14-апрель күнү Домодедово шаарынын соту Орусиянын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп күнөөлөнүп жаткан Кыргызстандын жараны Маратбек Эшанкуловду актады. Айыптоо М.Эшанкуловдун бир жыл ичинде Москвада иштеп жүрүп арыктап кетип, паспорттогу сүрөтүнө окшошпой калгандыгынан улам келип чыккан. Эки жылдан ашык убакытка созулган сот процессинде мекендешибиз сүрөттөгү адам өзү экенин далилдөөгө аракет кылып, акыры адилеттикке жетишти. Бул окуя орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында резонанс да жаратты.
Баары 1988-жылкы Маратбек Эшанкуловдун үйлөнүүгө акча таап келүү үчүн Москвага 2010-жылы сапар тартканынан башталат. Курулушта иштеп жүрүп, бир жылдан кийин Кыргызстанга кетейин дегенде, чек арачылар мекендешибизди жолдон кармап калышкан. Анын себебин «паспорт сеники эмес» деп түшүндүрүшкөн, М.Эшанкулов бир жылдын ичинде өтө арыктап кеткен эле. Кылмыш иши да «паспорттогу сүрөткө кебетеси окшобойт» деген негизде козголгон.
Сот кыргыз мигрантын актоо чечимин гана чыгарбастан, колуна паспорту менен эки жыл мурунку билетин кайтарып берүүнү токтом кылды. М.Эшанкулов менен социалдык тармак аркылуу байланышканыбызда: «Паспортум колума тийсе, Москвадан биринчи каттам менен учуп кетем. Буюрса, жакында Кыргызстанга барып калам.»,- деп жооп берген.
Эльвира Караева
politika@super.kg