АЛИ ПОРСУКОВ ЛЕЗГИНКА ЧЕБЕРИ ЭЛЕ

2002-жылдын 1-ноябры кыргыз спортунун тарыхында кара дата болуп калды. Бул күнү өзү кумык болсо да, кыргыз туусун дүйнөлүк ири мелдештерде даңазалап жүргөн кикбоксчу Али Порсуков өлтүрүлгөн. Андыктан биз бүгүн өмүрү трагедиялуу аяктаган бул спортчунун басып өткөн жолун эскермекчибиз.

Трагедия кандай болгон?

Эске сала кетсек, ошол каргашалуу окуя Бишкекте Али машыгуудан кийин достору менен жолугушууга баратканда болгон. Ошондо аны алдын ала күтүп турган киллер капысынан чыга калып 3 ок атып, изин жашырып кете берген. Ошол учурда спортчу жалгыз болуп калган. Каргашаны угуп жетип келген клубдаштары аны дароо республикалык ооруканага жеткиришсе да, өмүрүн сактап калуу мүмкүн эмес эле. Анткени 3 октун бири спортчунун дал башына тийген. Спорттон кетүүнү ойлоп жүргөн Порсуковдун Дагестандан Бишкекке келгенине 3 эле күн болгон. Окуядан кийин Алинин кылмыштык топтордун ортосундагы териштирүүдө курмандык болуп калгандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Ошентип, чоң спортто мүмкүн болгон бардык жеңиштерге жетишкен кикбоксчуну күтүүсүздөн шум ажал алып кете берген. Бул “Гермес-профи” үчүн эле эмес, жалпы ата мекендик спорт үчүн чоң жоготуу эле. Анткени кыргыз спорту атактуу Дүйнө чемпионунан ажыраган.

Аккан арыктан суу агат

Али Порсуков өзү Дагестан республикасынын кулуну болуп саналат. Ал 1969-жылдын 1-апрелинде дүйнөгө белгилүү спортчулар чыккан Хасавюрт районунун (эркин күрөш боюнча бир нече жолку Олимпиада чемпиондору – бир тууган Сайтиев жана Батировдор да дал ушул райондун кулундары болуп саналышат) Аксай айылында туулуп-өскөн. Үй-бүлөдө 2 эле бир тууган болуп, иниси экөө бирге чоңоюшкан. Болгондо да жөн үй-бүлөдө эмес, Социалисттик эмгектин 2 жолку баатыры Акбар Порсуковдун үй-бүлөсүндө өскөн. Андыктан анын жашынан эле мыкты тарбия алып, спортко жакын болуп чоңойгондугу айтылып келет.

Алинин “Гермес-профинин” курамына кошулгандыгы талашсыз түрдө анын жашоосунда чоң окуя болгон десек жаңылышпайбыз. Кененирээк маалымат алуу максатында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун милдетин аркалап келаткан КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Хусаиновичке кайрылдык.

Александр Воинов: “АЛИ КӨЗДӨГӨН МАКСАТТАРЫНЫН БААРЫНА ЖЕТКЕН”

– Александр Хусаинович, айт­саңыз, Али Кыргызстанга кандайча келип калды эле?
– Алиге биринчи жолу 1993-жылы Махачкалада (Дагестан) өт­көн ушу-саньда боюнча Эл аралык мелдеште көзүм түшкөн. Анан 2 жылдан кийин Балтимордо (АКШ) өткөн мелдеште анын машыктыруучусу менен агасы мага кайрылып калышты. Алар: “Алинин атасынын бир тилеги бар эле. Ал уулунун Дүйнө чемпиону болуусу. Алинин өзү да атасынын бул тилегин ишке ашырууну ойлоп жүрөт”, – дешти. Мен баарын түшүнүп, Алини сынап, «секундировать» этип да көргөм. Анткени анын мүмкүнчүлүктөрүн байкаш керек эле да. Кара күч жактан даярдыгы жана башка жагынан да мага жаккан. Анан экөөбүз сүйлөшүп, макулдаштык. Ошентип, ал 1995-жылдан баштап Кыргызстанга келип машыга баштады.
– Анан ишеничтин баарын актадыбы?
– Бул үчүн ал жан үрөп аракет кылды. Анткени анын моюнунда атасынын керээзин аткаруу милдети бар эле да. Буга чейин ал бокс жана ушу-саньда менен машыгып келгендиктен, бул жакта буту менен иштөөнү көбүрөөк үйрөнүүгө туура келди. Тынымсыз машыгууларынын акыбети 2 жылдан кийин кайта баштады. 1997-жылы Югославияда өт­көн мелдеште байгелүү орундардын бирин ээледи. Ал эми кийинки жылы көптөн күткөн жеңишине жетишип, Дүйнө чемпиону аталды. Ал көп убактысын Кыргызстанда өткөрчү. Ануар Ибраев экөө чогуу жашашчу.
– Көп­чү­лүк­түн айтымында, ошондо ал чоң спорттон ке­түү­нү план­даш­тырып жаткан. Бул чынбы?
– Ооба. Ал үчүн коштошуу беттешин өткөрүүнү пландап жаткан. Тилекке каршы, күтүүсүздөн каза болуп калды. Дагестанга сөөгүн алып барганыбызда жакындары сурашкан: “Алини эмне үчүн өлтүрүштү? Акча үчүнбү же аял үчүнбү?” дешип. Анда кандайдыр бир кокустук, түшүнбөстүктөн улам ошондой болуп, Али ортодо курмандык болуп калганын айтканбыз. Командада баарыбыз билебиз, анын кылмыш дүйнөсү менен эч кандай байланышы жок болчу. Менин билишимче, аны өлтүргөн киши табылган. Бирок мен балдардан иштин чоо-жайын териштирткен жокмун. Анткени кандай болгондо да, Алини кайтара албайбыз.
– Клубдаштарынан эмнеси менен айырмаланчу?
– Мыкты физикалык даярдыгын баса белгилейм. Анан абдан чыдамкай эле. Мыкты сокку узата алгандыктан, көп беттеште­рин мөөнөтүнөн мурда нокаут менен жеңип алчу. Анан дагы бир өзгөчөлүгү, лезгинканы катыра бийлечү. Рингде ар бир жеңишинин аягы лезгинка бийи менен коштоло турган. Негизи, Али кыска өмүр сүрсө да, көздөгөн максаттарынын баарына жетишти деп айта алам. Эң оболу Дүйнө чемпиону болду. Кийинчерээк бактысын таап, үй-бүлө курду. Эки уулу чоңоюп жатат. Туулуп-өскөн жеринде үй курууга да же­тишкен.
– Маегиңизге рахмат.

Кызыктуу фактылар

  • Каза болгондугунун 40 күндүгүнө карата Бишкекте “Кыргызстан-Орусия” достук беттешүүсү өт­кө­рүл­гөн.
  • Эки уулу бар. Экөө тең 4-сентябрда тө­рө­лүшкөн. Экинчи уулун досунун урматы­на Ануар деп атаган.
  • Сүйлөшүүдө кандай гана суроо болбосун, шашпай ойлонуп жооп бергендиктен, клубдаштары «акылман» деп атап коюшкан.

Акылман тууралуу

  • Порсуков Али Акбарович 1969-жылы 1-апрелде Дагестан республикасынын Хасавюрт районунун Аксай айылында төрөлгөн.
  • Бою – 180 сантиметр
  • Салмагы – 81 килограмм
  • Лакап аты – Акылман
  • Кикбокс сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, Азиянын жана Евразиянын чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси, КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан