ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-апрелден 27-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кошумча киреше булагын табуу үчүн керектүү адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Бирге иштешкендердин бири өз укугун талашып, сиз менен кер-мур айтышууга барат. Акылга салып иш кылсаңыз, кырдаалдан оңой чыгасыз. Ишембиде базар аралоого туура келсе, жекшембиде жакындарыңыз төрүңүздөн орун алышы мүмкүн. Апта аягында сүйүктүүңүздүн пикирин угуп, чогуу-чаран иш кылуу абзел.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада жагымдуу мамилеңиздин арты менен чоң ийгиликтерге жетишүүңүзгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сизге кеп-кеңешин бергендерге кулак салсаңыз, адашпайсыз. Үйдө жумуш жасап жатып абайлоо кажет. Бир жериңизди ооруксунтуп алууңуз мүмкүн. Апта ортосунда керектүү нерсени издеп убара тартасыз. Апта аягында убакытты көңүлдүү өткөрөм десеңиз, чакырган жерден калбаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кеңешмеде чечкиндүү аракет кылып, өз пикириңизге бекем турууңуз зарыл. Болбосо бир иштерге күнөөлүү болуп кала бересиз. Күндөлүк керектөөлөрдөн акча артат, аларды тиричилик техникасын сатып алууга топтоңуз. Жеке жашоо калыбын өзгөртпөйт. Апта аягында үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселеси менен чуркайсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жеке жашооңуздун багытын өзгөртүүгө түрткөн чечим кабыл алууга туура келет. Коркпостон алдыга умтулуңуз. Дүйшөмбүдө жакындарыңыздын терс иштерин бетке айтуудан тартынбаңыз. Бейшембиде сиз күтпөгөн адамдан жагымдуу белек аласыз. Ишембиде өзүмчүлдүктүн арты өкүнүчкө саларын эске алуу керек.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада бир нерселерди сатуу жана сатып алууда жылдыздар жол ачып берет. Жакын адамыңыз менен кайра табышып, эски таарынычтарды унутуу керектелет. Шаршембиде жаңы идеянын үстүндө иштесеңиз, жыйынтыгы кубантарлык болот. Жума күнү жамаат алдында кадыр-баркыңыз өсөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Каржылык абалыңыздын жакшырышы жана чөйрөңүздүн жаңы адамдар менен толукталышы күтүлүүдө. Дүйшөмбүдө туура эмес маалыматтар менен сизди алдоого аракет кылышат. Уккандарды таразалап, анан иш алып барыңыз. Шаршембиде жасаган эмгегиңиз үчүн сыйлыкка татыйсыз. Жума күнү ден соолугуңуз кескин начарлап кетиши ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Соодагерлер жана бизнесмендерге жаңы деңгээлге көтөрүлчү маал. Бирок бул өнөктөштөр менен туура иштешкенде гана ишке ашат. Шейшембиде сүйүктүүңүз камкордукка бөлөөгө тырышат. Жакшы маанайды одоно сөзүңүз менен бузуп албаңыз. Апта аягында чарба иштерине басым жасайсыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Жан дүйнөңүзгө тынчтык бербеген сезим иштен алагды кылат. Андыктан керектүү адам менен мамилени улантуу же үзүү жаатында ачык сүйлөшүүңүз мүмкүн. Айлык азайбасын десеңиз, жумушта түзүлгөн жаңы шартка ыңгайлашууңуз кажет. Апта ортосунда аласаңыз колуңузга тиет. Ишембиде өткөн жашоону эске салган тааныштарга кезигесиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Алдыдагы жашооңуздун багыты жакшы жагына өзгөрүүсү күтүлүүдө. Окуяларга маани берип, назар салуу сунушталат. Айрымдар жашаган жерин алмаштырышат. Дүйшөмбүдө керектүү маалыматты издеп убара тартасыз. Бейшембиде бир окуядан улам ушакка илинүүңүз ыктымал. Жума күнү буюмуңузду жоготуп алуудан этият болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жакыныңыздын жеке турмушу боюнча чечим кабыл алуусуна аралашпаңыз. Жыйынтыгы туура эмес болуп калса, сиз күнөөлүү болуп калышыңыз мүмкүн. Шейшембиде майда иштерге көңүл бурбай койсоңуз, кийинки аптада алар көп убактыңызды алат. Шаршембиде мурда сизди алдап кеткендердин бети ачылат. Жума күнү документ иштерине так болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада сүйүшкөндөр ортосундагы таарыныч кол үзүшүүгө чейин жеткирүүсү мүмкүн. Андыктан жагдайды жакшылап түшүнүүгө аракет кылыңыз. Ашказан, ичеги ооруларын алдын алуу үчүн майлуу тамактардан качыңыз. Бейшембиде жетекчиликтин көңүлүн бурдуруп, мактоого арзыйсыз. Ишембиде сырткы көрүнүшкө көңүл буруп, салонго баш багууңуз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада көп иштерди бүткөрөм деп чарчайсыз. Бирок акыбети жемиштүү болмокчу. Жаңы тааныштар маалымат алууда пайдалуу болуп чыгат. Шейшембиде чыгашалар көп болот. Жума күнү бир ишти бүтүрүү үчүн кызматтагы тааныштарга кайрылууга туура келет. Апта акырында чөйрөдөгүлөрдүн таасирине берилип кетип, душман көбөйтпөңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан