Дүйнөгө аты таанылган Голливуд жылдызы, актёр, каскадёр, кинорежиссёр, ырчы жана дагы көптөгөн талант ээси Жеки Чан 7-апрелде Пекинде 60 жаш курагын белгиледи. Жылдыздын юбилейин кандай өткөргөнүнө бул жылы биз да абдан кызыкдар болдук. Анткени актёрдун жакшылыгын чогуу белгилөө бактысы Ош шаарынын тургуну Алмахан Мусаевага да буюруптур.
– Алмахан айым, дүйнө жылдызынын туулган күнүнө барып келиптирсиз. Кандайча мааракеге катышып калганыңыз жөнүндө айтсаңыз?
– Жеки Чан 60 жашын күйөрмандары менен чогуу белгилөө үчүн февраль айында сынак-лотерея жарыялаган экен. Бул тууралуу мен студент кызымдан уктум. Толук маалыматты болсо интернеттеги Жеки Чандын расмий баракчасынан алганбыз. Февралдын ортосунда кызым, анын курсташтары, мен болуп анкеталарыбызды тапшырдык. Бул лотерея сыяктуу эле экен, кимге ийгилик буюрса, ошол барат. Жалпысынан 500 орун кытайларга, 500 орун башка өлкөлөрдүн жарандарына бөлүнүптүр. Биз барып-келген жол киребизди гана төлөдүк. Калгандарын: жаткан мейманканабызды, шаарга экскурсия, тамак-ашыбыздын баарын актёр өзү каржылады.
– Туулган күнү кандай өттү? Сиз Жеки Чанга калпак да белек кылып келиптирсиз?..
– Жалпысынан актёрдун юбилейине дүйнөнүн булуң-бурчунан 900гө жакын күйөрмандары чогулдук. 7-апрелде Жеки Чандын туулган күнүндө чоң шоу-концерт болуп, корей, кытай жылдыздары, Жеки Чан өзү, уулу Жейси ырдашты. Ал эми калпак тууралуу айтсам, негизи белектерди колуна бердирбей жатышты. Мен алып барган сувенирлерди өзүнчө калтырып, калпакты колуна карматтым. Жеки Чан абдан жөнөкөй, карапайым, энергиясы ашып-ташкан адам экен. Күйөрмандарын Пекин, Шанхай шаарлары менен тааныштырып, өзүнүн жеке ресторандарына конок кылды. Андан соң жаңы чыккан киносунун премьерасына катыштык.
– Өзүңүз эмне менен алек болосуз?
– Мен Ошто турам. Бала бакча ачкам, учурда ошону өнүктүрүү менен алекмин.
– Рахмат маегиңизге.
Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg