СУМО ЧЕБЕРЛЕРИ КЫРГЫЗСТАНДА

27-апрелде Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Кыргызстанда расмий түрдө биринчи жолу сумо боюнча мелдеш болуп өттү. Иш-чарада 11 жылдан бери Японияда күрөшүп жүргөн монголиялык профессионал сумочулар Корю Тадахару жана Моконами Сакаэ өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

КЫСКАЧА

  • Сумо – япондордун улуттук күрөшү. Тарых барактарында сумо VIII кылымдан тарта эскерилет жана күрөш ар кандай ырым-жырымдар менен коштолуп турат.
  • Сумо боюнча профессионалдар арасында мелдештер Японияда гана өткөрүлөт.
  • Сумо күрөшүндө салмак категориялары болбойт.
  • Сумочулар күрөшкөн килем дохё, балбандар кийген кийим маваси деп аталат.
  • Ёкодзуна – сумочулардын эң бийик даражасы.

«СЕНСЕЙЛЕРДЕН» МАСТЕР-КЛАСС
Аталган иш-чара Япониянын Кыргызстандагы элчилиги, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана КРнын Сумо ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду. Саамалык Кыргызстан, Япония жана Монголиянын мамлекеттик гимндери менен ачылды.
Андан соң монголиялык эки балбан Корю Тадахару жана Моконами Сакаэ сумочунун атайын белдемчисин (маваси) кийип килем үстүнө чыгышты. Экөөнүн салмагы бери эле дегенде 150 килограммды чапчый турганы көрүнүп турду. Балбандардын күч-кубатына көрүүчүлөр таң калбай коюшкан жок. Алгач алар жаш сумочуларыбызга мастер-класс катары сумонун кыймылдарын көрсөтө башташты.

СУМОДОГУ НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАР:

Алар бул кыймылдарды күнүнө миң жолудан жасоо керектигин айтышты.
Япондордун улуттук күрөшүн алгач ирет көрүп жаткан көрүүчүлөрдү бул кыймылдар көңүл кош калтырган жок. Мындай спорт түрүнө өз көзү менен күбө болгондо гана бул спортто салмак эмес, күч-кубат жана ийкемдүүлүк мааниге ээ экени даана байкалды.

ТУҢГУЧ ЧЕМПИОНДОР АНЫКТАЛДЫ
Андан соң сумо боюнча Кыргызстандын алгачкы мелдеши орун алып, туңгуч чемпиондор аныкталды. Чакан мелдеш командалык таризде өткөрүлүп, анда «Достук», «Бирдик» жана «Ынтымак» командалары күч сынашышты. Ар бир командадан 3төн балбан килем үстүнө чыгып, 3 айлампа күрөшүштү. Жыйынтыгында 1-орун «Ынтымак», 2-орун «Бирдик» жана 3-орун «Достук» командасына буюрду.

«БИЗДИН СУМОЧУЛАР ДЕЛЕ МЫКТЫ»
АЙБЕК ЧОКОШЕВ, Кыргызстандын Сумо ассоциациясынын президенти:
– Биздин өлкөнүн сумочулары 90-жылдардан тартып эле Азия жана Дүйнөлүк чемпиондуктарга катышып келген. Айта кетсек, 2000-жылы Казакстанда болуп өткөн ачык биринчиликте биздин сумочулар 1-орунду багынткан. 2004-жылы Япониянын Осака шаарында өткөн Азия чемпиондугунда күмүш тагынышкан.
Сумо ассоциациясы 2013-жылы уюшулган. Япон элчилиги атайы монголиялык эки профессионал балбанды чакырганы да бекер эмес. Алар КГАФКиСте жана борбор шаарыбыздын бир мектебинде дагы сумо боюнча мастер-класс өткөрүшөт. Бул өлкөбүзгө сумонун жайылышына чоң түрткү болот деп айта алам.


«КЫРГЫЗ БАЛДАРЫ АЯБАЙ ӨЖӨР ЭКЕН»
Кыргыз эли абдан меймандос экендигин айткан сумочу КОРЮ ТАДАХАРУ журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берди:

– Чыныгы сумочу кандай болушу керек?
– Эң биринчиден, чыдамкай жана эмгекчил болуу керек. Машыгуу көнүгүүлөрдү күнүнө миңден кем эмес жасоо менен гана бийиктикке жете алат.

– Бүгүнкү жаш кыргыз сумочулары жөнүндө сизде кандай пикир жаралды? Алардан мыкты сумочу чыга турган потенциал бар бекен?
– Бүгүнкү балдар жөнүндө айтсам, кыргыз балдары абдан тырышчаак, өжөр экен. Бирок мыкты сумо чебери болуш үчүн аракет жана тынбай машыгуу керек. Келечекте бир кыргыз жигитин тандап, Япониядагы сумо мектебине алып кетсекпи деген оюбуз бар.

Биринчиликти багындырган «Ынтымак» командасы.

Япониядагы профессионалдар арасындагы мелдеш.

Жаш сумочулар килем үстүндө.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сумо боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпиондору
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nursultan95
2014-05-05 10:10:33
Бул спорттун эмне кызыгы бар
+1
altysha.kg
2014-05-05 12:21:10
Кулкулуу экен айныкса кийими
0
maksat-kg
2014-05-09 10:47:42
кыргызга япон сумосунун кереги барбы? биздин улуттук менталитетибизге туура келбейт, эптеп япондордон акча алыш учун ачылган бул ассоцация, сумодон коро кыргыз курошун онуктурушпойбу, бул менин жеке пикирим
+1
zaka3004
2014-05-10 01:02:50
кыргыз курош анан футбол.эч кандай сумо
+2
faha
2014-05-10 19:22:39
Heheheheee.. Aylanaiyn tuugandar! Sumonu koyup ozubuzdun kyzyktuuraak kyrgyz kuroshubuzdu ele onukturoluchu, futbol mn ele duynonu tan kaltyraylychy... Kanday deysiner?..)))
0
lampard8
2014-05-12 02:54:42
Футбол, футбол и футбол! гарантирую я-будущий футболист. Дуйно жузун багындырам как Роналдо!!!!!!!!!!!
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан