16-апрелде Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан Чеджу аралына багыт алган бортунда 476 жүргүнчүсү бар «Севол» кемеси кырсыкка учурады. 28-апрелге карата учурда чөккөн кемедеги 174 адам куткарылса, каза болгондордун саны 180ге жетип, дагы 120дай адам дайынсыз болууда.
2 СААТТА ЧӨГҮП КЕТКЕН
«Севол» кемеси Түштүк Кореянын Инчхон шаарынын портунан Чеджу эс алуу аралына багыт алган. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү саякатка чыккан окуучулар жана мугалимдер болгон. Кеме Бишкек сааты боюнча 06:00 чамасында SOS сигналын жөнөтүп, ошол замат куткаруу иштери башталып, ага жакынкы жээктеги кемелер жана тик учактар тартылган. Кеме оодарылгандан кийин эки сааттын ичинде сууга чөгүп кеткен. Бир канча жүргүнчү жардамга келген куткаруучу кайыктарга өздөрү сүзүп барып аман калышкан.
Кеме суунун түбүнө толугу менен күндүзү чөккөн. Куткаруу иштеринин алкагында сууда керектелүүчү крандардын жардамы менен кемеге кычкылтек жеткирүү аракеттери да көрүлгөн.
КЫРСЫКТЫН СЕБЕБИ БЕЛГИСИЗ
Кеменин чөгүү себептери азырынча белгисиз. Эң биринчи версия болуп коюу тумандын кесепетинен кеме суу астындагы аскаларга урунушу мүмкүн экендиги божомолдонууда. Бирок жээк күзөтчүлөрү жол жакшы эле көрүнүп жаткан дешет.
Тирүү калгандардын биринин айтымында, капитан кеме чөгө баштаган учурда жүргүнчүлөргө бөлмөлөрдө калууну буюруп, өзү сууга алгачкылардан болуп секирген. Тергөө, иликтөө иштерин баштаган топтун маалыматына ылайык, капитан, анын жардамчысы жана дагы тирүү калган 5 экипаж мүчөсү өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал. Алар милдетин так аткарбай, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздай албагандыгы үчүн айыпталууда.
Эксперттердин пикиринде, капитандын жүргүнчүлөргө «кемеде калгыла» деген буйругу болбогондо, балким, көбүрөөк адам тирүү калмак. Анткени түрдүү кырдаалдарга даярдалган куткаруучу кайыктар колдонулган эмес. 46 даана куткаруучу кайыктын болгону бирөөсү гана колдонулган.
КУТКАРУУ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ
Куткаруучу кемелер аман калгандарды муздак суудан чыгарып, коопсуз жайга жеткиришсе, тик учактар кемедегилерди аркан тепкич менен тартып алып бир канчаларын сактап калышты. Түштүк Кореянын ажосу Пак Кын Хе куткаруу кызматынын бардык мүчөлөрүн бул ишке жиберип, аман калган жүргүнчүлөрдүн бардыгын сактап калууну өтүндү.
КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН:
«Кеме чөгүп жатканда бизди эч жакка чыкпай тургула дешти. Көп окуучулар кемеден чыга албай калышты».
КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН:
«Кеме бир жакка кыйшайганда суу тез эле каптады. Мен кеменин жыгылып жатканын сезип, качуу керектигин түшүндүм».
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg