Мурун 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүндө тапшырылып келген «Баатыр эне» мамлекеттик ордени президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисине белгиленген Энелер күнүндө ыйгарылууда.
2014-жылдын башынан тартып 7-апрелге чейин республика боюнча президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына 7 миңден ашуун көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо үчүн сунуш түшкөн. Бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын эксперти Эрнист Апилов айтып берди. Орденди алууга кимдер татыктуу, ал кандай талаптар, тартиптер менен берилерин билбейсизби? Анда маалымат сиз үчүн.
7 же андан көп балдары бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышат.
7 баласынын бири сот жообуна тартылган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышпайт.
Балдарынын бири сот жообуна тартылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине (соттуулук) ылайык соттуулугу жоюлган болсо, анда ал эне «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алат.
КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:
КОШУМЧА МААЛЫМАТ:
Ширин Турдакунова
koom@super.kg