Алдыда аптаптуу ысык. Мындайда күчүнө кире турган оорулардын катарында гипертония (жогорку кан басым) оорусу да бар. Бул дарт ден соолук үчүн кооптуу. Өмүр бою көзөмөлдөөнү талап кылган оору тууралуу Бишкектеги «Кардиомед» медициналык борборунун директору Абдимиталип Халматов баяндап бермекчи.
ЖОГОРКУ КАН БАСЫМДЫН ЭКИ ТҮРҮ БАР
Гипертония же жогорку кан басым оорусу симптоматикалык жана эссенциалдык болуп экиге бөлүнөт:
Эссенциалдык гипертония (ооругандардын 95 пайызы кирет) тукум куучулуктан, кант диабетинен, семиздиктен, туздуу тамакка басым жасагандан, аз кыймылдуулуктан, тамекини көп чегүүдөн, ичимдикти көп ичүүдөн келип чыгат.
Ал эми симптоматикалык түрү (ооругандардын 5 пайызы кирет) адамдагы кайсы бир оорунун натыйжасынан жаралат. Мисалы, бөйрөктүн же табарсыктын таш оорусу, бөйрөк үстүндөгү бездин чоңоюп кетиши, рак, богок, подагра (муун оорусу), васкулит (кан тамырдын сезгенүүсү), гормоналдык дары-дармектер, бойго бүтүрбөөчү таблеткалар.
«ТЫНЧ ӨЛТҮРГҮЧ»
Медицина кызматкерлери гипертонияны «тынч өлтүргүч» деп да аташат. Анткени адамдын кан басымы көп жылдар бою көтөрүлүп жүрө берет да, адам өзү сезбейт. Качан врачка бир жери ооруп кайрылганда, инсульт же миокарддын инфарктына чалдыкканда гана кан басымы жогору экендиги анык болот.
ДАРЫЛОО
Өз алдынча же туугандардын көрсөтмөсү боюнча эч качан дарыланбоо кажет. Гипертонияда кардиологдор дароо эле дары-дармек жазып бербейт. Эгерде адамда жогоруда айтылган оорулар болсо дарыланып, тамеки менен ичимдикти таштап, майлуу, ачуу тамактардан кол үзсө, кан басым өзү эле 3-4 айда түшүп, мурунку абалына келет. Толук адамдар арыктоого аракет кылуусу зарыл. Бул «таблеткасыз дарылануу» деп аталат. Эгер көрсөтүлгөн мөөнөттө кан басым түшүп, калыптанбаса, анда врач дары-дармек жазып берет.
Эгер кан басым көтөрүлүп, адам инсультка же миокарддын инфарктына кабылса, анда кечиктирбей ооруканага жеткирүү зарыл. Анткени адамдын өмүрү кыл жиптин учунда болот. Көк чай, лимон ичсе, ооруган башка капустанын жалбырагын таңып койсо кан басым өзү түшөт деген түшүнүк туура эмес.
БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Жогорку кан басымы бар адамдын башы айланып, көзү чымырап, тунарып, кулагына үндөр угулуп, өзүн жаман сезе баштаса, дароо аппарат менен кан басымын ченетүүсү кажет. Эгер кан басым 160/100дөн жогору болсо, анда капотен (каптоприл) дарысынын 1 таблеткасы тилдин астына салынат.
Эгерде оорутуу далыга да өтүп, адам тердеп чыкса, анда кыймылдабай отуруу же жатуу зарыл. Тилдин астына 1 таблетка нитроглицерин салынат.
Эки учурда тең таблетка колдонулгандан кийин сөзсүз ооруканага баруу сунушталат.
САЛАТ, ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТИ КӨП ЖЕШ КЕРЕК
Жашылча, жер-жемиш дегенди күнүгө 400 граммдан жеп турушу зарыл. Күнүнө 5-6 даана өрүк жеш да сунушталат. Анткени курамындагы калий жүрөккө азык болуп берет. Стресстер да кан басымды көтөргөндүктөн, жинденгенде дары чөп чайларды ичип, тынчтануу дурус. Малдын ич майы, казы-карта, чучук, майлуу ичеги дегенди гипертониктер унутуусу зарыл. Тамакты аз жеп, тузду аз колдонуп, көбүрөөк кыймылда болуусу шарт.
ЖАЙДЫН АПТАПТУУ ЫСЫГЫНДА
Дайыма баш кийим кийип, жанына суу алып жүрүп, күндөн калкалануу үчүн кол чатыр көтөрүп алса жакшы. Тиричиликти эртең менен жана кечки салкында жасоо оң. Мындайга шарт болбосо, анда убак-убагы менен көлөкөдө эс алып, таза суудан бат-баттан ичүү сунушталат. Оорусу барлар врачтын көзөмөлүндө болуп, жазып берген дары-дармектерди үзбөй ичүүсү керек. Анткени ысыкта инсульт, миокарддын инфарктына чалдыгуу коркунучу чоң.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg