СТАТИСТИКАДАН
Ооздун жана кекиртектин рак оорусу менен ооругандардын 80 пайызын насыбай аткандар түзөт.
НАСЫБАЙДЫ ӨСПҮРҮМДӨР НЕГЕ АТЫШАТ?
Насыбай атуу учурда 13-16 жаштагы өспүрүмдөрдүн модасына айланып калганы жашыруун эмес. Анткени, мунусу менен өспүрүмдөр өздөрүн чоң адам катары көрсөтүүгө куштарланышат. Буга насыбайдын тамекиге караганда арзандыгы, көчөдөн эле сатып алууга боло тургандыгы шарт түзүп берүүдө.
НАСЫБАЙ СТАТУСУ БОЮНЧА КАЙСЫГА КИРЕТ?
Мектептерде кээ бир өспүрүмдөр илимди кемирбей эле насыбайды атып калышкандыгын уккан ата-энелер насыбай саттырбай койгула деп милиционерлерге да кайрылышкан учурлары болот. Бирок, укук коргоочулар баңгизатка анаша, марихуана, кокаин гана кире тургандыгын айтып, ата-энелердин өтүнүчүнөн баш тартышат. Себеби, насыбай статусу боюнча тамекиге кирет.
ТҮРЛӨРҮ, БААСЫ
Насыбай баткендик, ташкенттик, ферганалык жана башка болуп бөлүнөт. Аталышы да насвай, ансвай, насыбай деп түрдүүчө. Учурда Бишкекте сатылып жаткандары негизинен, Баткенден алынып келинген насыбайлар.
Өзбекстан тарапта насыбайды ийлегенден кийин электен элеп өткөзүшөт. Минткенде насыбай порошок түрүнө өтөт.
Ал эми Кыргызстанда жасалган насыбайлар ийленген соң эт тарткычтан өткөзүлгөндүктөн, таякча формасына ээ болот.
Насыбайдын бир килограммынын баасы 50 сом. Ал эми ичке пакеттерге салынып сатылганынын баасы дүңүнөн бир сом, дааналап сатылганы эки сом. Бир пакети 30 ирет атууга чейин жетет. Насыбайды дүңүнөн саткандардын соодасы жакшы болгон күнү 500 килограммга чейин насыбай өткөрүшөт.
НАСЫБАЙ ЭМНЕДЕН ЖАСАЛАТ?
Насыбай фабрикада жасалбайт, ал бар болгону үй шартында гана даярдалат.
Насыбай мурун «нас» өсүмдүгүнөн даярдалгандыктан, насыбай аталышы ошондон чыккан.
Насыбайдын негизги курамын: махорка же тамеки түзөт. Буга акиташты, өсүмдүктүн күлүн, төөнүн тезегин же тооктун кыгын, анан желим (клей) же болбосо май кошушат.
Өсүмдүк күлү катары көбүнчө эмендин өрттөлгөн кабыгынын күлү колдонулат. Аталгандардын баарын кошуп туруп ийлегенде насыбай келип чыгат.
Акиташ никотиндин ооздун былжыр чел кабыгы аркылуу канга сиңүүсүн шарттайт.
Насыбай жашыл шариктер же көк-күрөң өңдөгү порошок түрүндө болот.
НАСЫБАЙДЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЕКИНИ ТАШТАЙ АЛБАЙСЫҢ!
Насыбайда тамекиге караганда никотин көп. Ушундан улам адамда никотинге көз карандылык өсүп отурат. Ошондуктан, тамекини таштоо үчүн насыбайга өтүп, акырындап таштайм дегендин өзү жомок.
КАНТИП ПАЙДАЛАНАТ?
Насыбайды ооздун 3 жерине салса болот. Астыңкы, үстүңкү эриндин ич жагына, тилдин астына. Мындан тышкары мурунга да салышат. Бат-бат суукка урунгандар насыбайды майдалап туруп жытташат.
Насыбайды оозго салып жатып, аны эринге түшүрбөө керек. Болбосо эрин күйүп, ичине суу толгон ыйлаакчалар пайда болот.
Насыбайды колдонгондор шилекейин улам түкүрүп, шилекейи менен насыбайды жутпоого аракеттенишет. Жутканда катуу баш айланып, ич ооруп, кусуу, ич өтүү келип чыгат. Тооктун кыгын жеп алган мал өлүмгө учурай тургандыгын эске алганда курамында тооктун кыгы бар насыбайды жутуу канчалык коркунучтуу экендигин элестете берсеңиз болот.
Жаш балдар кокус насыбайды жеп алышса катуу уулана тургандыгы да ушуну менен түшүндүрүлөт.
НАСЫБАЙ ОРГАНИЗМГЕ КАНДАЙ ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ?
Насыбай атканда шилекей абдан көп бөлүнүп чыгат. Ооздун ичи күйүккө дуушарланат. Көз караңгылап, баш ооруйт. Көп өлчөмдө колдонгондо мас сымал абал пайда болот, баш айланат, жүрөктүн кагышы ылдамдайт.
Зыяндары: