КҮРӨШ
23-27-апрель күндөрү Казакстандын борбору Астанада болгон күрөштүн 3 түрү (эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) боюнча Азия чемпиондугунда биздин балбандар жалпы 2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль утушту. Бул чемпиондукка бардыгы болуп Азия чөлкөмүндөгү 17 өлкөнүн мыкты балбандары катышты.
Грек-рим күрөшү боюнча 80 килограмм салмакта Жанарбек Кенжеев жана 66 килограмм салмакта Руслан Царев алтын медаль тагынышты. Күмүш медаль 130 килограмм салмакка чейинки балбандар арасында күч сынашкан Мурат Рамоновго жазылса, 59 килограмм салмакта Калыбек Жолчубеков коло медаль багынтып, командалык эсепте 2-орунга илиништи.
Эркин күрөштө 57 килограмм салмакта Самат Надырбек уулу менен 74 килограмм салмакта Иннокентий Иннокентьев коло, ал эми 97 килограмм салмактык бөлүктө Магомед Мусаев күмүш медалды багындырды. Кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Розалия Тилегенова коло медалдын ээси болду.
ФУТБОЛ
ЛУИС СУАРЕС – АНГЛИЯ ПРЕМЬЕР ЛИГАСЫНЫН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУСУ
«Ливерпуль» футболдук клубунун чабуулчусу Луис Суарес Англиянын Футбол ассоциациясы тарабынан «Англия Премьер Лигасынын 2013-2014-жылкы сезонунун мыкты футболчусу» деп табылды. Уругвайлык футболчу добуш берүүнүн жыйынтыгында «Челсинин» жарым коргоочусу Эден Азарды жана «Манчестер Ситинин» жарым коргоочусу Яя Турени артка калтырды. Суарес Англия Премьер Лигасында 31 оюнда 30 гол киргизип, бомбардирлер тизмесин жетектеп келүүдө.
Ал эми аталган ассоциациянын версиясы боюнча «Мыкты жаш футболчу» наамы «Челсинин» бельгиялык жарым коргоочусу Эден Азарга тийди.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg