Бул ыр калк арасында «Буй-буй», «Ыйлай-ыйлай» деп кайырмасындагы саптар аркылуу ар кандай аталып жүрөт. Негизи ырдын чыныгы аталышы «Ыза» экен. Ырдын жаралуу тарыхы тууралуу сөзү, обонунун автору, «Биз» тобунун жетекчиси Бактияр Токторов төмөнкүчө баяндап өттү.
ЫЗА
Түн караңгы, күн да караңгы,
Бизди ээрчиген ай да караңгы.
Бирге жүргөн бактылуу күндөр,
Тынчымды алып, козгойт санаамды.Кайырма:
Ыйлай, ыйлай калдың сен дагы,
Ыйлай, ыйлай калдым мен дагы.
Буюрбаса айла жок экен,
Ичте калды сүйүү арманы.
Жалгыз дарак бирге жөлөнчү,
Жалгыз турам ага жөлөнүп.
Жылдыз тарап, таң сүрүлсө да,
Кетким келбей, турам көгөрүп.Кайырма:
Буй-буй буй-буй буй-буй...
– 2003-жылы биздин топ Кытай мамлекетине концерт уюштурмакчы болгонбуз. Кытай өкмөтүнөн уруксат каты келмейинче бара албайт экенсиң да. Уруксат араң 3 ай дегенде келди. Ал да биз ойлогондой болбой виза ачууга, жол кирелерибизди өзүбүз төлөөгө туура келди. Бул жактан бир таксини кармап алып Нарынга чейин бардык. Анан чек ара жабылып калып, бийик тоолуу жерде 8 сааттай күтүп калдык. Үшүп, ачка болгонубуздан 2-3 нанды чайнап коёбуз. Кудай мени Кытайга барбасын деп жибербей жаткандай туюлду. Анткени ага чейин деле улам аракет кылсам, оюм оңунан чыкпай калып жаткан эле. Ошол тапта келинчегим да кош бойлуу болчу. Айы-күнү жакындап, УЗИден эгиз кыздар дешкенинен, атын «Батма-Зуура коём» деп жакшы тилек кылып койгом. Ал төрөгүчө Кытайга барып, акча таап келейин деп жөнөп жаткан кербезим эле.
Акыры чек ара ачылып, Кытайдын Кызыл-Суу шаарына барып 3 күн жаттык. Көрсө, Кытай тарап бизге уруксат беришкен эмес экен. Ошол жактагы кыргыздар өздөрү эле чакыртып коюшуптур. Эптеп уруксат алып концерт койдук. Ал кезде Маданият министри Султан Раев эле. Кетерде ал киши өзүнө чакырды. Мурда Эстебес Турсуналиев агабыз Үрүмчү шаарына барыптыр. Ал жерден «Кыргызстандан келдик Уйгурстанга» деп ырдап жиберген экен. «Эмне антип ырдап жатасың?» деп колун кайрып Пекинге чейин алып барышып, камап жибере жаздап араң калган экен. Министр «Ал жакта бул курч маселе. Сен да ошентип ырдап жибербе» деди. «Макул» дегем. Концерт маалында жандуу ырдап жатканыбызды эл билсин деп «Кыргызстан» деген ырыбызды ырдап жатып «Кызылсуустан» деп улам-улам кыйкырып коём. Өзүм аз келгенсип бас-гитаристке микрофонду сунсам, ал да кыйкырат. Ырдап бүтсөк эле уюштуруучулар «иий, өлдүк» деп калышты. Дароо милиция бөлүмүнө алып барышып түшүнүк кат жаздырышты. «Мындай экенин билген эмеспиз» деп кечирим сурап, араң чыктык. Дагы жакшы, болбосо камап жиберишмек экен да. Эртеси Кашкарга алып барып Нарынга салып жиберишти. Акча таппай, маанайым жок келдим. Келсем келинчегимдин боюнан түшүп калыптыр. Өзү 12 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. «Акчалуу болуп, социалдык абалымды жакшыртам, эгиз кыздуу болом» деген жакшы тилектеримди таш каап, мен үчүн аалам караңгы болуп калды. Келинчегимди таштап, гастролдоп кетип калганыма өзүмдү күнөөлүү сезип, ызаланып, күйүтүмдөн ушул ырды жараткам. «Күн да караңгы, ай да караңгы» деген саптар ошол кездеги абалымды чагылдырса, «буюрбаса айла жок экен» деген саптары жарык дүйнөгө келбей калган эгиз кыздарыма арналган. Кийин элге сиңимдүү болсун деп сөзүнө сүйүү жөнүндө кошуп, көркөмдөп койдум. Лейлекте киши өлгөндө атын айтпай эле «буй-буй-буй» деп кошок кошуп, өкүрүшөт. Бул сөз күйүттөн улам чыккандыктан, ырымдын ортосуна кошуп ырдайм. Көпчүлүк муну сүйүү жөнүндө ыр деп ойлошот экен. Кээ бирөөлөр чалып алып «жигитим же кызым менен урушуп кеткенде сиздин ушул ырыңызды угуп ыйлап, жеңилдеп алам» деп көп айтышат. Ырым элге жардам берип, күйүттөрүнөн арылтып жатканына кубанам. Өзүм капа болгондо ушул ырды ырдап, өзүмдү-өзүм дарылап алам. Балким, ошондо бул ыр жазылбаса мен өзүмдү таштап, ичип, жаман жолдорго түшүп кетет белем, ким билет?..
«Биз» тобунун мындан да мыкты ырларын угуп, чер жазгыңыз келсе, 9-май күнү саат 19:00дө Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Сарайына келиңиз. «Биз» тобу күйөрмандарына жандуу концертин тартуулайт. Топтун жагымдуу, мыкты чыгармаларын угуп, эс алып кетиңиздер!
Асхат Субанбеков
star@super.kg