Биз бул жолу артка кылчайып, гезитибизге чыккан чуулгандуу окуяларга сот кандай чечим чыгарганы тууралуу тааныштырууну чечтик. Төмөндө алардын айрымдарына сот кандай жаза аткарууну буюрду же кимдер эмненин негизинде акталып кеткен сыяктуу жыйынтыктарга назарыңыздарды бурабыз.
Айсалкын Аджиева 1986-жылы туулган, мектепти жакшы аяктап, маркетинг боюнча калаабызда өткөн сынактын жеңүүчүсү болуп, чет өлкөгө жолдомо алган. Үч тилди билген, көптү үмүттөндүргөн Айсалкын да «иштеп үй-бүлөмө жардам берем» деген ниет менен 2008-жылы Дубайда жүргөн. 2010-жылдын 7-декабрь күнү Айсалкын Дубайда автокырсыкка кабылып, эс-учун жоготкон бойдон ал жердеги ооруканаларынын бирине жеткирилет. Мээси шишип баш сөөккө батпагандыгынан операция жолу менен баш сөөгүнүн жарымы кесилип салынган. Операциядан кийин Айсалкын комага түшүп, өзүнө келбей беш ай жаткан. Жарым жыл дегенде гана мээ араң ордуна келип, экинчи ирет операция жасалган. Алтынчы айга караганда Айсалкын өзүнө келет. 2013-жылы 21-майда Айсалкынды туугандары Дубайдагы ооруканадан Кыргызстанга алып келишкен. Эжесинин абалы тууралуу сиңдиси Жаңыл төмөнкүлөрдү билдирди:
– Айсалкын эжемдин абалы дале оор, аны үйдө апам экөөбүз карап жатабыз. Көптөгөн дарыгерлер эжеме жардам бере албастыгын айтышкандан кийин Москвадан күчтүү деген дарыгер чакырууга аракет кылып жатабыз. Анын келер-келбеси 2-3 жумадан кийин билинип калат. Эжемди бул абалда көрүү бизге аябай оор, бирок биз багынбайбыз жана ал бутуна туруп кетет деген үмүттөбүз. Бардыгы Кудайдын колунда. Ошол учурда Дубайдагы эжем иштеп жүргөн фирма ооруканадан орун алууга жана дарыланууга бир аз жардам көрсөткөн. Ал эми сот иштери дале аягына чыга элек болгондуктан, кырсыкка күнөөлүү деп табылган тарап тиешелүү компенсацияны да төлөп берише элек.
ЛИДИЯНЫ ӨЛТҮРГӨН АДАМ КАЛГАН ӨМҮРҮН АБАКТА ӨТКӨРӨТ
2013-жылдын 5-майында Лидия Видясова аттуу 9 жаштагы кыз дайынсыз жоголгон. 2 жума өткөн соң анын өлүгү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн табылган. Наристенин жансыз денеси целлофан баштыкка салынып, колу, буту скотч менен оролгон абалда болгон. Бул кылмышка шектүү делинип 1983-жылы туулган Андрей Овчинников жана 1969-жылы туулган Бактыгүл Бекказиева аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Бактыгүл Лидияны багып, алардын үйүндө жашап жүргөн. Ал эми Андрей Овчинников мурда бир нече ирет соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Бактыгүл Бекказиеванын Андрей Овчинниковду үйүнө алып келип, экөө чогуу ичкендиги, Бактыгүл мас болуп уктап калганда Андрей Лидияны алдап алып кетип өлтүргөндүгү аныкталган.
Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Андрей Овчинниковду «киши уурдоо», «мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу», «жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» жана «өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Ал эми Бактыгүл Бекказиева болсо «кылмышты жаап-жашыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган жана жатак абактан качкандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү да эске алынып 6 жылга эркинен ажыратылган.
КЫЗЫН ЗОРДУКТАДЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕНДИН СОТ ИШИ СОЗДУГУУДА
Былтыр 25-апрель күнү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «денесиндеги көптөгөн жарааттары менен ооруканага 3 жаштагы наристе кыз түштү» деген маалымат түшкөн. Дарыгерлер милиция кызматкерлерине денесинде көптөгөн жаракаттары бар жана кабыргалары сынган 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын билдиришкен. Абалы өтө оор келген наристеде зордукталгандын белгилери да болгон. Бул кылмышка шектелип кыздын атасы, 1984-жылы туулган Үсөн Сакатаев кармалган. Ал ошол күнү Алматыдан келип, кечке чейин ичип мас болуп, анан келинчегин сабаган. Келинчеги кичүү кызын көтөрүп кошунасынын үйүнө качып кеткенде 3 жашар кызын жогорудагыдай абалга алып келген. Бул факт боюнча «ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул иш Биринчи Май райондук сотуна кароого өткөрүлүп берилгенине көп болсо да, ар түрдүү себептерден улам иш создуктурулуп келүүдө. Ал эми наристенин абалы учурда жакшы, аны апасы кароодо.
ЫМЫРКАЙЫН ДААРАТКАНАГА ТАШТАГАН «КҮКҮК ЭНЕ» КЫЗЫН ТАЛАШУУДА
2013-жылдын 6-февралына караган түнү куткаруучулар Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанындагы даараткананын чуңкурунан али киндиги кесилбеген ымыркайды алып чыгышкан. Наристени чуңкурга таштаганы аз келгенсип, ыйлап жаткан ымыркайды өлтүрүү үчүн үстүнө чоң-чоң таштар да ташталган экен. Бактыга жараша, таштар балага тийбей калып, ал тирүү калган жана ыйы өзүн сактап калган. Көп өтпөй укук коргоо кызматкерлери тарабынан ал ымыркайды төрөп, таштап салган (аны «эне» деп айтууга да ооз барбайт экен) 1985-жылы туулган Наргиза Жумабаева аттуу аял колго түшүрүлгөн. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүлгөн. Биринчи инстанциядагы сот Наргиза Жумабаеваны 3 жылга эркинен ажыратса, шаардык сот 1 жарым жылга кыскарткан. Ал эми Жогорку Сот Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Ымыркайдын абалы тууралуу билели деп Октябрь райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси ДИНА ИСАБЕКОВАГА байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Биз наристеге фамилия жана ысым ыйгарганбыз. Тиешелүү документтерди топтоп, 6 айлык мөөнөткө ишенимдүү үй-бүлөгө багууга уруксат бердик. Эгер 6 айдын ичинде ага талапка ылайык камкордук көрүлсө, анда биротоло багып алууга беришибиз мүмкүн. Кыздын абалын жакшы деп айта албайм. Денесинин бардык бөлүгү даараткананын чуңкурунда жатып калганда заңга көмүлүп, организм катуу ууланып калган. Тубаса жүрөгүндө тешиги бар болуп да төрөлгөн. Ага массаж жана башка процедуралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Дарылануу чыгымдарынын баарын кыздын учурдагы убактылуу багып жаткан ата-энеси көтөрүүдө.
Ымыркай 4 ай ооруканада, андан кийин балдар үйүндө дарыланып жатканда биологиялык энеси жана башка туугандары бир да жолу келген эмес. Наристенин биологиялык энеси делген жаранды сот 3 жылга эркинен ажыратса да, кандайдыр бир себептер менен эркиндикте эле жүрөт. Ал баланы даараткананын чуңкуруна таштап салып кармалган мезгилде баланын энеси экендигин танып жаткан. Бирок эми сотко кайрылып, наристени өзүнө алууга аракет жасап жатат. Эгерде сот «энеси ушул» деген экспертизанын жыйынтыгына таянып анын пайдасына чече турган болсо, биз тиешелүү жарандык укуктардын негизинде баланы коопсуз үй-бүлөдө же мамлекеттин камкордугунда болуусу үчүн күрөшөбүз. Себеби төрөп, аны дааратканага таштап, өлтүрүүгө аракет кылган аялга наристени берип коюунун өзү кооптуу.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Нурбек Абдыкадыров,
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg