БУКАЧАР ЖЫЛДЫЗЫНДА ТӨРӨЛСӨҢҮЗ

(21-апрелден 20-майга чейин төрөлгөндөр)

Табияты (стихиясы)Жер
Колдогон планетасы – Венера
Ташы – Сапфир
Түсү – Сары, жашыл

«Шаштырбаган, шашпаган сонун көздөр» дегенди уккансызбы? Мындай көздөрдүн ээси букачар белгисинин алдында жарык дүйнөгө келген адамдар. Негизи, букачар белгисиндегидей сабырдуу адамдар аз. Табияты жер болгондуктан, салмактуу, бир мүнөз, чыдамдуу болушат. Эгиздердей эч качан ордунан тура калып күтүүсүз кадамга барбайт же арстан белгисиндегилердей биринчи оюна келген нерсени жасап коюу буларга жат. Бөркүңүздөй көрүңүз, алардын ар бир кадамы, чечими бир канча убакыт ойлонуунун, таразалоонун натыйжасы.
Көп учурда эмоциясын сыртка чыгара алышпайт, кубанганы да, жинденгени да ичинде. Алардын оозунан эч ким турмушка наалыганын же кыйналдым дегенин укпайт. Бирок чыдап жүрүп, сабыры түгөнгөндө анын жанына адам жолобой эле койгону оң. Жолундагы бардык нерсени кыйратып кетиши мүмкүн. Анча-мынча нерсеге алдырбаган букачарлардын бир талуу жери бар, алар жашоосундагы бурулуштарды азап менен көтөрүшөт. Көнгөн адамдары, көнгөн үйү, атүгүл көнгөн төшөгүн башка нерсеге алмаштыргылары келбейт.
Кежир, айтканын бербей, бир топко көжөлөт, бирок ачкычын тапкан адамга андан өткөн мээрман, боорукер, туруктуу адам жок. Букачарлардын өзгөчөлүгү – эмгекчилдиги. Адатта, алар майда-барат иштерди эринбей жасап чыгууну жакшы көрүшөт, бош отура алышпайт. Акчаны өтө үнөмдүү колдонгондуктан, капчыгы бош калган күн болбойт. Өзүн кымбат баалуу нерселер менен курчаганды жакшы көрүшөт.

Мыкты сапаттары – сабырдуулугу, эмгекчилдиги, калыстыгы
Начар сапаттары – пассивдүү, өтө жайлыгы, көктүгү

КИМДЕР ТУУРА КЕЛЕТ?
Букачарлар досторду, өнөктөштөрдү жана түгөйлөрүн жер, суу табиятынан издегени оң.
Мыкты шайкеш боло турган жылдыз белгилер – бийкеч, букачар, текечер, балык
Тил табышып жашай ала тургандар – чаян, бөйөн, жаачы, тараза
Тил табыша албагандар – эгиздер, арстан, кой, суу куяр

БУКАЧАР ЭРКЕК
Букачар эркектер өзүнө ишенимдүү, баасын билген, салмактуу адамдар болушат. Түгөйүңүз букачар болсо, анда жашооңуздун стабилдүүлүгү менен куттуктап койсо болот. Аялына камкор, ал эми кыздарына өзгөчө мээримдүү эркектер. Өздөрү туруктуу болгондуктан, башкалардан да ошону талап кылышат. Бул белгиде төрөлгөндөрдүн арасында ажырашуулар аз болот. Тилекке каршы, мындай учур болуп калса, алар оор кабыл алышат жана көп учурда кайра турмуш жаңыртышпайт. Букачар эркек үй-бүлөнүн жүгүн толугу менен өзү көтөрөт, аялдары иштебей үйдө отурганын каалашат. Бирок бул алардын эркиндигин чектегени эмес, жөн гана өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп алганы.

 

БУКАЧАР АЯЛ
Мыкты кожойке, мээримдүү эне, күйөөсүнүн мыкты кеңешчиси, боорукер бир тууган. Мына ушул сапаттардын баарына букачар белгисинде төрөлгөн аялдар ээ. Алар үчүн үй-бүлөдөгү тынчтык биринчи орунда. Тартышып отургандан көрө көз жумуп коюу менен маселени чече алышат. Эркектерине караганда аял букачарларда лидерлик бар. Бирок аны үйдө көргөзбөгөнгө аракет кылышат. Бул аялдардын колунан келбеген бир гана нерсе, абалга жараша өзгөрө алышпайт. Көп нерсеге токтоолук менен мамиле кылган алар жан дүйнө бурганагынан алыс болушат. Түгөйүнүн материалдык жагын жакшылап билип туруп гана баш кошууга макул болушат, анткени акча аларга биринчи болбосо да, негизги маселелердин бири.

 

БУКАЧАР НАРИСТЕ
Эмгекчил балакай эрте жашында эле табылгалары менен ата-энесин сүйүнтө алат. Тартиптүү, жөндөмдүү балаңыз мугалимдерге да жагат. Бир жаман жагы, ага бир нерсе жакпай калса эч кандай күч аны макул кыла албайт. Мисалы, оюнда бала бакчага барбайм деп чечсе, ошол күнү эмне кылса да барбай коё алат. Мындай учурда күчкө салбаган оң. Эмоциясын сыртка чыгара албагандыктан, алар кайсы бир маселени айта албай жатышы мүмкүн. Букачар балакайда дагы бир маселе, анын такыр ишти тез бүтүрө албастыгы. Жат жазууда же текшерүү ишин аткарууда кечигип калышы мүмкүн. Аларды «тез эле, тез» деп шаштырбоо керек, ого бетер ойлору чаташып, таптакыр баш тартып коюшат. Андыктан анын табигый темпин эске алуу менен мамиле кылуу керек. Балаңызды тынч, мээримдүү үй-бүлөдө чоңойтконго аракет кылыңыз, анткени алардын жашоосунун пайдубалынын түптөлүшүнө бул өтө керек.

Асия Алиева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
2014_samat_DJ
2014-04-23 11:30:08
сонун го,менин жигитим да букачар
0
medetbek
2014-04-23 22:28:55
мен да букачармын келинчегим бийкеч туура чыгып калды го копчулугу
0
kamchy_0119
2014-04-24 00:14:43
Оуу букачар мынча коп. Туура буга ишенбеш керек топ келсе да. Бешенеге Аллах жазганын коробуз
0
dentistka
2014-04-24 00:38:41
эгиздерди да жазгылачы.
0
Nurik_9597
2014-04-25 03:09:16
Tura jazylyptyr, bike4ter barsynarby
0
Nurik_9597
2014-04-25 03:11:16
Bar bolsonor tagaev.kg.97@mail.ru afto tawtagyla jakyndan tanywabyz odnodo Nurik Tagaev
0
jurek.96
2014-04-25 06:44:00
jakbadi okub zerigyp ketim
0
zhunusova
2014-04-26 23:29:18
менимче да туура,мен да букачармын. азыр жогоруда айтылгандай, жолумдагынын баарын кыйратып кетууго чейин жетип калдым
0
zhunusova
2014-04-26 23:31:57
мындай жазуулар да алланын буйругу менен жазылып жаткандыр,анткени бул жашоо да. жашоодо орунсуз нерсенин озу жок
0
mega777
2014-04-27 14:20:45
50пайызы гана дал келди(
0
aseljan
2014-05-01 15:40:24
kop jeri tuura eken.
0
ruya
2014-05-26 18:24:54
sovpadaet))
0
tea23
2014-06-24 01:45:48
Менин балларым бука чар м-н бийкеч. Аябай жакшы тил табышып абдан жакын бири-бир не. Дагы кого кетчу нерсе, букачар балдарды ооп- жыттап кучактап койсон айткандын баарын аткарат. Букачарларды суйуу камкордук м-н кондуруш керек.
0
Aikosha95
2015-12-16 13:18:09
Туура келди
0
Sultanova.J
2016-04-18 21:56:39
50 пайызы дал келди кээ бир жерлери дал келбей калды. Өтө сабырдуу келишет дептир ,бирок мен такыр сабыры жок адаммын ☺
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан