Бул жигит былтыр «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлүп, бирок үчилтикке кирбей калган. Бирок аталган наамда ат салышканы анын чыгармачылыгына жакшы таасир тийгизгенин айтат. Таалай Бектургановдун ырына экинчи өмүр берип, ырчыларга ыр, обон жазып берип жүргөн жаш ырчы Чыңгыз Турдубеков деген ысымды кулагыңыз чалды беле? Бүгүнкү коногубуз дал ушул жигит болмокчу.
– Кандайсың, Чыңгыз? «Ламбаданы» комузга салып черткен видеоң интернетте азыр абдан популярдуу болуп жатат, бул видео качан тартылды эле?
– Саламатсыздарбы, аталган видео кенен аудитория үчүн эмес болчу. Биз бул видеону былтыр АКШдагы атайын бир долбоор үчүн тартып жөнөткөн элек. Карасам интернетке жайылып кетиптир, азыр ошол видеолорду жок кыла албай жүрөм. Тар чөйрө үчүн жазылган видеону чоң аудиторияга таратпай эле койсо деп ойлогом, болбой калды окшойт.
– Шоу-бизнестеги ырчыларга текст, обон жазып берип жүрөсүң. Өзүң да ырчы болууну чечтиңби?
– Кичинемден эле ырчы болом деген көксөөм күчтүү болчу. Бирок кийинчерээк гитарист же комузчу болом го деп ойлоп калгам. Кичинеңден бери калыптанып калган каалоону аткарбасаң да кыйнала берет экенсиң, бир нерсе жетишпегендей эле туюла берчү. Акыры ырчылыкка токтолдум. Бирок ыр жазып, обон жаратканды токтоткон жокмун. Репертуарымдагы ырларымдын көбүн өзүм жазам. Чыгармачылыктагы кесиптештерге да жазып берем.
– Ырларың үчүн калем акы аласыңбы?
– «Мынча бергиле» деп ставка койбойм, көңүлүнө жараша чыгарып беришет. Кээ бир досторго бекер эле белек кылган учурлар болот. Ырым жеткиликтүү аткарылып, популярдуу болсо ошол мага жетиштүү.
– Сени «таланттуу, өсө турган жигит» деп угуп калабыз, бирок чыгармачылыкта бир ыргакта, жай кетип жаткандайсың...
– Ооба, балким, жулунуп иштесем көп нерсеге жетишсем керек эле. Эмне кылайын, табиятымдан ушундай жаралып калыптырмын. «Кыбыраган кыр ашат» дегендерден окшойм. Ар бир нерсенин өз убагы келет, жулкунганды жаман көрөм. Бар болсо бар, жок болсо жок да. 3-4 жылдан бери ыр жаздырып эле келе жатам, акыркы бир жылдан бери гана ырларым радиодон кете баштады, ага чейин тааныш-билиш же колдой турган адам жок бир топ кыйналдым. Мындан ары бир гана репертуарыма эмес, стилиме, имиджиме да көңүл бурайын деп жатам. Бул нерселер сахна адамы үчүн керек экен.
– Популярдуу болгон кайсы ырлар сенин калемиңе таандык?
– Гүлжигит Калыковдун аткаруусундагы «Кайрылбаймын», «Жүрөк тагы», Даниелдин «Айрылуу», «Жолдор узак» деген ырлардын сөзү, обону меники, Султан Садыралиевдин «Апакем», «Асыл жарым», Назира Токонованын «Махабатым себепкер» аттуу чыгармаларынын обону мага таандык. Мындан башка көп эле ырларды жазгам.
– Ырлар жөн жерден жаралбаса керек, кайсы ырыңдын жаралуу тарыхы өзүңө кызык?
– Туура айтасыз, ырлар жөн жерден жаралбайт, жүрөгүң аркылуу өткөрүп жазбасаң супсак болуп калышы мүмкүн. Ар бир ырдын өзүнүн тарыхы болот. Мисалы, «Кайрылбаймын» деген ыр менин эң алгачкы ырым. Мазмуну айтып тургандай эле, мени таштап кеткен кызга арналган. Аты-жөнүн айтып жарнамалабай эле коёюн, ал кыз өзү билсе болду. Султан Садыралиев экөөбүз аткарган «Кайдасың?» деген ырдын обонун түнкү саат үчтө жазгам. Отурсам өзүнөн-өзү эле кулагыма кайрыктар угула баштады, уктап жаткан жеримден туруп жазгам. Негизи, мага эргүү жалгыз отурганда көп келет, илхамды да убагында кармап калбасаң, бат эле өтүп кетиши мүмкүн.
– Мына, ырчы болом деген оюң ишке ашып, аракетти улантып жатыптырсың, кыргыз шоу-бизнесине кандай өзгөчөлүк кошом дейсиң?
– Билбейм кандай өзгөчөлүк кошо алам, мен жөн гана эл баалап уккан, элдин жүрөгүнөн орун алган жөнөкөй ырчы болгум келет. Ырларым адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, тарбиялап, туура нукка салса, мына ошол менин өзгөчөлүгүм болот болуш керек.
– Таалай Бектургановдун ырларына экинчи жан берип мыкты аткарып келесиң, кыргыз эстрадасына экинчи Таалай Бектургановду алып келүү пландарыңда бар окшойт?
– Ооба, бул инсандын ырларын сүйүп угам, чыгармачылыгын баалайм. Экөөбүздү байланыштырып турган бул – гитара, музыка. Ал эми сахнада анын чыгармачылыгын туурабай, өзүм бойдон эле калгым келет.
– Үй-бүлөң чыгармачылыгыңа кандай көз карашта?
– Атам музыкага жакын. Кээде ыр-обондорумду биринчи атама угузуп, кеңеш сурайм. Мен 5-классымдан баштап Ысык-Көлдө жашагам. Кийин Ошко көчүп кеттим. Таажезде, таежемдин менин чыгармачылыгыма кошкон салымы зор. Анткени Оштон келип, ошолордун колунда жашагам. Ата-энем Ысык-Көлгө менден кийин көчүп келишкен. Анан да классташтарга баймын, Көлдө окуп жүргөндө эле шартка байланыштуу төрт мектеп которуптурмун. Кээ бир классташтарымды тааныбайм деле.
– Сыртыңдан аябай токтоо, бир сырдуу көрүнөсүң. 24 эле жашта экенсиң, эрте токтолуп алган жоксуңбу?
– Эл катары достор арасында жүргөндө күлөм, каткырам, бирок ар нерсенин өз чеги болот да. Балким, кайгылуу ырларды ырдаганымдан улам ушундай образ мага жабышып калса керек.
– Кыздарга болгон талабың кандай?
– Өзүм жоошмун, мага тыңыраак эле кыз керек го. Бир көрүп сүйүп калуу дегенге ишенбейм. Мага жакчу кызды көп убакыт сүйлөшкөндөн кийин «жакшы» же «жаман» деп аныктама бере алам. Бир көргөндө кандай экенин айтуу кыйын. Талабым катуу деле эмес, сүйүү деп эле берилип кетпеген, сезимдерин башкара билген кыздар жагат. Кыз канчалык бийик болгон сайын анын даражасы көтөрүлөт деп ойлойм.
– Көңүлүңдү катуу калтырган кыздар болгонбу?
– Ооба, ошол үчүн «Кайрылбаймын» сыяктуу ырлар жаралса керек (күлүп).
– Сени ырчы Назира Токонова менен сүйүү мамиледе деп угабыз, «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт, буга кандай дейсиң?
– Ооба, ушул суроону мага көп беришет. Назира экөөбүз чыгармачылыкта жакын достордонбуз. Чынында, Назираны сүйлөшкөн кызым катары элестете албайм. Мамилебиз достуктан ары өтпөйт деп ишенем.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg