«САЛИХ» – ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ ХАЛАЛ ПРОДУКЦИЯЛАР

«Колбаса чыгарган жайга барсаң, экинчи колбаса жегис болосуң» деген кеп бар. Анткени чет өлкөдөгү телеберүүлөрдөн алардагы айрым колбаса чыгаруучу жайлардын кандай шартта иштегенин көп эле көрсөтүп, кишинин жүрөгүн айлантышат. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан халал колбасалар тууралуу да ар кандай кептер айтылууда. Бири «телеберүүдөгүдөй шартта иштешет» десе, экинчиси «жок, таза» дешет. Буга өз көзүм менен күбө болуу үчүн Бишкек шаарындагы халал эт азыктарын өндүрүүчү «Салих» ишканысына сапар алдым.

БАРДЫГЫ ХАЛАЛ СТАНДАРТЫНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ
«Эшигин көрүп төрүнө өт» дегендей, ишканага жетерим менен биринчи эле короодогу тазалык кубантты. Улагадан жылмаюу менен тосуп алган өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси КАМАЛ ИРГАШЕВ ишкананын төрүнө чейин кыдыртып чыкты. Бардыгы таза, жумушчулардын кийими, иш орду биз теледен көргөндөй келемиштер чуркап жүргөн шартта эмес, таза, жарык бөлмөлөрдө иш кызуу жүрүп жатыптыр. Ишканадагы өндүрүш иши тууралуу Камал мырза буларга токтолду:
– Бардык колдонулуп жаткан азык заттардын «халал» деген сертификаттары бар. Булардын баары мамлекеттик стандартка жана Халал индустрия өнүктүрүү борборунун талаптарына жооп берет. Биз чийки азыктарды халал стандартына жооп берген фирмалардан сатып алабыз. Өзүм да халал стандарты боюнча сертификат алуу үчүн 3 ай атайын окуудан өтүп келдим. Биздин бир артыкчылыгыбыз, күнүгө буйрутма алып, ошол көлөмгө жараша гана продукция чыгарабыз. Андан ашык чыгарып, ашканын сактап коюу деген жок. Себеби, аябай көпкө сактоочу жасалма кошумчаларды кошпойбуз.

Ал эми «Салих» ишканасынын жалпы иши жана алдыдагы максаттары тууралуу кептин учугун ишкананын генералдык директору УРМАТ МУСАЕВ улады:
– Биздин ишкана халал продукция чыгарууга өткөндүгүнө байланыштуу «Салих» деген аталыш менен чыгып жатканыбызга 3 жыл болуп калды. Мурда баарыңыздарга белгилүү «Император» деген аталыштагы ишкана элек. Азыр ал колбасалардын ичи да халал. Халал стандартына өтүүбүздүн негизги себеби, элибиздин ден соолугуна зыяны жок продукцияларды чыгаруу болду. Анткени продукциянын курамында эч кандай кошумча каражаттар болбойт, бардыгы табигый, таза. Шариятта көрсөтүлгөн жол менен союлган малдын этин ишенимдүү колдон алабыз. Халалга өтүүнүн алдында Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл департаментинин жана Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун кызматкерлеринин текшерүүсүнөн өттүк. Алар азыр да жумасына эки ирет келип текшерип турушат.
Жалпысынан бизде эт азыктары 100дөн ашык аталыш менен чыгарылууда жана Кыргызстандын 7 облусуна тең тарады. Ал эми келечекте коңшу өлкөлөргө биздин продукцияны жеткирсек деген максаттарыбыз бар.

Учурда ишканада 20дан ашык киши жогорку айлык маяна алып эмгектенет. Алардын жумуштагы кийген кийимдерин, үч маал ысык тамагын ишкана өз мойнуна алган. Айлык акысы боюнча нааразы болгондор жок.
Ден соолукка зыяндуу кошулмалары жок, таза, табигый азыктардан жасалган «Салих» ишканасынын халал продукциялары үй-бүлөңүздүн саламаттыгын камсыздайт.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Survey
2014-05-05 10:23:55
алла ыраазы болсун!чын болсун а то колбаса азгырык болотго жебейин десемда жегим келип жийиркенип жейм.
0
gumi94
2014-05-05 10:42:04
Колбасанын даярдалышын байкемдин телинен (видиодон) коргондон бери жебей калдым эле))))
0
realbek89
2014-05-05 12:08:23
Видео,фотосун кошуп койсонор ишенимдуурок болмок.Оз козубуз менен корбосок биз реклама эле кылыпсынар сонун кылып
+1
adilet15
2014-05-05 17:55:24
realbek89, туура айтасыз!
0
secret8BMW
2014-05-05 22:54:27
Videosun dagy kowsonuzdar jakwy bolmok (((.
0
elka_manas_kg
2014-05-07 11:23:16
Биз халал деген жазуу болсо эле жыргап жей беребиз бирок бул халал деген бир эле жазуу эмес жэ сою эмес . Халал деген ошол союлган малдын азыктануусу даа чон роль жаратат. атайын маалды халал кылып багуу керек. ошондо халал болот !!!
0
Mystery
2014-05-07 15:56:34
сплошная реклама
-1
marko
2014-05-28 10:30:40
Аллахыма шугур .
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан