«БИР БӨЙРӨК МЕНЕН ТӨРӨЙ АЛАМБЫ?»

– Менин 1 бөйрөгүм ооруп, мындан 5 жыл мурун алынып салынган. Эми балама шерик кылып дагы бирди төрөп алсам дейм. Кош бойлуу болсом ден соолугумда кыйынчылыктар жаралбайбы? Угушума караганда, бир бөйрөгү жоктор боюнда бар кезде шишип кетип, аборт жасатууга туура келет экен.

Гүлжан, 33 жашта, Ош

– Алгач урологго, гинекологго көрүнүп, анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өтүңүз. Толук текшерүүдөн кийин гана экинчи бөйрөктө сезгенүү же өнөкөт оору бар, жок экендиги аныкталат. Эгерде экинчи бөйрөгүңүз дартка чалдыкпай, соо деп табылса, анда коркпой төрөп алсаңыз болот. Бирок кош бойлуу кезде убак-убагы менен текшерилип туруу кажет.


«МЕЧИТТЕРДЕ СУУ ЖЫЛЫТКЫЧТАР КОЮЛСА ПРОСТАТИТ АЗАЯБЫ?»
– Даарат алгандардын көбү простатит оорусуна кабылат экен дегенди угуп калдым. Даарат алганда адам гигиена жактан таза болот да, анан кантип простатит болсун? Мисалы, мен да намаз окуп, даарат алам. Бул ден соолукка зыянбы?

Бабравшан, 26 жашта, Жалал-Абад

– Даарат алуу гигиена жактан туура. Бирок кептин баары айрым даарат алган адамдар жылуу суу менен эмес, муздак суу менен жуунуп жатышканында болуп жатат. Өзгөчө күз, кыш, жаз мезгилинде муздак суу менен жуунуп, анан толук курганбай кийинип алып көчөгө чыгып кетүү простатитке (урук чыктагыч бездин сезгенүүсүнө) алып келүүдө. Башкача айтканда, урук чыктагыч без шишип, оорутат. Андыктан мечиттерде суу жылыткычтар коюлса, ооруга бөгөт коюлат эле.

«ЖУКА ЧУРАЙГА ТЕБИШСЕ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?»
– Жаш балдар өз ара көп эле мушташышат. Андай учурда жука чурайга да тебишет. Мындан эркектин жыныс мүчөсү шишип, катуу оорутат. Өзү айыгат деп дарыгерге кайрылбай койсо кийин зыяны тийбейби?

Азис, 20 жашта, Бишкек

– Бийиктиктен же аттан кулаганда, бирөөлөр менен мушташканда жыныс мүчө катуу оорутса, анда сөзсүз урологго көрүнүү кажет. Эгер соккудан жыныстык мүчө шишип чыкса, анда адамды бастырбай жаткызып, машина менен алып баруу керек. Анткени басканда шишик тарап, оорутуу катуулайт. Өзү айыгат деп жүрө берип, кийин жумурткасы чирип кеткендер да, жыныс мүчөсү кыйшайып калгандар да келишет.
Урологго көрүнүп, доплерографиядан (кан тамырлардын абалын ультра үн менен текшерүү) өтүү да сунушталат.

«АЯЛЫМДЫН ЦИСТИТИ МАГА ЖУКПАЙБЫ?»
– Аялымдын өнөкөт цистит оорусу бар. Бат-бат кармайт. Анысы мага жугуп калбайбы? Цистит кармабашы үчүн кандай чара көрсө болот?

Азиз, 25 жашта, Бишкек

– Цистит оорусу аялдарда көбүрөөк кездешет. Мындай оорусу барлар, өзгөчө бат-бат ооругандар гинекологго да, урологго да көрүнүүлөрү керек. Анткени кээ бир аялдардын уретрасы (заара чыгаруучу каналы) тубаса жыныс кынынын оозуна жакын жайгашып калат. Андайда инфекциялар бири-бирине өтүп, сезгенүүлөр келип чыгат. Абалдан операциялык жол менен чыгууга болот. Уретра өйдө жакка жайгаштырылат.
Цистит жукпайт, бирок жан шеригиңизде жыныстык жактан жугуучу оору бар болсо, анда жугат. Цистит кармабашы үчүн таманга сыз өткөрбөө, гигиенаны сактоо, иммунитетти чыңдоо керек.

«БӨЙРӨГҮ ЫЛДЫЙ ТҮШКӨН ЭРКЕК БАЛАЛУУ БОЛО АЛБАЙБЫ?»
– Мен «Дордой» базарында араба түртүп иштейм. Өткөн күздө ооруганымдан врачка көрүнсөм, «оң бөйрөгүң ылдый түшүп кетиптир» деп дарылады. Азыр ошол бөйрөгүм кез-кезде ооруп калат. Ушундан улам башка ишке өтүүнү да ойлонуудамын. Бул оору менен ооругандар балалуу болбой калат дешет. Ушул чынбы?

Элмурат, 26 жашта, Бишкек

– Оор жүк көтөргөндө, тез арыктап кеткенде бөйрөк ылдый түшүп кетиши мүмкүн. Арыктаганда бөйрөк майы жукарып, азаят да, бөйрөктү кармап тура албай калат. Бөйрөгү ылдый түшкөндөр 20 килограммдан ашык көтөрбөшү зарыл. Анан дагы кыймылдаганда, бир нерсе көтөргөндө бөйрөккө күч келип оорутпасы үчүн медициналык бандаж (курсак тарткыч) тагуу сунушталат. Убагында дарыланып, текшерилип туруу керек. Болбосо бөйрөктө таш пайда болот, басымы көтөрүлөт дегендей. Бирок бөйрөгү түшкөндөр кадимкидей эле балалуу боло беришет.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын алдындагы Урология борборунун директору, профессор АКЫЛБЕК УСУПБАЕВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду
(0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
4alma77
2014-04-21 09:40:03
Иншаллах баарын алла берет жакшы ниет,тилек кылсаныз,тороп алгыла.Караганда шаарында иштеп жашган Туратов Алмаздын номерин билсендр жазып койгулачы.
0
katali
2014-04-21 13:09:58
Супер инфо бул адистин оздук кол телефонун, жазып койсонор жакшы болот эле чет олкодон чалуулар учун алдын ала рахмат кутобуз.
0
admin_media
2014-04-21 14:39:06
katali,
Саламатсызбы! Жеке суроолорду да
(0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
0
ekaterina
2014-10-07 10:32:44
саламатсыздарбы супер инфо.бир труба менен балалуу болгонго болобу?тагырагы он труба жок.сол труба менен.Маалымат берип койсонуздар .рахмат
0
admin_superstan
2014-10-07 10:41:33
ekaterina, саламатсызбы!
Бул сурооңузга жооп алганга аракет кылабыз.
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан