АЯЛЫНА ЖИНИ КЕЛИП, МАИчини БЫЧАКТАП САЛГАН

Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарынын Манас жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде өз милдетин аткарып жаткан МАИ кызматкерин белгисиз адам келип бычактап салган. Буга чейин көчөлөрдөгү жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн МАИ кызматкерлерин айдоочулар сабап, погонун жулуп, ал тургай машина менен сүзүп сүйрөтүп кеткен учурлар да болгон эле. Укук коргоо кызматкерлерине эмне үчүн мындай мамиле кылышат же алар өздөрү себепкер болобу?

БЫЧАК МЕНЕН МАИчини КУБАЛАП...
Бишкек шаарынын Манас көчөсү аркылуу резиденцияны көздөй өлкө жетекчилеринин кортежи өтөт. Мындай жагдайда МАИ инспекторлору кадам сайын жолдун жээктерине туруп, баш аламан токтогон унааларды иретке келтиришет. 9-апрель күнү да ушундай эле кызматтардын биринде көзөмөл кылып турган МАИ кызматкери белгисиз адамдын сайган бычагынан жаракат алган. Ошол күнү Манас көчөсү аркылуу кетип бара жаткан бирөө уюлдук телефонунун камерасына окуяны видеого тартып жетишип, аны интернет булактарына жарыялаган. Видеодо белгисиз адам жол көзөмөлдөө кызматкерине бычак менен тап берип жатат. Дагы бирөө ажыратууга аракет кылса, МАИ кызматкери колунда тапанча болгонуна карабай качып жүргөнү байкалат.
Ички иштер органдарынын мыйзамынын ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу боюнча бөлүгүндө «жарандардын жана өзүнүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирилген кол салууда курал колдонулат» деп жазылган. Ал кызматкер бул мыйзамды билбейби же анын курал колдонбогонуна башка себеп болдубу, белгисиз.

«КУРАЛ КОЛДОНО АЛГАН ЖОКМУН, АНДАН КИЙИНКИСИ ЭСИМДЕ ЖОК»
Жабыр тарткан МАИ кызматкери, милициянын старшинасы Медетбек Алымкулов учурда Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Дарыгерлер бычак бейтаптын сол капталына терең киргенин аныкташты. Медетбек Алымкуловго жолугуу үчүн Улуттук госпиталга барып, дарыгерлерине жолуксак, алар жетекчилик жоктугуна шылтап, бейтапка жолугууга уруксат беришкен жок. Ал эми Медетбек Алымкулов Жол кайгуул кызматынын маалымат кызматкеринин берген суроолоруна: «Мен унаасын туура эмес токтоткон жолдун жээгиндеги айдоочуга унаасын жолдон алуу керектигин түшүндүрүп жаткам. Аңгыча капталыман бирөө келип ургандай болду. Бурулуп карай калсам, колуна бычак кармаган белгисиз адам туруптур. Колумду урган жерге бассам эле кан кетип жатыптыр. Мен куралымды алып чыгып, «токто, атам!» дегениме карабай эле мени кубалап келе берди. Видеого тартылган учур менин жаракат алгандан кийинки абалым болчу. Курал колдоно алган жокмун, андан кийинкиси эсимде жок»,- деп жооп берген.

«АЯЛЫ МЕНЕН УРУШУП, КАПА БОЛУП КЕЛЕ ЖАТКАН»
Кылмышка шектүү көп узабай эле ошол аймакта кызматын аткарып жүргөн Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан колго түшүрүлгөн.

ДАНИЯР АЛКОЖОЕВ, Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүсү:
– Кесиптешим Камиль Нургазиев экөөбүз өзүбүзгө бөлүнгөн аймакты көзөмөлдөп жүргөнбүз. Күндүзгү саат 11:30 чамасы болчу. Биз жол жээгинде айдоочу менен сүйлөшүп турган жол көзөмөлдөө кызматкерин көргөнбүз. Бир убакта белгисиз бирөө жөө адамдар басуучу жолдон тосмону ашып өтүп, чоң жолдогу кызматкерди урган экен. Эмне болгонун көргөн жокпуз, бирок МАИ кызматкери жерге жатып калды. Биз болсо качкан адамды кубалап жөнөдүк. Колго түшүргөн учурда колунда мергенчиликте колдонгон чоң бычагы бар экен. Аны менен бизге да тап берип, тоскоолдук туудурду. Кармадык да колун толгоп, өзүбүздүн бөлүмгө алып келдик.
Анын МАИ кызматкерине жини келгидей айланада токтоп турган унаасы болсо керек дегенбиз. Бирок жөө эле жүргөн адам экен. Эмнеге кол салганын сураганыбызда бир аз убакыт мурун аялы менен уруша кеткенин, ошого капаланып келе жатканын айтты. «Окуя тууралуу эч нерсе эсимде жок. Мурда мындайым деле жок болчу. Өзүмдү башкара албай калыптырмын. Ойгонсом, жерде колума кишен салынган боюнча жатыптырмын» деди.

«КЫЗМАТ УЧУРУНДА АР КАНДАЙ КЫРДААЛГА ДАЯР БОЛУШ КЕРЕК»
Бул кылмышка шектелип кармалган Нарын облусунун тургуну Талантбек Каналиевдин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Бишкек ШИИББинин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын ага инспектору ТИЛЕК ОТОРОВ бул тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:
– Соттук-криминалдык экспертиза жүргүзүлдү. Учурда кылмышка шектүү 2 айлык мөөнөт менен убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат. Быйылкы жылдын эсебинен жол көзөмөлдөө кызматкерине жөнөкөй жарандар тарабынан куралдуу кол салып, жаракат келтирүү эки ирет катталды. Бири мындан бир нече ай мурда Боом капчыгайынан эки кызматкерибизге курал колдонуп атып кеткени болсо, экинчиси 9-апрелдеги окуя. Кылмышкердин кол салуусунан жаракат алган кызматкерибиз учурда Улуттук госпиталда дарылануу курсунан өтүп жатат.
Окуя болгон күнү жол көзөмөлдөө кызматкери куралын өзүн-өзү коргоо үчүн колдоно алган эмес. Себеби ал өз иши менен алек болуп, жол жээгиндеги айдоочуга унаасын жолдон алууну түшүндүрүп жатканда артынан келип бычак урган. Ал учурда кызматкер куралын алып чыгып, бычак сайган адамга эскертип, артына кетенчиктеп качкан. Ага карабай инспекторду көздөй келе жатканда ал алган жаракатынан куралды октоого чамасы келбей, башы айланып жыгылып калган. Куралдын жогорку бөлүгүн тартып, аны коопсуз абалдан октоого алуу бир топ эле күчтү талап кылат. Сыягы, кызматкердин ага алы келбей калса керек.
Окуянын үзүндүсүн жолдогу белгисиз жүргүнчү телефонуна тартып, интернет булактарына тараткан эле. Ушуга окшош окуя мындан бир нече жума мурда катталган. Эсиңиздерде болсо, интернет булактарында жол көзөмөлдөө кызматкери эреже бузган айдоочуну унаасынан алып түшүп, колун кайрып жерге жаткырып алып кишен салып жаткан учуру бар. Ошол жерден айдоочунун кичинекей баласы үнүнүн болушунча ыйлап, атасына болушуп, «атамды коё бергиле» деп кыйкырып жатканы тартылып, интернетке тараган. Коомчулукта бул тууралуу «жол көзөмөлдөө кызматкерлери көптү. Кенедей баланын көзүнчө атасына кол көтөрүп, баланын психикасына доо кетирди» деген нааразычылык тараган.
Ал эми 9-апрелдеги окуядан соң коомчулукта «колунда куралы туруп өзүн-өзү коргой албаптыр. Денесинин бир жерине өлбөгүдөй кылып атып, коргонсо болмок. Курал колдонгонду билбейт тура» деген кептер айтылып, бизге да ушундай суроолорду берип жатышат. Кызмат учурунда ар түрдүү кырдаалдар боло берет. Бирок ар бир эле кызматкер өзүн-өзү коргоого даяр турушу керек.

Жогоруда кеп болгондой, акыркы мезгилде жол көзөмөлдөө кызматкерлери ар кандай кырдаалдарга көп кабылчу болушту. Атып кетмей, сайып кетмей, токмоктоо, унаанын алдына кептеп алып бир нече метр сүйрөп бармай... Анан калса аял-эркек дебей алдынан чыккан эле инспекторго атырылып, погонун жулуп алмай да модага айланды. Мындай көрүнүшкө коомдогу тартип бузуучу адамдар күнөөлүүбү же айдоочулардан болбогон бир сумма үчүн жең ичинен акча алып баркын кетирип алган бурч-бурчтагы жол көзөмөлдөө кызматкерлери күнөөлүүбү? «Келининде да, керкисинде да бар» деген макал туура келчүдөй...

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аялы менен урушуп, МАИчини бычактаган
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
mig
2014-04-22 14:12:03
А башы эмнеге бинт менен танылган?
0
edico22
2014-04-22 14:31:52
Элибизде жаман жоруктар конумуш болуп калды! МАИчилер дагы оздору Уставдын негизинде иш алып барганды билишпейт!Элибизде болсо улам бироонун МАИ кызмаркери менен болгон конфликтин коруп, биз деле ушундай кылсак болот турбайбы деген ой калыптанып бара жаткандай. Форма кийген адамды эч ким сыйлабай калды!
-1
ere
2014-04-22 15:53:37
куралду неге которуп журот озунун жанын сактай албагандан кийин жамбашында салпактатып
0
Eli75
2014-04-22 22:16:56
Жазда жер копкондо,айрым адамдардын коодону да кобот.Ошон учун ушундай "акылынан озун сезбей" азган адамдан кудай сактасын.Кундон-кунго адам болуш ото кыйын....Бул окуя баарыбызга сабак. Ал эми жаракат алган Медетке, Аллахым шыпаасын бесин.
0
Elika
2014-04-23 08:42:10
Андан коро аялыны уруп сабаса болмок бироого кол салбай.
-2
Sharos
2014-04-23 14:51:15
Ким билсин балким маи кызматкери кобуроок акча алып коюп жини келип жургондур, маилерда кээде жон эле тосо беретко жинге тийип
0
danok88
2014-04-23 15:43:22
азыр мода болуп калды го гаиге кол которгон айгеримдин иши эмне болду айып пул толодубу жок ошол ырчыбы ким азыр эч ким ушул кылыгы учун сыйлашпайт
+1
aman80-11
2014-04-23 19:30:32
Биздикилер сур коргозуш учун кана пистолет салып журсо керек,бир болсо пистолетинин огу жок болсо керек
0
mikinookat
2014-04-24 14:34:47
aman80-11,oi rassa barda ok
0
tokitok
2014-04-24 21:07:21
аткан адам психикалык жактан бираз ооруулу болсо керек нервный срывдан озун билбей калган чон наказаниянын кереги жок бул дагы оору а тиги крассавчик эч нерсе болбогондой сакайып кетсин
0
maksymtegin
2014-04-24 21:28:38
бул маи кызматкери өзунун укугун билбейт экен атып салышка акысы бар эле,пистолет атыштыда билбейт окшойт.атестациядан кантип отту экен
0
milagras
2014-04-24 22:50:53
Кичине акылынан айныган неме болсо керек э
0
Sayasatchy0001
2014-04-25 01:11:05
майи кызматкерлерине 1эмес 3/4 жолу атака болду.айдоочулардын ашмалтайын чыгарып акчаларын алып атышса ушундай болот тешип чыгатда .
0
pretty2014
2014-04-25 08:40:24
Биздин коом кайда баратат,акыркы кундордо жаман окуялар коп болууда.
0
Eshka
2014-04-25 10:05:04
Абдан жаман болуптур. Тезинен сакайып кетсин.
0
eldiyarmacho
2014-04-26 12:09:52
адашып бир какашканы тебелеп алыптырда :) эми про про бабушкасын көрсөтөт милициялар
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан