(Башталышы өткөн сандарда)
Айдай жатаканадагы бөлмөсүндө кыялга чөмүлүп, Бекзат экөөнүн жакында боло турган тою тууралуу ойлорго жетеленип жаткан. Аңгыча эле коңшу бөлмөдөгү кыз кирип келди.
– Айдай, сени алдыда вахтёрша чакырып жатат.
– Эмнеге?
Айдай түшүнбөй тиги кыздын оозун карады.
– Билбейм, түшсөң көрөсүң да.
Дагы эмне болуп кетти? Же адатынча «неге кеч келип жатасың?» деген сыяктуу сөздөрү менен кулактын кужурун алабы? Айдай өзүнчө кобурана төмөн көздөй жөнөдү. Биринчи кабаттан аны нөөмөттөгү айым көзүнүн төбөсү менен карай тосуп алды.
– Чакыртыпсыз, келдим.
– Тиги эки байке сени издеп келиптир. Туугандарың болобу?
Тиги аял диванда отурган эки кишини көрсөттү. Алар Айдар менен Акылбек эле.
– Жок.
Айдай эки ийинин куушура, аларды таңдана карап койду. Кайра тамашалап жатабы дегенсип тиги аялга тигилет. Аңгыча ары жакта турган эки кишинин бири утурлай Айдайдын алдынан тосту.
– Айдай, сенсиңби?
– Ооба.
– Кызым, менин каралдым.
Бейтааныш киши кучагын жая Айдайды бооруна кысууга умтулду эле, бүшүркөгөн кыз чочуган абалда денесин ала кача артка кетенчиктеди.
– Сиз кимсиз? Адашып жатасыз. Мен сизди тааныбайм, биринчи жолу көрүшүм.
Чочуп кеткен кыз артка кетенчиктей бергенде, тиги билектен кармап калды.
– Токтой турчу, кызым! Бул узак сөз, шашпай күтө турчу, баарын баштан-аяк баяндап берейин...
Ачуусу келе түшкөн Айдай шарт басып кете турган болуп кылчая бергенде, тиги кишинин жалооруган каректерине кареги уруна түштү. Бир жерден көргөндөй. Бирок кайдан көргөнү эсинде жок. Көздөрүндө көп сыр бардай жалооруйт. Айдай артка кадам таштай албай тушалды. Аздан соң жатаканага жакын жердеги кафелердин биринде Айдар Айдайга өмүр таржымалын төкпөй-чачпай баяндап берип жатты...
Айдай тиги кишинин айткандарына анчейин ишене берген жок. Көзүнөн жашы жаак ылдый куюла берди. Бир кезде чыдабай кетти да, дароо чөнтөгүнөн кол телефонун алып чыгып айылдагы атасына чала кетти.
– Алло, ата, кандайсыз?
– Угуп жатам, кызым. Өзүң кандайсың? Көптөн бери чалбай калдың го, жакшы эле жүрөсүңбү?
Трубканын ары жагынан Керимдин үнү угулду.
– Ата, мени багып алдыңыздар беле?
Айдай так кесе суроо узатты.
– Сага ким айтты аны?
Керимдин эси чыга шаштысы кетти.
– Айтсаңыз, мен чындыкты билгим келет...
Ушул тапта Айдай ызага муунуп, үнү каргылдана түштү. Керим эмне деп айтарын билбей башы маң. Бирок шибегени капка катканың менен акыры бир күнү тешип чыгат эмеспи. Азыр чындыкты жашыруунун кажети жок экенин түшүндү.
– Ооба, кызым.
Бир топтон кийин трубканын ары жагынан Керимдин кылмыш жасаган кишидей үшкүрүк коштогон үнү угулду. Атасынын жообун уккан Айдайдын бар дүйнөсү аңтарылып кеткендей туюлду. Ыйлаган боюнча шалдырап, бир топко дейре отура берди.
– Баары жакшы болот, кызым. Карап турган Айдар аны аяр кучактап, маңдайынан сүйдү. Ал да жаш баладан бетер бышактап алган. Анан кантсин, байкуш?! Атанын да, анын кучагына башын жөлөй берген кызынын да канча жылдан берки баштарынан өткөргөн оор турмуштарын так ушул мүнөттөр унуткарып жаткандай туюлду. Ал гана эмес экөөнү карап турган Акылбек кошо жашыды. Чыныгы бакыт деген ушул окшойт деп эзилип турду ичинен.
ххх
Тариел адаттагыдай кечкурун машинасын зуулдата айдап, өзү иштеткен кафесине келди. Кафенин ичине кирип өз бөлмөсүнө баш багып, креслосуна отуруп чалкалай керилди да, бүгүн кимди кылтакка илерин тизмектеп, кечки мергенчиликке камынды. Капыстан эле оюна так ушул бөлмөдөн Айдайды кордоп жатканы түшүп, эрдик кылгансып ууртунда жылмаюу пайда боло, тамекисин түтөттү. Эмнегедир эсине досу Бекзат түштү да, ага телефон чала кетти:
– Досум, кандайсың?
– Жакшы.
Бекзат ага токтоо жооп кайтарды.
– Көрүнбөй кеттиң го, качан өтөсүң мен тарапка? Отуруп, чер жаза баарлашсак болот эле.
– Бир сааттан кийин барып калам.
Бекзат ага чындыгында жолуккусу деле келген эмес. Бирок Айдайга жакында үйлөнгөнү жатканын Тариел билиши керек. Аны менен эркекче отуруп сүйлөшүп алууну туура көрдү. Ошол күнү кечинде Тариел менен Бекзат катуу майрамдашты. Сөз ортосунда Тариел оюндагы кепти баштады.
– Баягы иштер не болду, досум?
Бекзат ушуну күтүп жаткан. Акыры чындыкты айтууга туура келди.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков
ЖАКЫНДА
ҮЧ КУРБУ
Үч тагдыр, үч аял, үч курбу... Алар бир кезде тамчы суудай таза, ак ниеттери менен «аялзатында достук болбойт» деген кепти төгүнгө чыгарабыз дешкен. Курбулар бири-биринин жолунан эч качан кайчы өтпөгөнгө убада кылышкан. Бирок жашоо агымы үчөөнү карама-каршы жээкке таштап, алардын тагдырлары бир адамдын колуна байланып калды. Колунда бийлиги, байлыгы бар адам үч курбунун жашоосун аңтар-теңтер кылып, айыгышкан душманга айлантарын алар убагында билген эмес. Эми алар өз бактылары үчүн күрөшүүгө даяр. Болгондо да «же сен, же мен» деген айыгышкан эрөөл... Биринде сейрек кезиге турган сулуулук болсо, экинчисинде акыл, үчүнчүсүндө мээрман жүрөк...
Бул чыгармада аялдын аянбас айкөлдүгү, арстандай кашкөйлүгү, суудай тазалыгы, түлкүдөй амалкөйлүгү, айтор, аялзаты бардык өңүттө ачылып берилет. Бүтүндөй Кыргызстанды ыйлата турган, кубанта турган, каармандар менен бирге жеңишти көксөтө турган мыкты чыгарма сиздер үчүн! Күтүңүз, жакында...
Асия Алиева