«Билайнга» бирдик жүктөө кызматы тамашасы жок эле 1-апрелден баштап 5 сомдон 8 сомго кымбаттаган болчу. Аны компания төлөмдүк системдер менен болгон келишимдерин токтоткону менен түшүндүргөн эле. Терминалдардын ээлери болсо, «Билайн» төлөм кабыл алууга өзүнчө акы төлөп берүүнү токтотконун айтышкан. Жыйынтыгында миңдеген абоненттер бирдик жүктөгөн сайын буга чейин 5 сом төлөп келсе, кымбаттоодон кийин алар өз чөнтөгүнөн 8 сомдон 10 сомго чейин кошумча каражат төлөөгө аргасыз болушту.
«Өрттөн кийин» болсо да Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги күнөөлүүнү издөө иштерин баштады. 16-апрелде «Билайн» агенттери менен болгон 2014-жылдын 1-апрелине чейинки келишим шарттарына кайткандыгын билдирди. Соңунда бирдик жүктөө мурункудай эле 5 сомго түштү.
Эльвира Караева
politika@super.kg