим (күлүп). Бойдокчулуктун доорун сүрдүм дегенден алысмын. Бирди жакшы көрдүмбү, ошону менен токтойм. Кыялым ошондой. Орустар айтмакчы, «однолюбмун».

– Жубайыңыз менен кандайча таанышып, баш коштуңуз?
– Менин тагдырым ушундай болду, биринчи жубайым менен турмушубуз болбой калган. Андан эки уул, бир кызым бар. Ал эми учурдагы жубайым Азиза менен 1988-жылы Ошто филармонияда иштеп жүргөндө таанышкам. Ал филармонияда ырчы болчу. Экөөбүз баш кошкон соң ортодо көп капачылык, таарынычтар, ызы-чуулар болду, бардык сыноолорду жеңдик. Азиза экөөбүздүн ортобузда да эки уул, бир кызыбыз бар. Биринчи жубайымдан Алмаз, Азизадан Манас аттуу уулдарым бар. Учурда экөө тең чыгармачылык жолду аркалап жүрүшөт. Ал эми кийинки эки уулум футболчулар.

– Чыгармачыл адамдардын үйүндө атмосфера да башкача болсо керек?
– Эгер мен арак ичип келсем үйдөгүлөргө чоң трагедия. Мен жыргап калам, калгандарынын баарынын кабагына кар жаайт, колдорунан пиаласы түшөт, окуулары начарлайт. Ал эми башка күндөрү ынтымактуубуз.

– Кесиптештериңиз «аялдарга медаль тагыш керек» деп көп айтышат. Сиз да жубайыңызга медаль тагат белеңиз?
– Негизи, аялды жаратып койгон Алла Таалага рахмат айтыш керек. Мен кээде өзүмдү-өзүм жек көрүп, өзүмө чыдабай кетем. Ичпей калганда бирөө кызып алганын көрүп, мага жамандык кылбаса да жанына тургум келбей калат. Анан элестетип көр, ичип келген киши менен түбөлүк жашашты. Кээде мен жубайымды коркутуп үйдөн чыгып кетем. Бирок кайда бармак элем? Дүкөнчөгө барып, кайра эле айланып үйгө келем.

– Акыркы кезде сизди ооруп жүрөт деп уктук эле?
– Ичкиликтин азабы да. Жаш өткөндөн кийин жаш кездеги буркан-шаркандын бардыгы өчүн алат экен. Азыр «Туура-туура» деген жаңы теледолбоор баштап, ошону аркалап жүрөм. Ошонун деми менен эртең менен эрте туруп, жашоо түстүү болуп калды.

«Жубайым жакшы ырдайт. Канча жолу ырдатайын десем болбой, «силерге ысык тамак берип, жылуу тосуп алуу – менин милдетим» деп келет».

«Улуу уулум Алмаз үйлөнүп, жакында небере күтүп жатабыз».

«Манасымдан үмүтүм зор. Ал да менин жолумду жолдоп ырчы, тамада, куудул болуп жүрөт».

«Кесиптештерим Батма Качкынова, Мерген Турган, Абидин Темиров жана жубайым менен».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаныбек Алыкулов: "Уй сарайда концерт койчубуз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Elnuram090
2014-04-21 10:28:57
Ушул ичкилик менен ооруганыныз жаман экен динге берилсениз башким арылартырсыз бул оорудан.
+1
mikilei_89kg
2014-04-21 10:58:38
Алмаз деген баласы официантка окшоп кийинип алыптыр тоюнда
+3
diamond901512
2014-04-21 14:26:59
Оо чачтар кантет)))) жакты сыймыктанар адамдарыбызссынар.
+2
ZANIA-92
2014-04-21 15:40:08
Саламатсыздарбы Супер Инфо? Гезиттин сыртында "Атай менен Маралдын тою тролейбуста отту" деп журот,бирок мен аны таппай жатам,сураныч кандай шилтем менен кирип окуп чыксам болот?
0
admin_media
2014-04-21 15:54:56
ZANIA-92,
Саламатсызбы! Ал материал Соңку кабар бөлүмүнө чыккан, шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/60857/
0
Kana
2014-04-27 00:43:12
ZANIA-92, Айгул менен Мараттын тоюунун дискин саткан жоролордо болуш керек.Баардык жакта издешиптир го тойду.
0
myshka406
2014-04-21 15:50:25
таланттуу инсан, Сизге ден-соолук, ийгилик!!
+1
samarbek91
2014-04-22 09:33:07
Жаныбек байкенин талантын сыйлайм.
+1
nurlan_82
2014-04-22 11:22:03
мерген хаха
0
kara_kulzha
2014-04-23 13:13:31
Чыныгы куудул ишинизге ийгилик.
+1
admin_media
2014-04-24 14:34:23
banks,
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
0
Alitet
2014-04-24 20:01:51
Эмнеге токтогулдукмун дейт бул киши.
0
ASSO
2014-04-25 19:26:59
Alitet, Токтогулад сен да кичине жашасан!Сен да ошентип айтмаксын!
+1
Ema_nookat
2014-04-26 10:10:06
Ийгилик каалайбыз!
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан