Аида Салянова:«АЗИЗ БАТУКАЕВ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КАЙРА ЖАНДАНДЫ»

Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулуу фактысы боюнча кылмыш иши кайра жанданганын билдирди. «Бул маселени парламент былтыр май айында караган. Июлда биз анын бошотулуу фактысы боюнча иш козгогонбуз. Көптөгөн врачтар «Батукаев чындап эле оорукчан болсо, ушул убакытка чейин жашамак эмес» дешүүдө. Апрель айында тергөөнүн жыйынтыгына таянып, кийин ачыкка чыккан жагдайларды негиз кылып кылмыш ишин жандандырдык»,- деп билдирди А.Салянова. Эске салсак, А.Батукаев былтыркы жылы 9-апрелде Нарын райондук сотунун чечими менен «курч лейкоз» деген диагноздун негизинде мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгып, ошол эле күнү Кыргызстандан учуп кеткен.
Дагы бир резонанстуу ишке токтолгон башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктаганын, бирок А.Келдибеков өзүнө тагылган айыпты угуудан баш тартып жатканын айтты. «Тергөө бүткөндөн кийин күнөөлөнүп жаткан адамга айыбы угузулат, аны айыпталуучу сөзсүз угушу шарт. Андан кийин ал кылмыш айыбы менен тааныштым деп кол коюп, иш сотко жиберилет. Айыпталуучунун кол коюшу тагылган айыптарга макулдугун билдирбейт. Келдибеков бизге мындай мүмкүнчүлүк бербей жатат, көптөн бери айыбын угуудан баш тартууда»,- деди А.Салянова.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Bella-life
2014-04-21 12:43:08
Салянова Железная Женщина.
А Келдибеков жеп атканда оозун тыйбай эми оң кулагыңды түрүп угуп койда
0
kolya121212
2014-04-21 14:16:25
Bella-life, кошулам
-1
Sapar903
2014-04-21 12:46:25
Айланайын откондо эле Салянова жанталашып батукаевдин адвокаты болуп коргоп жатпады беле! Кичине кудайдан корксонор боло. Бетинер м.н артынардын айырмасы калбадыго!
0
Pearl.06
2014-04-21 15:48:52
Sapar903 Жегичтерге жан тартканыңызга жол болсун же пулдан бөлүштү беле.Жашасын Салянова эң түз айым.
-2
maksnarin
2014-04-21 18:49:33
азаматсыз Аида айым,сизди коргондо азыркы оппоз-кы уурулар, кан с.....п жибергидей болсун,алга!
0
turatbek-92
2014-04-21 20:10:32
Колунан эч нерсе келбейт калп эле элди алдамай. Батукаевди алып келсе эбак эле алып келип бошоткон кунолуулорду соттоп камап салмак. Салянова баш болуп Батукаевди кызыл килем салып учуруп жатса Салянова озун озу соттойт беле.
+1
turatbek-92
2014-04-21 20:10:32
Колунан эч нерсе келбейт калп эле элди алдамай. Батукаевди алып келсе эбак эле алып келип бошоткон кунолуулорду соттоп камап салмак. Салянова баш болуп Батукаевди кызыл килем салып учуруп жатса Салянова озун озу соттойт беле.
0
Mirba-Nookat.83
2014-04-21 20:25:01
После пожара х.. насос дейтго эми алып келе албайсынар айланар кеткенде сырттан 100 жылга соттоп жибергиле.
+1
yasmina_kg
2014-04-22 09:47:26
Жомок да.
+1
Azura
2014-04-22 16:02:57
Ахматбек Келдибеков угуудан баш тартса. акт тузуп туруп сотко откоруп берсе болот да?
0
ere
2014-04-22 16:18:50
жоо кеткен сон кылычынды ташка чап деген макал эсиме тушту
+1
madina.87
2014-04-22 16:56:28
Аида айым ото амалкой,куу аял деп эсептейм.Бийликтин тапшырмасын кын дебей аткарат.Бизде мыйзам жок,бизде ыйман жок,бизде уят жок!
+1
SayKal1218
2014-04-22 21:26:54
Кандай болсо дагы, баары Кыргызстандын жарандары учун жакшылык алып келе турган жакшы нерселер болсо экен.
0
nonem
2014-04-23 20:03:03
Аида айым озунун айбын ким угузаткен Батукаевти бошоткондордун бири озу мыйзам бардык жаранга бирдей болсун салянова угуп койунуз сиз бийликтин буйругу менен иштеп жатасыз Келдибеков менен Иса Омуркуловдун кылмышы бирдей аны неге камабай жатасыз.аныда каман ошондо сиздин иштеп жатканынзга толук ишенебиз
0
mig
2014-04-24 09:52:46
Аида молодец, бирок Батукаевдин ишин кароо маанисиз иш болсо керек, бекер убакыт кетет, коп соз дегендей.
0
koshoy_87
2014-04-28 03:16:10
aman ele bolsun atka minerler
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан