«ОшТВ» САТЫЛДЫ...

  • Зина Асанкожоева үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу деп УЛУТТУК БАНКТЫН төрайымдыгынан өз арызы менен кетти.
  • Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВА Биринчи Май райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылды. 2012-жылы пара алууга айыпталып кармалган Г.Дербишева эң кичүү баласы 10 жашта болгондугуна байланыштуу жаза мөөнөтүн 4 жылдан кийин өтөмөй болду.
  • 9-МАЙГА карата өлкөдөгү 12 миңге чукул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 5 миңден 10 миң сомго чейинки жөлөкпул алышат.
  • Өзбекстан 14-апрель күнү келишим мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын түштүк аймагына ГАЗ берүүнү токтотту. Ош газ чарба башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, көгүлтүр оттун качан кайра берилери азырынча белгисиз.
  • Экс-мэр Мелис Мырзакматовго таандык делген «ОшТВ» телеканалы орусиялык инвестор Максим Кротовго сатылды. Буга байланыштуу телеканалдын директору Эрнис Кыязов өз арызы менен кызматынан кетти.
  • «Кыргызстандын БАЖЫ СОЮЗГА кирүүсү боюнча жол картасына апрель айынын аягында кол коюлушу мүмкүн» деп жазып чыкты Орусиянын «Интерфакс» маалыматтык агенттиги.
  • Ош ШИИБинин каттоосунда САЛАФИТТЕРДИН идеологиясын активдүү үгүттөгөн 100 адам турарын мекеменин башчысынын орун басары К.Жолдошев айтты. «Акыркы учурда Ош шаарында Өзбекстандын ислам кыймылы, акрамисттер жана салафиттердин таасири күчөдү»,- деди ал.
  • Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан ФИЛИППИНДЕР аралы туристтердин агымын көбөйтүү максатында Кыргызстан менен болгон 30 күндүк визалык режимин 15-апрелден тартып жойду.
  • АКЫЙКАТЧЫ Бактыбек Аманбаевдин айтымында, анын айлыгы 25 миң сом.
  • Германиянын Потсдам шаарынын борбордук сейил багында бардык каалоочулардын келип көрүүсү үчүн 14-апрель күнү эки БОЗ ҮЙ тигилди.
  • «КЫРГЫЗПОЧТАСЫ» ишканасынын директору Т.Эшалиев: «Айлык боюнча карызыбыз 17 миллион сомду түзүп, кызматкерлерибиз мунун айынан чарасыздан эмгек өргүүгө чыгууга болушууда»,- деди.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Малик Осмонов президент менен парламент иш алып барган Ак үйдү «ЭЛ ОРДО» деп атоону сунушташууда.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
asil-08
2014-04-21 22:13:33
Ош тв озбектерге сатылды элди алдап орустун атына жаздырып коюшту
+2
Anqelina2
2014-04-21 23:46:49
asil-08, Чындап элеби??? Озбектерге сатылдыбы? Олгон турбайбы анда.
+2
Sharipa-asia
2014-04-21 22:39:00
Сата бергилечи эмне болот экенбиз, дагы урпактарыбызды ойлоп койгонубуз куйдурот.Ушинтип баарын сатсак бала-чакабыз кантип жашашат, ойлонсок боло деги
+3
asil-08
2014-04-22 07:32:53
Anqelina2 ооба чындап эле росияда жашаган юир мильярдер озбекке сатып жиберишиптир бийдиктегилер бизден регистрация болушат да бут связь боюнча лицензия беребиз буну регистрация кылып атып куйбогон жерибиз кул болду эл журт
+6
rozka
2014-04-22 11:43:49
Сата турган дагы эмнелери калды?
0
nargul
2014-04-22 12:22:19
Оштв сатылды.... Эрнист Кыязовду жумуштан алып жаны тынышты.... Ииий ушуларды ойлосом Кыргызстанга баргым келбейт... Бирок Ошумду сагындым....
+2
mikinookat
2014-04-22 12:50:08
Эрнис Кыязов бар учун Ош Тв корот элек,азыр 1 сек да койбойм ОШТВ
0
Abdyrawit
2014-04-22 12:59:09
ОШ тв ны тузгон бир озбек улутундагы киши болгон.аны Мелис Мырзакматов озбек маданиятын которуп жатат деп эл арызданганда тартып алган.кийин кече жакында эле Мээрлик талаш болгондо.АША нын журналистери орусияга барып.ОШ твнынын мурдагы деректору озбек улутундагы кишиге "Ош твны Кайра кайтарып алуу неитинз барбы"- деп атайын репортаж тузуп келген эле.Озу биздикилер коро албастык жасоо боюнча 1-турабыз.Азыркы сатып алган орус ошол мурдагы деректорунун досу болот деп угуп калдым.
Сат сат сат
+4
Munar_6052
2014-04-25 23:43:39
Дагы бир жолу революция кылыш керек азыркы бийликтегилерди айдап ошондо онолобуз
+1
KUMU89
2014-04-26 09:09:22
Колумдан келбейт, колумдан келбейт деген саптарды айткын келет. Колубуздан келгенде башкача болмок. Акча деп журуп, арам олосунорго? Бийликтегилерге кыргыз экенине дагы кумонум бар!
+1
bakaika
2014-04-26 11:59:55
Мелис Мырзакматов каякта эл журт?
+1
naaazka
2014-05-06 10:41:13
озу азыркы бийликтегилер бекер эле акча жеп местаны ээлеп отурушат. андан ошолордун ордуна бир патриот адам келгенде баары башкача болмок
0
papanstan
2014-05-26 17:18:07
Жаман тойгоздунарда ушу чондор ненавижу
0
papanstan
2014-05-26 17:21:29
Ош аябай бардак экен чондор оозунарды ачпастан ондоп койсонор болмок соопко калмаксынар баса турган жерин да бардак басканга жер таппайсын
0
muni77
2015-07-22 17:10:13
ушул чондор оозун ачканда башка органдары эмес биринчи ашказаны корунотко
0
Sayasatchy0001
2015-12-19 03:57:00
Ош Мелис Мырзакматовсуз Дегеле Кыргызстан онукпойт Мырзакматовсуз
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан