БАЛЫК БАГЫП, САТУУ БИЗНЕСИ

Акыркы жылдары Кыргызстанда балык чарбачылыгы кайрадан жанданып, балык өстүрүү бизнеси акырындык менен кулачын жаюуда. Кандай бизнес ачсам деп жүргөндөрдүн арасында бул тармакка да кызыккандар бар. Ал эми анын күнгөй-тескейин баары эле биле бербейт. Андыктан балык өстүрүү тууралуу төмөндө сөзүбүздү улайбыз.

«БУЛ ИШТИН ТҮЙШҮГҮ КӨП»
Көпчүлүк балыкты бакканга суу, анан кармаганга тор болсо эле болду, андан башка түйшүгү деле жок деп ойлошу мүмкүн. Бирок ар бир иштин өзүнүн оорчулугу болгондой эле, балык бизнеси да көп эмгекти талап кылат. Балык өстүрүү тармагында жетимишинчи жылдардан бери эмгектенип келаткан ДҮЙШӨНБЕК АШЫРАЛИЕВ бул иштин сырларын айтып берди:
-Балык өстүрүү оор. Сезон башталганда эс алуу деген болбойт. Күн-түн иштөө керек. Эгер 2-3 күн балыкка жем бербей койсоң салмагын жоготот. Аны кайра калыбына келтирүү ашыкча чыгымды алып келет. Жаан болобу, кар болобу, ылайбы, эч нерсеге карабай эмгек кылуу зарыл. Ал эми түнкүсүн уурулардан көлдү кайтарасың.
Балык өстүрүүнүн сезону март айынан баштап октябрга чейин созулат. Балык үчүн эң оптималдуу температура 19-21 градус. Бул жылуулукта балыктын активдүүлүгү артып, жемди да көп жей баштайт. Ошондуктан жай мезгилинде 2 жолу жем берип, тезирээк өсүүсүнө аракет кылыш керек. Жылуулук 15 градустан төмөндөгөндөн тартып балыктын активдүүлүгү азаят да, жем жебей калат. Ал эми табигый азыктары көлдүн өзүндөгү бир клеткалуу суу өсүмдүктөр менен суу жандыктары. Булардын көбөйүүсү үчүн көлгө кык төгүп шарт түзүү зарыл.
Учурда товардын баасын базар аныктайт. Союз учурунда 250 граммга жетсе, товардык продукция деп өткөрүп салчубуз. Азыр болсо 1,5 килограммдан төмөн болсо балыгыңды эч ким албайт. Анткени кичине балыктын этинин катмары жукараак болот. Эл эти көбүрөөк жана майлуусун тандайт. Ошол үчүн балыкты сатуунун жолун да ойлонуу керек.

«1 ГЕКТАР АЯНТТАГЫ КӨЛГӨ 500 ГАНА АК АМУР БАЛЫГЫН ӨСТҮРҮҮГӨ БОЛОТ»
-Учурда толстолобик, ак амур жана карп деген балыктын үч түрүн өстүрүүдөбүз. Бул үчөө жем жеген жагынан бири-бирине атаандаш эмес. Толстолобик суу үстүндөгү жашыл чөптөрдү жесе, ак амур камыштын, чөптүн тамырларын, жалбырагын жейт. Карп болсо дан эгиндери менен азыктанат. Муну менен бир эле көлгө бул үч түр балыкты бирге жана балыктын санын көбүрөөк өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби 1 гектар аянттагы көлгө 500 гана ак амур, 4000 карп, 2000 толстолобик балыгын өстүрүү талап кылынат.

БАЛЫКТЫН ООРУСУ
-Булардын негизги ооруларынын бири – кызамык. Денеси кызарып, жара болуп кетет. Анын алдын алуу үчүн ченеми менен сууга марганцовка жана хлор аралаштырып, ага балыкты көлгө коё берүүнүн алдында жуунтулат. Кийин июнь жана август айларында оорунун алдын алуу иштери жүргүзүлөт.

«БАЛЫКТЫ САТУУ ҮЧҮН ЭКИ ЖАРЫМ ЖЫЛ БАГЫШ КЕРЕК»
Балык өстүрүүнүн сырлары боюнча маалыматты 12 жашынан бери балык чарбасына аралашып келаткан Дүйшөн мырзанын уулу АЗИЗБЕК улап айтып берди:
-Балык жазында икрадан чыккандан кийин чакан сууга салынат. Кичине балыктарга жумуртканын сарысы, дан эгиндин уну берилип бир ай өстүрүлөт. Салмагы 3-4 грамм болуп калат. Күзгө чейин булар 35-40 граммга жетет да, чоң көлдөргө коё берилет. Кийинки жылы жазында бир жылдык болгон балык 250-400 граммга чейин чоңойсо, үчүнчү жылы күзгө чейин 1,5 килограммдан ашат. Мына ушул үчүнчү жылы балыктын өсүүсү жай болуп калат. Андыктан ага жем берип, чыгымды көбөйтпөй кармап сатыкка чыгарган оң. Балыкты личинка кезинен баштап 1,5 килограммга жеткирүү үчүн эки жарым жыл убакыт жана 3-5 килограмм жем сарпталат.
Коңшу Казакстандан сатылып алынган балыктын личинкасынын 100 миң даанасы 7000 сомдон айланат. Мунун ичинен жакшы чыкты дегенде 30 пайызы өсүп жетилет да, 70 пайызы өлөт. Ал эми бир жылдык балыктардын килограммы 200 сомдон. 1 килограммдан 25 даана чыгат. Буларды көлгө салган соң жакшылап багып караса, 50 пайызы өсүп чоңоёт да, 50 пайызы жырткычтарга, куштарга жем болот. Балыктын жемин (дан эгиндерин) 13-15 сомдон алабыз. Товардык балыктарды болсо Бишкектин базарларындагы соодагерлерге дүңүнөн 1 килограммынын орточо баасы 100 сомдун тегерегинде сатылат.

«БАЛЫК КЫШЫНДА ӨЗ МАЙЫ МЕНЕН АЗЫКТАНАТ»
-Бир жылдык балыктарды температура жазында 0 градустан жогорулай баштаганда салабыз. Эгер 0 градустан төмөн болсо, суукта балыктын бакалоору үшүп калып, зыян алып келет. Апрелдин аягында балыктардын активдүүлүгү жогорулап, бир ирет жем берүү башталат. Күзүндө товардык балыктарды чогултуп, ал эми бир жылдык майдаларын күзүндө башка көлгө салабыз. Анткени чоң көлдү соолутуп, түбүнө акиташ чачып тазалоо керек. Ал ылай жерди катырат жана бактерияларды өлтүрөт. Кышкысын болсо жем берүү токтотулганы менен, көлдүн үстүнө тоңгон музду жарып туруу зарыл. Болбосо кычкылтек жетишпей, балыктар өлүп калат. Өтө ысыкта дагы сууну алмаштырып туруу керек. Эгер сууну алмаштырбаса, анда да балык өлүп калат. Ошол үчүн суу агып чыгып туруу абзел. Балыктар суу муздаганда тереңге кирип кетишет. Аюулар сыяктуу балык ичиндеги өзүнүн майы менен азыктанып жаз келгенче кыймылдабай бир орунда тура беришет.

«БАЛЫКТЫН ЭҢ НЕГИЗГИ ЖЫРТКЫЧЫ – АДАМ»
-Жырткычтардын эң эле биринчиси – адам. Браконьерге балык болсо эле болду. Торун жайып, майда-чоңуна карабай уурдап кетишет. Көлдүн аянты 47 гектарды түзөт. Муну кайтаруу оор. Түнкүсүн жөө көлдү айланып, кыдырып турабыз. Андан кийинкиси – Кытайдан келген кара каз. Бул экөө балыктын эң негизги душманы. Андан сырткары ондатра, көк кытан, чардак, жылан, альбатрос дегендер бар. Кээде салган балык такыр эле жок калган учур болот. Былтыр жазында көлгө
2 миллион личинка салып, быйыл жазында андан болгону 25 миңи гана тирүү калды. Бул кеткен чыгымды да жаппайт.

Бул көлдүн жалпы аянты 47 гектар жерди ээлейт.

Жумасына 3 күндөн кезек алмаштырып балык баккан жумушчулардын эс алуучу жайы.

Бул көлдөгү нөлдүк чекит. Бул жерден күзүндө көлдү соолутуп, балыктарды тор менен сузуп алышат.

Куштарга жем болгон балык.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Titi
2014-04-21 10:08:25
пайдасы жок болсо багып не керек
0
diamond901512
2014-04-21 18:34:02
пайдасы жок болсо оздору деле бакпайт эле болгон учун жасап жатышатта
0
Mystery
2014-04-23 15:38:24
Абдан пайдалуу бизнес. жакындарым алектенишет бат байыйсын жакшы карасан миллион бир жылда тушот чыгымынан тышкары
0
bratanyn
2014-05-24 12:34:07
маладес онорунуз оркундосун
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан