Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:«КЫЗГА КАТ ЖАЗГАНДА АТЫМДЫ ЖАЗУУДАН УЯЛЧУМУН»

Каарманыбыз бала кезинде өтө шок болбосо да, бирөөлөр аны капа кылуусуна жол берчү эмес. «Алтын балалык» рубрикабыздын мейманы Жогорку Кеңештин 2 жолку депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаевдин эсинде таза сезимдер менен сакталып калган балалыгына бирге күбө бололу.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
1973-жылы 5-апрелде
Жалал-Абад шаарында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү, экономист.
Эмгек жолун 1995-жылы күйүүчү-майлоочу майларды сатып өткөрүү боюнча фирманын директорлугунан баштаган.
2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылыштагы «Ак жол» партиясынан депутат болуп шайланган.
2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри.
2010-жылы «Республика» фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты.
2013-жылдын мартынан тартып «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык тобунун лидери. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын түптөөчүсү.
Үй-бүлөлүү, 4 уул, 1 кыздын атасы.

«ӨЗ АЛДЫНЧА БОЛУУГА ЭРТЕ КӨНДҮМ»
– Бала чагымда өтө деле шок, өтө жоош да эмес болчумун. Бирөөлөрдүн мени капа кылуусуна жол бербедим. Балалыгымдагы эң кыйын мезгил – апамдан ажыраган учур болгон. Апам мен 11 жашка толгондо оорунун айынан көз жумду. Улуу бир туугандарым үй-бүлө күтүп, студент болуп, аскер кызматын өтөп кетишкендиктен, 5 жаштагы карындашым экөөбүз үйдө жалгыз калар элек. Атам болсо энергетика тармагында күнү-түнү иштеп жүргөндүктөн, аны да үйдөн көп көрбөй калчубуз. Ошол күндөрдөн тартып кийимдеримди өзүм жууп, сабагымды айттырбай эле окуп, өз алдынча болууга эрте көндүм.
Мен эс тартып келе жаткан мезгилде айылда ашар жолу менен иш бүтүрүү көп болчу. Эмнегедир ошол жалпылап үй куруу, дубал түптөө же дагы башка бир жумуштарга баш-отум менен кирип, кээде үйдөгү иштерди таштап коюп, ашарчыларга аралашып кетчүмүн.

«ЫР ЖАТТОО ООР ЭЛЕ»
– Мектепте эле так илимдеги сабактарды берилип окучумун. Физика сабагы боюнча республикалык олимпиадаларга катышып жүрдүм. Адабий окуу же ыр жаттоо сыяктуу тапшырмалар мен үчүн оор эле.
7-классымда олимпиадага катышам деп жүргөнүмдө мектептерден бештен гана окуучу катышмак экен, мен ал 5 окуучунун арасына кирбей калыптырмын. Анан мугалимиме барып, «алтынчы болуп катышайын, чогуу даярдана берейинчи» деп суранып жатып көндүргөм. Эжейибиз шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигине кайрылып, олимпиадага алтынчы болуп катышуума уруксат алган. Жыйынтыгында шаардык олимпиадада 1-орунду ээлеп, мектебиме жеңиш менен келгем.

«КЫЗДЫ БИЙГЕ ТАРТАМ ДЕП, ТАЯК ЖЕГЕМ»
– Ал кезде кыздарды өзгөчө бир аруу, таза сезимдер менен жактырып, аларга аяр мамиле кылчу элек. Алгач кат жазчубуз. Ошондо дагы биринчи катта уялгандан атымды жазбай койчумун. Анан кийинки катта ысымымды жазып, кыз жакшы жооп берсе сабактан үйүнө чейин узатып, сумкасын көтөрүшүп жүргөн күндөр өттү. 23-февраль, 8-март күндөрүндө биринчи эркектердин майрамы болгондуктан, көңүлүмдөгү кыздан белек алып, кайра ага белек берүүнү кыялданчумун. Бирок күтпөгөн эле жерден башка бир кыздан белек алып калып, кийин ага белек берүүгө туура келип калчу.
Эсимде, мындай майрамдарда мектебибизде дискотека уюштурулуп, бардык чоң класстардын окуучулары кечеде чогуу болушчу. Бир жолу ошондой майрамдык кечеде көңүлүмө жаккан классташ кызымды чакырып вальс бийлеп коюп мушташка кабылгам. Көрсө, ал кызды бизден бир класс жогору окуган бала аябай сүйүп, бирок жанына басып келүүгө даай албай жүрчү экен. Бир маалда эшикке чыксам эле 4-5 бала туруптур, алдымды тороп. Алар «эмне сен биздин кызга тийишесиң?» деп, мени баарылап сабап коюшкан.

«ОРУНДАЛГАН КЫЯЛДАР...»
– 3-классымда дил баян жазып жатып келечекте өндүрүшчү болом деп жазганым так эсимде. Кыялым орундалып, өндүрүшчү болдум десем болот. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин 10 жылдай айыл чарба продукцияларын өндүрүү тармагында эмгектендим. Ошол эле маалда атам Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты Эргеш Төрөбаевдин иштерине көп жардамдашып жүрүп, анын элге кылган кызматын көрүп, мен да элге кызмат кылууну кыялданчумун. Карапайым калктын жашоо-турмушу жакшыруусуна мен да салымымды кошоюн деп саясатка аралашып калдым.

«АСКЕРДИК ОКУУ ЖАЙДА ТАК БОЛУУГА ҮЙРӨНДҮМ»
– 8-классты аяктаган соң Суворов аскердик окуу жайына тапшырып калдым. Ал жерде 1 ай «жаш курсанттын курсу» деген өтө катуу тартиптеги чоң сыноо бар болчу. Ошол сыноодон өтсөң, андан ары окууну улантып кете аласың. Айрым балдар буга чыдабай кетип калышчу. Күн сайын эртең менен саат 6да туруп канчалаган чакырымдарды чуркап өтчүбүз. Ошондо саат 5:55те кадимкидей көзүң өзү умачтай ачылат да, бир аз убакыт бар окшойт деп эми оодарылып, уктай турайын дегиче «тургула» деген кыйкырык чыкчу. Ал жактагы сыноолорго чыдап, чыныгы эркектик мүнөзгө, сапаттарга ээ боло алдым. Ошол жерде окуп жүрүп катуу тартипке көнүп, так болууга, бир жакка кечикпей барууга үйрөндүм.


«АТАМ 18ге ЧЫККАНДАН КИЙИН СЕНИ БАКПАЙБЫЗ ДЕЧҮ»
– Атам бизди катуу кармады. Жумуштан маанайы жок келсе андан сестенип турчубуз. Алгач карындашыбызды жиберип, анан ал атам менен жакшы сүйлөшүп жаткан болсо, «аа, бүгүн атамдын маанайы жакшы экен» деп, биз да барып сүйлөшүп калчубуз. Апам каза болгондон кийин убакыт өтүп, атам экинчи аял алды. Бала болгондон кийин өз энемди сагынгандыктан, ал адамга баары бир көңүлүм туура келбей, өгөй апамдын тилин кээде албай койчумун. Бир ирет ушундай кылык үчүн атамдан эсте каларлык токмок жегем. Ойлоп көрсөм, атам бир гана жолу ошондо кол көтөрүптүр.
Ал киши мага дайыма «18 жашка толгондон кийин биз сени бакпайбыз. Өз алдынча адам болуп кетишиң керек, андан ары турмушуңду өзүң курасың» деп айта берчү.


Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
belosnejka1
2014-04-21 09:04:47
Ушул кишини аябай сыйлайм да!
0
sherik
2014-04-21 13:47:38
Бакыт иним, Бактылуу бол. Сага окшогон оз келечегин озу курган инсандар келип, Кыргызстан онолсо экен. Жашоодо тегерегинди карап, ак караны ажыратып ала жур. Мелис мырзакматовдун партиясына кошула калып, элдин кичине нараазычылыгын кылдын, Алгалай бер,Бакыт иним, чын ден соолук,бакыт болсун!!!!!
-4
logist
2014-04-21 19:26:48
молодец киши келечекте президент боло турган.
0
SayKal1218
2014-04-21 20:59:01
Ишине ийгилик.Узун омур берсин Жараткан.
0
bachu
2014-04-21 21:13:35
Менин байкем,жердешим болот!Молодец,Бакыт байке,ар дайым ушундай Кыргызстандын келечегин ойлоп,коп-коп ийгиликтерди багындырып журо бериниз!
0
elmira93
2014-04-22 03:04:42
Менин жанымда жашайт да деп клайынбы Хехе
0
Sharipa-asia
2014-04-22 23:02:12
Мелис Мырзакматовду ушул жерге да кыпчый калгансынар го, эл нааразы болгондой деле иш жасабаса керек, кайра тескерисинче эл учун иштеди го, , ушундай адамдар чыкса кыргыз коралбайт го, бизге жеп-жеп качып кетсе ошол жагат озу
+4
Manap_kg
2014-04-26 21:20:10
Озу омур байанын айтып берсе жакшы экен баардыгы сыдыргыга салгандай келеатыптыр эми бийлик берип сынап корбойлубу кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат дечу беле
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан