Мирбек Атабеков деген ысымдын кыргыз сахнасында пайда болгонуна быйыл 10 жылдай болуптур. «Атабековдун келишими бүтсө өзүнчө иштейт экен» деген кептер да чыккан болчу. Бирок продюсер менен ырчы иштешүүнүн жакшы ыгын таап алышканбы, жакында келишимин кайра узартышыптыр. Ырчынын продюсери Канат Култаев бул тууралуу: «Кыргыз шоу-бизнесинде ырчы менен продюсердин 9 жыл келишим менен иштеши бул рекорд. Биз биринчи орунга келишимдеги расмий шарттарды эмес, бир туугандык, достук мамилени коюп иштешебиз. Алдыда дагы жакшы пландарыбыз бар»,- деген ою менен бөлүштү.
Көз күйдүргөн ырчы мырзалар бойдок кезде жакшы чыгып, үйлөнгөндөн кийин анда-санда эле чыкпаса, сахнадан караанын сыйпалап таппай калчубуз. Мирбекте бул жагдай кандай болот, аны убакыт тактасын.