Самара Каримова:«БАШ КОШКОНУБУЗГА БҮТ КЫРГЫЗСТАН ТАҢ КАЛГАН»

Бул ырчы акырындап күйөрмандарынын санын арттырып келе жаткан чагы. Анын аткарган чыгармалары улуттук колоритке жакын болгондуктан да улуу муунду өзүнө тартып турса керек. Ал – учурда ордолуу Ош шаарында бир топ популярдуу Самара Каримова аттуу ырчы айым. Анда бүгүнкү каарманыбыздын дүйнөсүнө саякатка чыгабыз.

CАМАРА ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Каримова Самара Эрмековна
Кичи мекени – Лейлек районунун Айкөл айылы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 10-апрель
Кызыгуусу – Көп нерсеге кызыгат, бир нерсе менен чектелбейт
Учурда – Жеке ырчы, репертуарында 30дан ашык ыры, 10дон ашуун клиби бар

– Самара, жакында эле Ош шаарында 7 күн катары менен концерт бердиңиз. Биздин Толик сынчы концертиңизге күбө болду. Айтсаңыз, концертти уюштуруп жатканда «эл келбей койсочу» деген кооптонуулар болду беле?
– Албетте, кооптонуу, коркуу сезими болбой койгон жок, бирок ал сезимдерди концерттин жыйынтыгы жууп кетти десем болот. Март айынын башында «жетинин бири кыдыр» деп ниет кылып жети күндүк концерт бергем. Элден айланса болот, эл бар экен, зал толо келип беришти. Ага кошумча элдин суранычы менен 8-март күнү күндүзү да концертибизди бердик. Концерт бүткөндөн кийин желкемден бир оор жүк түшкөндөй эле болду. Сиздердин Толик сынчыңар да барыптыр, 8 күн концерт берип ал адам менен жолуга албадым (күлүп). Бирок жакшы жазыптыр.

– Чыгармачылык менен качантан бери алектенип баштадыңыз?
– Негизи эле өзүм чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Эрмек Каримов орус тили мугалими болгонуна карабастан, аккордеон, комуз жана башка музыкалык аспаптарда мыкты ойнойт. Эс тарткандан эле ошол комуз, аккордеондун үнү менен чоңойдум. Артисттер айылга концерт коюп барышканда биздин үйгө түнөшчү, ошолордун таасири да мендеги таланттын ойгонушуна түрткү болду окшойт. Ал эми апам тараптан таенем кошокчу, санжырачы. Анын жанында жүрүү мен үчүн өзүнчө бир жомоктор дүйнөсүнө түшүп калгандай туюлчу. Мына ушул эки тараптан берилген талант менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырса керек. Чоң сахнага чыкканыма көз ачып-жумгуча эле үч жылдын жүзү болуп калыптыр. Бул жылдарда музыка чөйрөсүндөгү белгилүү адамдардан сабак алып, былтыр Ошто жеке концертимди берип, аймактарга гастролдорго чыгып, аз да болсо Самара Каримова деген атымды түптөй алдым деп ойлойм.

– Сахнага чыгышыңызга ким түрткү болду?
– Ырчы болом дегенимде ата-энем «кыз кишиге кыйын болуп калат, жакшылап ойлонуп көр» дешкен. 9-классты бүтүп, экономика тармагына окууга тапшырган элем. Бирок ал тармак мен үчүн эмес экен, ырчы болом деген жүрөгүмдөгү көксөө тынч койбоду. Кайра айылга кетип, 11ди бүткөндөн кийин Бишкекке келип Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин актёрдук бөлүмүнө тапшырып окуп калгам. Чоң сахнага чыгышыма зор салымын кошкон адам бул – менин өмүрлүк жолдошум Асан Мансуров. Өзүңүздөр билесиздер, сахнага чыгуунун өзү эле кандай эмгекти талап кылат. Ал эми жакындарыңдын колдоосу болсо жеңил экен. Жолдошум экөөбүз «Туңгуч» театрында спектакль көрүп отуруп таанышканбыз. Сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Ортобузда Даткайым деген кызыбыз жана Барсбек аттуу уулубуз бар.

– Жолдошуңуз өзүңүздөн 23 жаш улуу экенин билебиз, ортодогу жаш айырмачылык үй-бүлө курууда тоскоолдук жараткан жокпу?
– Биз деле үйлөнүп калабыз деп эч ойлогон эмеспиз. Бирок тагдыр экен, бирге болуп калдык. «Сүйүү жашка карабайт» деп коюшат эмеспи. Эң башкысы, биз бири-бирибизди сүйөбүз жана бактылуубуз. Менин жакындарым деле түшүнүү менен кабыл алышты. Анткени өзүмдүн атам менен кайнатам ынак достордон. Биз үйлөнгөндө «100 жылдык куда кылдыңар» деп абдан кубанышкан.

– Турмушка чыгып жатканда жолдошуңуздун мурунку никеси тууралуу сурадыңыз беле?
– Кудайдан жашырбаган нерсемди элимден жашырмак белем. Бул нерсени айтпаса деле белгилүү. Мен жолдошум менен таанышканда мурунку үй-бүлөсү менен ажырашканына 4 жыл болгон экен. Мурунку никеси тууралуу өзүнөн чукуп сурабайм деле, анткени ал менин жанымда, балдарынын кашында, башкысы, биз бактылуубуз.

– Жолдошуңуз сизди кайсы сапаттары менен багындырып алды?
– Ал адамгерчиликтүү жана эмгекчил. Мен жалкоомун, ал «иште» деп мени түртмөлөп турат. Ортобузда чоң сүйүү, сый бар. Учурда жолдошум Ош улуттук драма театрында жетекчилик милдетти аткарат, мен анын кол алдында актриса болуп иштейм.

– Алтынай Нарбаева менен аткарган «Кызган мени» ырын кантип чогуу ырдап калгансыздар?
– Алтынай эже менен чыгармачылык гана эмес, үй-бүлөлүк да катышыбыз бар. Менин устаттарымдын бири Саламат Садыкова болсо, дагы бири Алтынай эжем. Менин Оштогу концертиме конок болуп келгенде «Кызган мени» ыры жаңы жазылып бүткөн экен, экөөбүз дуэт ырдайбыз деп жүрүп ушул ырга токтолгонбуз.

– Жолдошуңуз болбосо азыркы Самара Каримова деген атты жасай алат белеңиз?
– Самара Каримова болмокмун, бирок учурдагыдай ширин балдарым, бактылуу үй-бүлөм болот беле, айта албайм. Анткени мен үчүн аялдык бакыт биринчи орунда. Уулум эки жарым жашта, кызым сегиз айлык болуп калды. Атасы экөөбүз кечинде жумуштан чарчап барсак кылыктары менен черибизди жазып, моокумубузду кандырып коюшат. Эне болуу өзүнчө бир бакыт тура, өзүң да бир жакшы нукка өзгөрөт экенсиң. Мурун мен эрке Самара болсом, азыр токтоо, кайын журтума мыкты келин болоюн деп аракет кылган эки баланын энесимин.

– Жаңы келин болуп баргандагыңыз эсиңиздеби?
– Албетте эсимде, жолдошум экөөбүз чогуу түтүн булатканыбызга быйыл 4 жылдын жүзү болуп калды. Мени өзүмдүн туулган күнүмдө учак менен Бишкектен Ошко алып барган. Кайненем жаңы барганда өз кызындай кабыл алып, аларга бүлө болуп кетишиме чоң салымын кошту. Чынын айтайын, өзү да аябай таң калган. Биздин баш кошконубузга кайненем эмес, бүт Кыргызстан таң калса керек, анткени каякка барбайын «эмне үчүн жолдошуңуз өзүңүздөн улуу?» деген суроо сап башында турат. Жеке жашоом элге ушунча кызыкпы деп таң калам. Көрсө, бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын деле кереги жок экен, анткени чыгармачылыкта жүргөн адамдарды сөзсүз жаман-жакшы кептер ээрчий турганына ынандым.

– Үй-бүлөдө канча бир туугансыз?
– Сегиз бир тууганбыз, жети кыз, бир уул. Мен кыздардын кенжесимин, менден кичүү Сагынбек деген иним бар. Учурда музыкалык окуу жайда окуйт. Биздин үйдөн музыкага ыктаган ошол иним экөөбүз эле болдук окшойт. Калган эжелерим турмушка чыгып, баары өз оокаттары менен алек.

– Сиздин клиптериңизге калтырылган комментарийлерди карап отуруп, «Самара Каримова күндө клип тартабы?» деген күлкүлүү суроону окуп калдым...
– Клиптерим үстүртөн караганда жеңил-желпи көрүнүшү мүмкүн, бирок ага да энергиямды коротуп, эмгек кылам. Мен клипке көп басым жасайм, анткени андан адамдын жүзү таанылат. Сын-пикирлерди сабак катары кабыл алам. Ал эми ашыкча сын таккандарды менин кулагым укпайт, көзүм көрбөйт (күлүп).

– Жакында Улуттук филармонияда жеке концертиңизди бергени жатыптырсыз?
– 7-8-9-10-май күндөрү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жеке концертимди бергени жатам. 9-Май – Жеңиш күнүнө карата күндүзү да концерт болот. Концертке чоң жоопкерчилик менен даярдануудамын. Ыр күйөрмандары келип, чер жазып кетишсе болот.

«Эмне үчүн жолдошуңуз өзүңүздөн улуу?» деп көп суроо беришет».

«Уулум Барсбек чоң жигит болуп калды».

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Самара Каримова: “Баш кошконубузга бүт Кыргызстан таң калган”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (154)
vasima
2014-05-09 18:23:49
каантип эле
0
aziziko
2014-05-09 19:39:59
Ким кимге тийет биздин ишибиз эмне биз андан коро озубуздун жашообузду ойлойлучу. Менин деле чон энем чон атамдан 20 жаш кичуу болчу жакшынакай 7 баланы тарбиялап остуруп баарынын бутунан тургузушту.Азыр балдарынын жакшылыгын коруп балпайып отурушат. Корейлердин чалдарына деле тийип атышат го биздин кыздар ага караганда кыргыздын санын кобойтуп атышат.Кыргыздар сын анан королбастык жагынан башка улуттарды алдыга чыгарбайбыз.
-5
Maxabat81
2014-05-10 13:44:00
Нам не судить.....
+1
altinim
2014-05-10 16:55:51
капыраааай 91-ж дейби? эсим ооп кала жаздады муну 78-79 деп журсо...
+3
roma92
2014-05-10 17:12:09
ошондо азыркы заман менен атасы менен тен адамга турмушка чыгыптыр да
+2
smoke
2014-05-11 09:29:14
Сулуу экен-
0
LadyD
2014-05-11 09:39:41
бут Кыргызстан тан калды дейт го... биринчи жолу угушум мындай ырчы бар экенин, комменттерди окуп корсом коп эле киши билбейткен бул кызды
0
dastan_nookat
2014-05-11 13:18:54
"Бактылуу болунуздар"
+1
aijan
2014-05-11 14:34:26
Олон чач, сулуулугуна суктанып койдум, вах- вах!
+1
Maxima
2014-05-11 23:38:19
But Kurguzstan tan kalgudai Assol menen Almazbek Raimkulov belener ))).
-1
mela
2014-05-14 12:30:20
Oshto kuioosu jetektegen dramteatrdan arendasynan 1 kundo 40min som tabat eken.
0
matteraza
2014-07-22 00:16:34
БУТ Кыргызстан тан калгандай бул ким атактуу ырчы болсо бир жон тан калганынын СЕБЕБИ атасындай чалга тийгенге мумкун ЕМИ капа болбо 5% баланын коз жашы кана жалко БИРО АБДАН ЧЫРАЙЛУУ МУРНУСУ мага жакты БАКТЫЛУУУУУ БОООЛГУУУЛААА
-1
matteraza
2014-07-22 00:25:56
уят го айланайын Кыргызстан емнеге тан калат суйунот да чалга тийген керемет емеспи балдарын бактырып озу ырдап акча табат Чалы Асанчик ХХХ ХХХ ХХХ уйдо отурат Жалко 5 баланын коз жашы жаман болоду Укам
-1
admin_portal
2014-07-22 10:23:45
matteraza - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
0
karona
2015-02-25 17:42:09
Жакшы ырдайт экен, биринчи жолу коруп жатам бул ырчы кызды. Уй-булолук бакыт, чыгармачылыгына ийгилик каалайм!
+1
Ayperi94
2015-07-14 14:34:01
Уй -булолук бакыт чыгармачыл ийгилик!
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан