«Ак-Өргө сity`нин» тамашакөй балдарынын катышуусунда тартылган «Пентхаус» тасмасы жаштардын арасында кызыгуу жаратып турган кези. Алгачкы жолу режиссёр катары өзүн сынап көргөн Нурлан Мамакеев фильм жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды белгилеп өттү: «Тасманы тартуу идеясы өзүмө таандык. Ал эми сценарийи «Ак-Өргө сity» командасыныкы. Тасманын ийгилиги жакшы команданын чогулганында болду. Фильмде жаштарга ылайык күлкү да, сүйүү да бар. Ушул кезге чейин көрүүчүлөрдөн жалаң гана жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Эл тасманы көрүп аз да болсо күлүп, көңүлүн ачып кетсе дейбиз».