Daronoffsky аттуу режиссёр белгилүү шоувумен Ассоль Молдокматова тууралуу даректүү тасма тартканын теледива элге сүйүнчүлөдү. Daronoffsky десе «Кара ак куу», «Ной» тасмаларын тарткан режиссёрду ойлоп алып «чын элеби?» деп жаттык эле, көрсө, Daronoffsky жөн гана псевдоним экен. Ассоль айымдын айтымында, фильмди тартуу иштери Париж, Стамбул, Венеция, Лос-Анжелес, Лас-Вегас, Нью-Йорк шаарларында жана Голливудда өтүптүр. «Бул тасмада менин буга чейин жан адамга айтпай келген купуя сырларым, жашоомдогу акыркы жаңылыктар баяндалды»,- дейт теледива. Ага чейин «Ассоль эл аралык «Cosmopolitan» аялдар журналынын модели болот» деген жаңылык тараган. Ал маалыматты дизайнер айым ырастап, жайында Парижде жарыкка чыгарын айтты. Эмне демекпиз, жайды күтөбүз.