ТАЛГАТ НИГМАТУЛИН. ҮЗҮЛГӨН САПАР

80-жылдары дээрлик бардык кыргыз, өзбек, казак аялдарынын кумири болгон актёр Талгат Нигматулинди кимдер гана билбейт? “Кыргыз киносунда из калтырган Талгаттын тасмадагы өмүрү узун, талантынын кудурети күчтүү болчу” дешет замандаштары. Бирок өмүрү калпыс үзүлүп, өзү аткарган образдардай учкул, тайманбас, сүйүүгө тойбогон жүрөгүн күтүүсүз ажал багынтып кете берди.

Эрктүү жана намыстуу

Талгат Нигматулин 1949-жылы 5-мартта Кызыл-Кыяда шахтачынын үй-бүлөсүндө туулган (атасы татар, энеси өзбек кызы эле). Атасы Талгат эки жашка чыкканда каза болуп калып, энеси аргасыз уулун балдар үйүнө өткөрөт. Жашында өтүкчү, жумушчу болуп иштеген Талгат турмуштун ачуу даамын эрте тартат. Намыскөйлүгүнүн айынан “сен орусча билбейсиң” деген сөзгө эрегишип, Толстойдун “Согуш жана тынчтык” китебин кол жазма менен эки томун баракка көчүрүп чыгып, орусча үйрөнгөн экен. Ал эми алгач жактырган кызы аны менен арыксың деп бийлебей койгону үчүн келбетин келишимдүү кылууну көздөп, жашынан чыгыш күрөшүнө, бийге, жеңил атлетика ийримдерине катышат. Эрктүү, өжөр Талгатты бийиктикке жетелеген да, өмүрүн кыйган да ушул сапаттар болчу.

Комсомол, спортчу жана жөн гана сулуу актёр

Талгат көп кырдуу таланттын ээси болсо да, эң башкы максаты актёр болуу эле. Кандай болсо да максатына жетүүнү көздөгөн ал цирк жана эстрада орто окуу жайына өтүп гана тим болбостон, спорт менен алектенүүгө да убакыт табат. Каратэ боюнча Өзбекстандын чемпиону аталып, кара курдун ээси болууга жетишет. Тынымсыз машыгып жүрүп, СССРдин чемпиону наамына арзыйт. Бирок бул жетишкендик Талгатты канааттандырган эмес. Ал чыныгы атак-даңкты кинодон тапкан. Москвадагы ВГИКти бүткөн соң “Мосфильм” киностудиясындагылар алгачкы ролго чакырышат. Тез убакытта эле таланттуу актёр катары таанылып, 15 өлкөдөн чакыруу түшүп турган. Ошол кездеги мыкты деген кинонун баарына Нигматулинди чакырууну режиссёрлор адат кылып алышкан. «Кыргызфильм» тарткан “Бөрү зындан”, “Айылдык роман”, өзбектердин “Жетинчи ок”, “Сыявуш тууралуу уламыш”, орустардын “20-кылымдын каракчылары” фильмдеринде башкы ролдорду аткарган. Келишимдүү келбети гана эмес, ролго жан дүйнөсү менен кирген таланты аркылуу Талгат максатына жетип тынган. Бирок тынчыбаган жан дүйнөсү буга да ыраазы эмес эле. Тынымсыз изденүү, ийгиликке жетишүү, тагдыр менен ойноо анын жашоосунун башкы маңызы болчу.

Сүйүүдөгү дербиш

Албетте, аялдар анын жашоосунда чоң роль ойногон. Тун сүйүүсү белгилүү актриса Ирина Шевчук болгон. Шевчуктун Талгат жөнүндө ”Эки жыл... Толук эки жыл анын магниттей тарткан таасиринин алдында болдум. Бирок аны түшүнүү үчүн, ал каалагандай болуу үчүн, өмүрүмдү сарптагым келген жок”,- деп эскергени бар. Андан кийин “Ялла” тобунун ырчысы Лариса Кандалова аттуу айымга үйлөнөт. Бул никеден Урсула аттуу кыздуу болушуп, кызганычтын айынан үй-бүлө бузулат. Талгаттын татаал мүнөзүн, атактуулугун да, азабын да көтөргөн экинчи аялы Халида Хасанова болгон. Үй-бүлөсү үчүн курулушта да иштеп, режиссёрлук талантын экинчи планга калтырган Халида менен 7 жыл жашаган. Экөө Саид аттуу уулдуу да болушкан. Бирок мээрман аялдын камкордугу Талгатты кармап кала албады. Талгаттай татаал инсанды сүйдүрүү үчүн дал ошондой оттой жүрөк, кайра тартпас кашкөйлүк керек эле. Акыры издеген адамын Талгат “Кыргызфильмден” кезиктирген. Бул анын эң биринчи жана эң акыркы чыныгы сүйүүсү эле. Кыргыз режиссёру Мелис Убукеевдин “Айылдык роман” тасмасына чакырылган Талгат тасма аянтынан казак кызы Венера Ибрагимова аттуу жаш актрисаны көрөт. Бул тууралуу Венера: “Акыркы тартылып жаткан күнүм болчу. Карасам эле гүлгө толгон машина, анын жанында Талгат турат. Ошол жерден ойлонуп отурбай, ЗАГСка жөнөдүк. Мындай жиндиликти Талгат экөөбүз гана кылсак керек эле”,- деп айтканы бар. Бул никеден Линда аттуу кыздуу болушат.

Капилет өлүм

80-жылдардын аягында ар кандай көзү ачыктар, диний секталар жайылып кеткен эле. Өз алдынча жашоонун философиясын издеген Талгат диний сектага жазылып, кыргыз кыштагындагы сектанын башчысы Абай жана Мурза аттуу адамдар менен мамилелеш болгон экен. Ал күндөрү кайсы бир фильмге тартылууга камынып жаткан Талгатты Абай чакыртып алат. Көрсө, дагы бир секта ачылып, жаңы ачылган сектанын адамдарын тигилер жазаламакчы болуп, Талгатты Вильнюска чакыртат. Талгат барганы менен, тигилерге кошулуп жазалоодон баш тартат. Тигилердин жини келип, сектаны сатып кеткен чыккынчы катары Талгатты жазалоону чечишет. Баарынан табышмактуусу, спортчу Талгат аларга эч кол кайрыбаганы эле. Беш адамдын тепкисинен денесине 119 жаракат алып, башына 22 жолу бычак жеген Талгат оор абалда о дүйнөгө кете берген. Денесин ушунчалык кордошконунан улам аялы Венера сөөктү өрттөтүп, күлүн Ташкенттеги “Чилонзор ата” күмбөзүнө койдурат. Ал эми кылмышкерлер өз жазасын алышкан.

Атактуу атанын белгилүү балдары

Линда Нигматулина:

– Атамдын жашоосу чабыттаган бүркүттү элестет. Апам да атам экөөбүздүн окшоштугубузга ушул кезге чейин таң калат. Менин актрисалыкты тандаганым мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени түйүлдүк кезимде эле киного тартылгам. “Бөрү зындан” фильмине апам алты айлык боюнда бар кезинде тартылган экен. Бардык Нигматулиндердей эле спортко кызыгам. Анткени апам да, атам да каратэ боюнча кара курдун ээси.

Линда учурда Москвада жашайт. Ал Казакстанда белгилүү ырчы катары таанылса, Орусияда актриса катары белгилүү. “Вио­ла Тараканова, кылмыш дүй­нө­сүндөгү кумар”, “Алтын ачкыч”, “Көчмөндөр”, “Чоң оюн” фильмдеринде роль жараткан.

Дашук Саид Нигматулин:

– Атам менен апам ажырашып кеткенде эки жашта элем. Албетте, өңүм, каным, мүнөзүм Талгат Нигматулиндики. Бирок менин ийгилигим, дүйнө таанымым, баккан атам Владимир Дашукка таандык. Ошондуктан эки залкар атамдын ысымын алып, Дашук Саид Нигматулин болуп жүрөм.

Саид учурда белгилүү актёр, каскадёр. “Адам–амфибия” сериалында Ихтиандрдын ролу менен таанылып, эл жүрөгүнөн орун тапкан.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2019-12-28 05:20:55
Нуржамал Жийдебаева рахмаат сизге. Жакшы эмгектериниз бар.
0
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан