CӨЗ ЭРКИНДИГИ ЖАШАШ КЕРЕК

16-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттары сөз эркиндигин ооздуктоого мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Анда 85 эл өкүлү колдоп добуш берсе, каршы чыккан депутаттардын саны болгону 8ди түздү. Алар: Ө.Абдрахманов, Ш.Айтматова, Р.Акназарова, Б.Жетигенов, Ы.Кадыралиева, Б.Калмаматов, А.Кутушев, Д.Тербишалиев.

ЭРИСТИНА КОЧКАРОВА КОНСТИТУЦИЯНЫ БИЛБЕЙБИ?
Кылмыш жана кылмыштык-процессуалдык кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында «кылмыш жасады» деп жалган маалымат тараткан журналистти 100 миң сомго чейинки айып пулга жыгуу же 1 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. «Оор же өзгөчө оор кылмыш жасады» деп жалган маалымат тараткан журналист 200 миң сомго чейинки айып пулга тартылып же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Депутаттар журналисттерди ооздуктоонун, өздөрүнүн былыктарын элге жайылтпоонун жаңы жолун табышты. Антпесе, кайсы бир иштерде калбыры бар экенин дал ушул журналисттер биринчилерден жазып чыгышат. Ошол эле оор кылмышка кирген коррупция беренеси боюнча Жогорку Кеңештин ичинен бир эмес, бир канча депутаттын кармалып отурганын эске алсак, журналисттерди «кылмыш жасады деп айтпа» деп ооздуктоого ошол залда отурган эл өкүлдөрүнүн моралдык укугу барбы деген суроону жаратат.
Эки революциянын келип чыгуусуна буга чейинки режимдердин сөз эркиндигин басмырлоо, медиарынокту жалпы көзөмөлгө алуу аракеттери негизги себептерден болуп келген. Мына ушундан улам да Апрель окуясынан кийин референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын 33-беренесине «чындыкка дал келбеген жана кимдир бирөөнүн кадыр-баркына доо кетирген маалыматты таратканы үчүн кылмыштык жоопкерчилигине тартылбайт» деп жазылган. Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Эристина Кочкарова демилгелеп чыккан. Анын Конституциядагы 33-беренеге каршы келгенин эске алсак, мыйзам долбоорун  президент кайтарып да салышы ыктымал.

 

КАРШЫ ДОБУШ БЕРГЕН ДЕПУТАТТАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Баш мыйзамга таянсак, анын негизинде басма сөз эркиндиги болуш керек. Ал эми парламентте кабыл алынып жаткан мыйзамдарга ар бирибиз ошол Конституцияга таянуу менен добуш берүүбүз шарт. Менимче, жалган маалымат тараткан журналисттерге жаза мөөнөтүн өтөө, айып салуу же болбосо коомдук кечирим суроо жазасын берүү менен алардын иштөө жолун башкарып же көзөмөлдөй албайбыз. Журналисттерди жазалоо жолу менен эмес, мыйзамдуулук жолу менен жалган маалымат таратууга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан да бул демилгеге каршы болдум.
Мен тууралуу дагы жалган-чыны аралаш көп маалыматтар чыгат. Бирок мен ушул күнгө чейин маселени журналистти сотко чакыруу же башка бир катаал жол менен эмес, жөн гана сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө аракет кылам.

ДАНИЯР ТЕРБИШАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Жалган маалымат тараткан журналисттерди башка мыйзамдар аркылуу деле жоопкерчиликке тартсак болот. Жалпысынан журналисттик кесиптик маданиятты өстүрүшүбүз керек жана ошонун негизинде иш алып баруубуз зарыл. Журналисттик чөйрөдө дагы профессионалдар, тажрыйбасы жетишсиздер бар, кээ бирлер жалган маалыматты жазышы мүмкүн, дагы бири сатылып кетиши мүмкүн. Жалган маалымат тараткан журналисттерге жаза колдонуу тууралуу мыйзамга каршы болгонумдун себеби, сөз эркиндиги жашаш керек. Сөз эркиндиги бул – жалпы демократиянын негизги принциби. Сөз эркиндигине кандайдыр бир басым кылып баштасак, социалдык курч акыбалга такалышыбыз мүмкүн.
Жалган маалыматты жарыялоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү боюнча бардык демилгелер сөз эркиндигине кол салуу катары бааланып кала берет. Жыйынтыгында «чындык бул» деп чыркыраган журналисттер соккуда калышат.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mir82
2014-04-21 09:36:58
Чындыкты чыркыратып чондордун былык(б*к*о*ун) жазган журналистерди кыса башташтыбы, эми гулдоп онуккон кыргызстаныбызда баары беш жана кыйратып атабыз деген гана жанылыктарды окуп калат экенбиз да. Байды кудай ураарда бийлигине мас болот,жыргатпай калды го ушулар
0
admin_media
2014-04-22 11:06:23
Mirba-Nookat.83,
Далили жок билдирүү жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан