Улуу Британия падышалыгынын мураскери, ханзаада Уильямдын жубайы, Кембридж герцогинясы Кэтрин Элизабет Миддлтонду дүйнө жүзү мээрман, боорукер, иш билги, ханбийке Диананын жолун жолдоп келе жаткан айым катары билишет. Англиялыктар Кэтриндей келиндүү болушканына ыраазы. Анда кеп ханзааданын жүрөгүн багындырган жөнөкөй кыз Кейт тууралуу болсун.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Миддлтон
Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 9-январь
Туулган жери – Англия, Рединг шаары
Бою – 175 см
Салмагы – 59 кг
КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ
Учурдун Күлчү кызы Кейт Миддлтон көпчүлүк кыздардын кыялындагы ак боз атчан ханзааданы катардагы кыз деле тапса болорун далилдей алды. Ханзааданын жүрөгүн дал ушул айым имерип алганы, Кейттин өзгөчө кыз экенинен кабар берет. Кэтрин ханзаада Уильям менен 2002-жылы Шотландиянын Сент-Эндрюсс университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Кайрымдуулук максатында өткөн көргөзмөлөрдүн биринде Миддлтон тор көйнөк кийип чыгып, Уильямдын көзүнө илинип калат. Жакында эле ошол көргөзмөгө кийип чыккан Кейттин тор көйнөгү аукциондо 104 миң долларга сатылды. Ошол күндөн тарта эки жаш алгач дос болуп жүрүшүп, көп өтпөй чогуу жашап башташкан. Кыз-жигит болуп жүргөн кезде экөө ажырашып, кайра табышып, акыры Уильям мамилелеринин бышып жетилгенине көзү жеткенден кийин 2010-жылы сүйүктүүсүнүн колун сураган.
Кылымдын тоюна айланган Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын тою 2011-жылы 29-апрелде болуп өткөн. Бардар үй-бүлөнүн кызы
Кейттин атасы авиадиспетчер, апасы стюардесса. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, Филиппа Шарлотта деген сиңдиси жана Жеймс Уильям аттуу иниси бар. 1987-жылы Кейттин ата-энеси товарларды алып жөнөтүү компаниясын негиздеп, анын артынан миллионер болгонго жетишишет. Ханзааданын жубайы бардар үй-бүлөнүн кызы. Көп өлкөнү кыдырып, коомдук иштерге активдүү катышканы жагынан Уильямдан артта калбайт. Кичинесинен катуу тартипте тарбияланган болочоктогу ханбийкенин ата-энеси кызын Уилтшир графтыгындагы эң престиждүү деп эсептелген мектеп-пансионатына окууга беришкен.
ЭҢ СТИЛДҮҮ АНГЛИЯЛЫК АЙЫМ
Кейттин дарегине «сулуулуктун эталону», «стилдүүлүктүн иконасы» деген комплименттер айтылып келет. Акыркы жылдары ага карап түздөнүп, ал кийген кийимди кийип, аны туураган британиялык кыздардын саны өскөн. «Жылдын стилдүү айымы ким?» деген сурамжылоодо көпчүлүк ага карата жылуу пикирлерди айтышат. Миддлтон тууралуу: «Кейт эчак эле англиялыктардын жүрөгүнөн орун алган. Айрыкча анын ак көңүлдүгү менен боорукердигине дүйнө эли ыраазы. Эми ал бизге мыкты коомдук ишмер эмес, чыныгы леди кандай болуш керектигин үйрөтүп жатат. Анын жөнөкөйлүгү, табигый сулуулугу азыр модада. Бүгүнкү күнү өспүрүмдөр Голливуд жылдыздарына окшошууну эмес, өзүнүн жеке стилин табууга аракет кылып калышты»,- деген ойлор көп айтылган.
Лунара Бекиева
star@super.kg