Кичине балдардын көпчүлүгү тамак жебей, ата-энесин кыйнайт эмеспи. Бул эмнеликтен экенин чогуу изилдеп көрөлү.
БАЛДАРДЫН ТАМАК ЖЕБЕЙ КОЮШУНУН 7 СЕБЕБИ БАР:
1-себеп. Каршылык көрсөтүү
Кеңири таралган себеп. Чоңдор дагы нааразылыгын, каршылыгын ачкачылык жарыялоо менен билдирет. Балдардын мындай жоругун «мага көңүл бургула» деп түшүнсө болот. Себептери төмөнкүчө болушу мүмкүн:
Эмне кылуу керек? Урушпоо, суранбоо жана айтканынын баарын жасай бербөө керек. Бала эмне үчүн каршылык көрсөтүп жатканынын себебин таап, кемчиликтерди кайталабоого жетишүү зарыл.
2-себеп. Табиятынан тамакты аз жечүлөргө кирет
Арык, бирок тамакты көп талап кылбайт.
Эмне кылуу керек? Салмагына көз салып, жеген тамагы көбүрөөк витаминдерди камтый тургандыгына жетишүү керек.
3-себеп. Дасторкондо отурганда кагып-силкүү
Кичине балдар кашыкты же айрыны туура эмес колдонуп тамак жесе, айрым ата-эне «антип эмес, минтип жегин» деп кагып-силкет.
Эмне кылуу керек? Баланы урушпай, акырын айтып көрсөтүү, үйрөтүү зарыл. Кашык же айрыны туура кармап ичип калса, мактап коюңуз. Бир нерсени кийимине төгүп алса, урушпаңыз. Анын алдын алып, төшүнө боркок тагып, тизесине кол аарчы коюп коюңуз.
4-себеп. Алаксытып, ойнотуп тамак жегенге көндүрүү
Баланы тамак жесин деп алаксытып, ойното беришсе, же сыналгынын маңдайына отургузуп коюшса, ошого көнүп калат. Тамакты жөн берген учурда кызыксыз болот да, тамак жегиси келбейт.
Эмне кылуу керек? Тамак бергенде алаксытпоо жана чоңдор өздөрү да сыналгынын маңдайында отуруп тамактанбоолору керек. Дасторкондо отурганда жакшы сөздөрдү же кеңештерди айтып отуруңуздар.
5-себеп. Даамдуу эмес...
Мындай балдарды чыргоо дешет, бирок бала үйдө көп жасалган тамактарга көнүп калып, башка тамакты жегиси келбеши мүмкүн.
Эмне кылуу керек? Кичинесинен улам жаңы тамактарды жасап, аларды жегенге көндүрүңүз. Айрым ата-эне «балабыз колбасаны же йогуртту жакшы көрчү эле, барган жерибизде алар жок болуп калса, ачка калбасын» деп тамагын кошо көтөрүп жүрүшөт. Минтип жаман үйрөтпөңүз. Балдар көбүнчө жегиси келбеген нерселерди конокко барганда жеп жатканын байкоого болот. Эмне үчүн дегенде элдин баары тамшанып жеп жатса, ал да ошолорго кошулгусу, туурагысы келет. Андыктан конокто балдар жаңы тамакты жеп көрүүгө бат көнөт. Сиз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыңыз.
6-себеп. Жашылчалардан баш тартуу
Айрым балдар тамактагы сабиз, болгар калемпири, түрп сыяктууларды терип чыгарып салышат. Кээ бир жемиштерди оозун чүйрүп жебей коюшат.
Эмне кылуу керек? Тамакка жогоруда айтылган жашылчаларды кооздоп кесип же алардан түрдүү фигураларды жасап кошуңуз. Жебеген жемиштеринен коктейль же шире жасап бериңиз. Ошентип акырындап алардын даамына көндүрүңүз. Ал тургай андай тамактар, коктейль, ширелерге балаңыз менен жаңы ат тандап, ошо менен атап жүрүңүз.
7-себеп. Эч качан ачка болгон эмес
Бала тамак кубаныч алып келерин билбейт, анткени ал эч качан ачка болгон эмес. Тигил же бул тамакты самап, кыялданбаган. Себеби ата-эне дайыма тамакты оозуна кармайт.
Эмне кылуу керек? Тамактан баш тартса, алдынан тамакты алып коюңуз. Ачка калса эч нерсе болбойт, андан көрө качан өзү тамак сурагыча күтүңүз. «Тамак жейм» дегенде укмуш тамак жасап бербей, жөнөкөй эле катардагы тамакты жасап бериңиз. Бала тамакты баалап көнсүн.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg