ЖАҢЫЛЫК! GALAXY S5 КЫРГЫЗСТАНДА

Samsung Electronics компаниясы 2014-жылдын 11-апрелинде Galaxy S5 үлгүсүндөгү смартфону дүйнөнүн 150 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы сатыкка чыкты. Аны менен катар Galaxy Gear 2 жана Galaxy Gear Fit акылдуу кол сааттары да коомчулукка тартууланды. Мына ушул күнү компаниянын биздин өлкөдөгү өкүлчүлүгү аталган техникалык түзүлүштөрдүн ачылыш салтанатын уюштуруп, жыйын курду.

«GALAXY S5 СМАРТФОНУНА КЫРГЫЗ ТИЛИ ОРНОТУЛАТ»
Жаңы үлгүдөгү смартфон менен тааныштырып, анын артыкчылыктарын санап берген Samsung Electronics компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Дайырбеков: «Galaxy S5 биздин компаниядагы расмий түрдө кыргыз тили орнотулган эң алгачкы смартфон. Бул үчүн 70 миңдей программаларды жана 140 миң сөздү которуп, кыргыз тилин киргиздик. Кыргыз тилиндеги алгачкы смартфондор бир айдан кийин чыга баштамакчы. Бүгүнтөн баштап сатылып алынган телефондор да четте калбайт. Аларга дагы жакынкы күндөрү кыргыз тили интернет аркылуу орнотулат»,- дейт. Ошондой эле ал Samsung Electronics компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына быйыл 8 жыл болгонун жана бул аралыкта компаниянын продукциялары кыргызстандыктардын ишеничин актап, популярдуулукка ээ болуп, өлкөбүздүн рыногундагы үлүшү 70% пайызга жеткенин белгилеп өттү.

СМАРТФОНГО МҮНӨЗДӨМӨ
Сырткы көрүнүшүндө көп өзгөрүү байкалбаганы менен акыркы үлгүдөгү Galaxy S5 смартфону бир катар жаңы кызматтар жана өзгөчөлүктөргө ээ болуптур. Алсак, смартфондун сырткы түзүлүшү аны ар кандай курч буюмдарга урунганда чийилүүдөн гана сактабастан, суудан, чаңдан, кумдан сактайт. Ал гана эмес 1 метр тереңдикке чейинки сууда 30 мүнөт бою турса да эч нерсе болбойт. Мына ушунун баары ачылыш аземинде көрсөтүлүп, келген конокторду таң калтырбай койгон жок. Ал эми сырты ак, кара, көк жана саргыч болуп төрт түстө чыкты.
Мындан сырткары телефонду бекитүүдө, эң керектүү деген маалыматтарды кулпулап коюуда, онлайн сатып алууларда мурдагыдай сыр сөздүн кереги жок. Эми анын ордуна манжанын изин колдонууга болот. Бул эң ишенимдүү кулпу экени талашсыз. Ошондой эле смартфондун энергиясын үнөмдөө режими да жакшыртылган. Бул режимди ишке киргизүү менен бардык программаларды жабат да, экранды монохромдук режимге өткөрөт. Бул аккумулятордун алда канча көп убакытка иштеп, чалууларды аткарууга жана өткөрүп жибербөөгө шарт түзөт.

СЕРГЕК ЖАШООГО ЖАРДАМЧЫ
Иш-чаранын алкагында коомго сунушталган Galaxy Gear2 жана Gear Fit көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Бул сааттар Galaxy S5 смартфону менен туташ иштеп, сергек жашоо образын жактыргандар үчүн кошумча кызматты сунуштайт. Мында жаңыланган
S Health 3.0 программасынын жардамы менен физикалык кыймыл учурунда ден соолуктун абалын көзөмөлгө алууга болот. Ал эми пульсометр аркылуу жүрөктүн кагышы эсепке алынат.

ИШ-ЧАРАДА 5 СМАРТФОН БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ.
Galaxy S5 смартфонун сатыкка чыгаргандыгы тууралуу маалымат жыйынынан соң чакан чөйрөдө концерттик программа тартууланып, анда Салтанат Аширова, Юлия Руцкая аттуу ырчыларыбыз үнүн бийик созсо, «Позитифф» "Тамашоу" командасы тамашалары менен келгендердин боорун эзди. Ал эми көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан иш-чарадагы Galaxy S5 смартфону белек утушка ойнотуу учуру болду. Утуш ээлерин аныктоо үчүн смартфондогу убакыт эсептегич ишке киргизилип, көз ирмем сайын токтотулуп турду. Токтотулган учурдагы номур чакыруу баракчадагы номурга дал келген 3 конок белекке ээ болду. Мындан сырткары Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүндө өткөрүлгөн викторинага активдүү катышып, жеңүүчү аталган эки интернет колдонуучуга да жаңы үлгүдөгү смартфон белек катары тапшырылды.

Galaxy S5 смартфону сиздин жашооңузда жардамчыңыз болоруна шек жок. Андыктан мезгил менен тең жарышып, дайыма алдыда болууну каалагандар убакытты өткөрбөй, компаниянын продукциясын сатып алууга шашылыңыздар! Galaxy S5 Кыргызстандагы чекене баасы 40 миң сомдун тегерегинде болмокчу.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
koshmatov
2014-04-22 13:03:06
Жакшы телефон экен бирок кымбатко
0
Mystery
2014-04-22 15:50:04
кымбат телефондуку жоготсон азап экен, ортодо милиция байкебиз пайдасын коруп короче жоготсон так жалко. и еще опасно менин айфонумду карманшиктер байкап артымдан журуп алып кетишти, кооптуу дагы экен. абайлагыла. баарынан кызыгы биринчисинде, 203 маршруттан молдолорчо кийинген кыргыз балдар сумакамдын тубунон алып чыгышып тушуп баратканда байкап калып туртсом, айфон оорго колунан тушуп кетип атпайбы. прикиньте очургонго жетишиптир. анан да мага атырылып коёт жерден алпереин деватам деп
+1
sparkle
2014-04-24 08:51:27
Mystery, мен да жоготком айфон эмес самсунг с3. Заявление жазгам жоок ошол бойдон следовательге чалып койом озум чалам кабар жок деп койот. Кымбат телефондорду оздору эле алып коюшат деп уктум практика откон балдардан
0
Mystery
2014-04-22 15:53:56
так жалко мен аны адал эмгегим менен алгам. 1 жыл да колдонбодум. ошо балдар артымдан андып журуп по любому алып кетишти 203 тон. водители да иштешет окшойт карманщиктер менен. милицияларын омуру таппайт экен ана мына деп 1 жарым ай болду. кымбат смартфону барлар абайлагыла. болокторго эч корсотпогуло. давай до свиданья 34мин сом болдуго чиркин.......
0
Azura
2014-04-22 16:09:34
34 мин сомдук телефонду алып алып, анан маршрутка менен жургонунор кызык экен...
-1
Mystery
2014-04-23 15:40:53
Azura, туура айтасын машина алгыча кымбат телефон алып кереги жок экен.
0
kamo
2014-04-26 13:47:25
Mystery, Машина эмес самалет менен журсонда алып кетишет экен алам деген шылуундар. Менин куйоом машина менен журуп N9 смартфонду жоготуп келген.
0
Rayl
2014-04-22 17:26:45
озуу жактыгоо бирок суммасы жакпадыдааа))
0
Ashurova-gulida
2014-04-23 22:18:38
Телефондордон айырмасы жоок екен мен которуп журом.мага Мисалы жакпады.билбейм негедир программа лары кооп башын айланат же озум телефондо кызыкпаганымабы анча жага бербеди.ну посмотирим которуп коргуло.
0
Ashurova-gulida
2014-04-23 22:22:28
Бир жагы да жакшы екен телефонун сумкада звонок келеби смс келеби колуна таккан саатка келет.ошол жагы жакты. Анан кай жерде вайфай болсо сааты аркылуу через блютус тартып кете берет екен
0
aibek90
2014-04-24 13:11:49
аи 40 мин сомго 2 ноутбук беретко кымбат емеспи
0
fanatka19
2014-04-25 10:20:10
Ошондо сааты менен кошо сатылабы же анысы башка баага сатып алыш керекпи?
0
UFS
2014-04-25 10:29:47
саатын башка сатып аласын да азыр эч нерсени кошуп бербей калды го
0
Xperiaedil
2014-04-25 16:43:36
Dostor kanday oyloysunar men alayin dep jattym ele birok maga 2 telefon jagyp jatat galaksy note 3 anan galaksy s5 kaysyl jakwy dep oyloysunar? ayfon 5s jagat birok alganga akcham jetpeyt
0
kamo
2014-04-26 13:58:21
Xperiaedil, Негизи Самсунгдарга караганда Нокия,айфондор бышык келет экен. Мен самсунг айс 3 которгом. Куйоом планшетин алган экоо тен кээ бирде туруп заря албай калат. Зарядаган жери бат эле жешилеби айтор зарядный устр.ва алмаштырып атып жадаганбыз. Азыр айпад,айфон5 бар уйдо бышык экен,проблема жок дегендей. Самсунгду желкемдин чункуру корсун жаккан жок.
0
Xperiaedil
2014-04-26 16:59:37
kamo, рахмат кенеш бергенине ойлонуп коройун анда
0
Xperiaedil
2014-04-26 17:02:09
kamo, кечиресиз сен деп жазып алыптырмын
0
ayka.1991kg
2014-04-26 17:44:51
kamo,тура айтат
0
Aisanat
2014-04-25 20:01:22
Емки жылы алтысы чыгат беши арзандап калат.Мен ептеп торту чыкканда учун алдым. Еми балким алтысы чыкканда бешин алаармын.
0
Baktyluu_Jigit
2014-04-28 00:06:19
мисалы менин телефондон коонум калган азыр моб телефон сотка воопще колдонбойм 3-жыл мурун айфон алгам анан ал колуман тушуп кетип сындырып алгам ошонон бери воопше телефон колдонбойм даже простой телда колдонбойм
0
raimzhanov81
2014-05-28 02:15:57
кызыкпагыла жаман телефон бул.адамга оору жугузат экен.
0
isamurai
2014-06-18 19:51:07
азыр WhatsUP skype итп приложениелерге бир андройд тел аласында. Арзан Galaxy S2 экраны super amoled болотко дейм 2-3-4-5- Азырынча LTE 4G жакшы онукучо коп акча коротуп бренд менен оорунун кажети жок.
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан