Калк арасында уламышка айланган Ак Мөөр менен Болоттун арзуусу туурасындагы баян режиссёр Мелис Убукеевдин колунан тасма болуп жаралган. Ак Мөөр тарыхта жашап, бирок анын тагдыры тасмадагы өмүргө коошпогонун тарыхчылар айтып келишет.
Режиссёру – Мелис Убукеев
Оператору – Владимир Котов
Тарткан киностудиясы – Кыргызтелефильм
Тартылган жылы – 1969-жыл
Ачылышы – 1970-жыл, 14-май
Актёрлору – Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев, Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов жана башкалар.
РЕЖИССЁР ЭМНЕГЕ АК МӨӨРГӨ КАЙРЫЛГАН?
Тарыхка кызыгып, кыргыздын басып өткөн жолун мыкты билген Мелис Убукеев Таттыбүбү Турсунбаеваны көрүп, анын сулуулугунан Ак Мөөрдү элестетип, аталган тасманы тарткысы келген дешет.
Фильм режиссёрдун дипломдук иши болгондуктан, тасмага атайын каражат бөлүнгөн эмес. Ошол себептен павильондун ичи менен чектелип калган. Бирок актёрлордун күчтүүлүгүнөн фильм көркүнө чыккан. Жаратылыштын кооздугуна айкалышып тартылганда, балким, мындан да мыкты чыкмак.
Фильмдин кыскача мазмунуна токтолсок. Жантай хан жигиттери менен Нарындын Соң-Көл жайлоосуна жөнөп калат. Жолдон кыздардын сууга түшүп жатканына күбө болот, баары кача бергенде, бир гана кыз суу ичинде калат. Ошондо Жантайдын жигити Баяке «жан талаша чуркаган кыздарга карабай, суу ичинде калды. Акыл-эстүү, ыймандуу жан көрүнөт, жуучу түшө кетели» деген. Ак Мөөрдүн Болот аттуу ашыгы менен бекиткен сөзү бар эле. Андан ары Жантайдын Мөөрдү сүйгөнү Болоттон тартып алып үйлөнүшү, Жантай каза болгон соң артынан эле Мөөрдүн Баяке колдуу болуп көз жумушу сүрөттөлөт.
МӨӨРДҮН СӨӨГҮ КЕМИНГЕ КОЮЛГАН
Ак Мөөрдү изилдөөчү Теңизбек Төлөмүшевдин айтымында, Ак Мөөр, Жантай, Болот үчөө тең XIX кылымда жашап өткөн инсандар. Тасмада Жантай жетимиштен ашса, Ак Мөөр 15те болуп, ортодогу айырмачылык бир топ жашты түзгөн. Бирок тарыхта Жантай хан каруусу күчкө толуп, акылы айга жетип турган маалында 53 жашта, Ак Мөөр 15 жашта болгону айтылат. Жантай Карабек уулу 1794-жылы туулуп, 1868-жылы 74 жашында каза болгон. Ал Ак Мөөр менен жыйырма жылга чукул жашаган. Ак Мөөр 1869-жылы 35 жашында Жантайдын ашы өткөндөн кийин каза болуп, сөөгү Кемин районундагы Жол-Булак айылына коюлган.
АК МӨӨРДҮН НЕБЕРЕСИНИН КАТЫ
Жантайдын көзү өтүп, ашка келгендердин аягы суюлганда Ак Мөөр өз өргөөсүндө каза болгон дешет тарыхчылар. «Уу берип өлтүрүштү» деген маалыматтардын тарашына Мөөрдүн оору-сыркоодон алыс жүрүп эле каза болгону түрткү болсо керек. Жантайдын Табарик, Туруке, Курма, Баалы, Сейилкан деген беш аялы болгон. Баалы менен Сейилкан бир тууган эже-сиңди. Мөөр хандын алтынчы аялы болгон.
Мөөрдүн тун уулу Муңайтпастын баласы Жамалидин 1970-жылы чоң энеси тууралуу кат жазып кеткени айтылат. Ал Балыкчы шаарында жашап, 74 жашында каза болгон. «Чоң энем 23 жашында тун уулу, менин атам Муңайтпасты төрөгөн. Андан кийин Калый деген кыз, Калыйды көл башына күйөөгө берген. Токтоян кичине кезинде Токкожо деген кишинин колунда багылып жүрүп өлгөн. Ак Мөөрдүн Муңайтпасынан тараган бешөөбүз, мен жалгыз эркек. Атам эл үркүп, Кытайга барып келгенден кийин 1920-жылы 63 жашында кайтыш болгон» деп жазат катында.
ЖАНТАЙ МӨӨРДҮ ЗОМБУЛУКСУЗ АЛГАН
Ак Мөөрдү изилдөөчү Темирбек Акматалиев өз эмгегинде Ак Мөөрдүн чыныгы аты – Калича деп жазат. Бети аппак, моюну узун, сулуу кыздын азан чакырылган аты унутулуп «Ак Мөөр» аталып калыптыр.
Билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген, Ак Мөөрдүн инилери болгон Мукаш Базаркулов: «Жантай хан Соң-Көлгө барганда аны саяктардын мыктылары тосуп алышып, конок кылуу үчүн Адылдын үйүнө алып барышкан. Кечки сый тамак мезгилинде бойго жетип калган Мөөркан конокторго чай сунган. Ошондо Жантайга жагып калыптыр. Мурун айтылып жүргөндөй «Ак Мөөр сууга түшүп жатканда Жантай көрүп жактырып калыптыр» деген кепти биздин ата-бабалар «туура эмес» деп айтышчу. Жантай Ак Мөөрдү зордук-зомбулуксуз алган. Саяктардын мыктылары Жантай менен жылуу мамиле түзүү максатында Соң-Көлгө келгенде, Ак Мөөрдүн жагып калышына чоң шарт түзүшкөн»,- деп айткан.
АК МӨӨР БОЛОТТУН ТАЕЖЕСИ
Манасчы Жаңыбай Кожеков турмуштагы Болот менен 1901-жылы жолугушкан. Ал учурда Болот сексенге чыгып, бир көзү сокур болуп калган экен. Ошол окуянын чоо-жайын манасчы мындайча сүрөттөп берген: «Мөөр чоң өтүк Адыл дегендин кызы. Адыл менин таятам. Мени кичинемден таятам багып чоңойтту. Анын жылкычысы болгом. Жантай жигиттери менен Соң-Көлгө келип, Мөөрдү көрүп калып, ага жуучу түшкөн. Мөөр кетеринде мени атайын алдырып коштошкон. Кийин Кеминге барып, Жантай хандын колунан ат минип келгем».
АК МӨӨР МЕНЕН ТАТТЫБҮБҮНҮН ОКШОШТУГУ
Сүйүн Кулматова
star@super.kg