«Базардан бир билет сатып алып, 5 000 000 сом утуп алды» деген кепке ишенет белеңиз? Мен ишендим. «Элдик лотерея» «Белек» оюнун ойнотуп, баш байгеге 5 000 000 сом койгон. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 59 жаштагы бактылуу тургуну Эргешбай мырза 5 000 000 сомду утуп алды. Ал эми «Элдик лотереянын» «Супер-3» оюнунун баш байге жеңүүчүсү, Ала-Бука районунун тургуну Жумагул мырза 200 000 сомго ээ болду. Эки жеңүүчү тең Жалал-Абад облусунан болгондугу үчүн «Элдик лотереянын» өкүлдөрү келип, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков, шаар жетекчиси Мухтар Арапбаевдин катышуусунда салтанаттуу түрдө акчаларын байге ээлерине тапшырышты.
5 000 000 СОМДУН ЭЭСИ ЭРГЕШБАЙ МЫРЗА, БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ:
– Базар-Коргондун базарынан бир билет сатып алгам. Жеңип алам деген ишенич жок болсо да, үмүт чоң болчу. Теледен ойнотулуп жатканда мен алган билетим башкы байгеге туура келип калды. Ишенбей байланышка чыксам «сиз жеңип алдыңыз» дешти. Ошондо да ишенбедим. Азыр акчаны колума тапшырганда гана ишенип отурам. Мал-жандык менен эле алек болгон адаммын. Бул менин өмүрүмдөгү эң баалуу белек. Балдарымдын үй-жайын камсыздаганга да чоң жардам болот. Мен бул акчаны иштеп табат белем же жокпу, ким билет? Иштеп тапсам да канча убакыт, канча өмүрүм кетмек. «Элдик лотереяга» чексиз ыраазымын. Ойногула, уткула, ойноп жашагыла!
200 000 СОМДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ЖУМАГУЛ МЫРЗА, АЛА-БУКА РАЙОНУ:
– Ала-Бука районунан балам бир эле билет сатып алган экен. Аны дароо ойноп, ачканда эле 200 000 сомду утуп алдык. Ошол замат эле ишенгем, эч кандай шектенүү, толкундоо болгон жок. Себеби «Элдик лотереяга» ишенем. Мындан ары да ойнойм, бир кагаз менен 200 000 сом утуп алуу түшкө кирбеген окуя. Бирок «Элдик лотерея» менен бирге болсоңор, баары болот. Ойногула, утасыңар.
Уулбү Каныбекова