«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» ПАРТИЯСЫНЫН ОНУНЧУ МАШИНА-ТРАКТОРДУК СТАНЦИЯСЫ ТАЛАСТА АЧЫЛДЫ

Талас облусунун Кара-Суу айылында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын онунчу МТС – машина-трактордук станциясы ачылды. Учурда МТСтин курамында шаймандар менен толук жабдылган 3 трактор болсо, келечекте алардын санын беш даанадан ашыруу пландалууда.
Алынып келинген техника – Беларустан өндүрүлгөн жаңы үлгүдөгү тракторлор жана Германияда, Түркияда жасалган айыл чарбада керектелүүчү шаймандар. Жаңы тракторлор бышык жана үзгүлтүксүз иштөөгө даяр. Ал эми шаймандары, мисалы, жер сепкичтер совет үлгүсүндөгү техникадан эки эсе үнөмдүү.
Жаңы МТСтин ачылыш аземинде «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга алынып келинген техниканын элет элинин жашоосуна болгон таасири орчундуу экенин белгиледи. Ал: «Өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында биздин МТСтер бар. Алар 20 миңден ашуун үй-бүлөгө айыл чарба кызматтарын арзан баада көрсөтүп келүүдө. Жыйынтыгында карапайым эл
50 миллион сомдон ашуун каражатын үнөмдөп калды. Биз негизги эки максатка жеттик: МТС бар жерлерде жер иштетүү баалары арзандады жана мурун иштетилбей калган жерлер иштетилип, түшүм бере баштады
»,- дейт.
Учурда «Өнүгүү-Прогресс» партиясы өзүнүн айыл чарба стратегиясын жүзөгө ашырууда. Калың элдин арасында айтылгандай, өкмөт 20 жылдан бери көңүл бөлбөгөн, Айыл чарба министрлигинин бары-жогу сезилбеген тармакта «Өнүгүү-Прогресс» иш алып барууда.
Адистердин баамында, бул атаандаштык эмес. Тескерисинче, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы башка партияларга үлгү болуп, колунда бар ишкер адамдарды айыл чарба көйгөйлөрүн чечүүгө чакырууда. Ошондой эле Айыл чарба министрлигин аталган атын актап, кыргыз элинин турмушундагы стратегиялык тармакта активдүү болууга үндөп турган маалы. Жазында дыйкандын бир күнү бир жылга тете...

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан