ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-майдан 11-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жеке жашоону жакшы жакка өзгөртүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуз. Документтерге кол коюудан мурда анда жазылгандар менен таанышып чыгуу кажет. Бейшембиде көк беттенем деп жатып, жакшы нерседен куру кол калбаңыз. Жума күнү маанилүү ишти жакындарыңыз менен чогуу бүтүрөсүз. Жекшемби жаңы нерселерди өздөштүрүүчү күн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тагдыр сиздин канчалык бышык жана бекем экениңизди сыноочу апта. Шейшембиде алданбайын десеңиз, күтүлбөгөн сунуштардан баш тартыңыз. Бейшембиде оттон, газдан абайлоону жылдыздар эскертет. Жума күнү жакындарыңызга жашырган сырларыңыз белгилүү болуп чыга келет. Жекшембиде дарегиңизге айтылган сындарга чычалап, бирөөлөр менен урушуудан этият болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында жетекчилик менен талашып-тартышып, кырдаалды курчутпаңыз. Баары бир тараза ташы сизге ообойт. Шаршембиде үйүңүздү көптөн бери самап жүргөндөй жасалгалоого убакыт да, акча да таап сүйүнөсүз. Ишембиде кыялданып жүргөн адамыңыз менен таанышасыз. Жекшембиде жаңы идеялар жаралат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдөн тартып оор иштерди аркалоого даяр болуңуз. Шаршембиде күтүлбөгөн жаңылык ишиңизден алаксытып, бир топ алдастатат. Бейшембиде жаңы адамдар менен таанышып, алардан идеяларга ээ болосуз. Апта акырында эч жакка шашпаңыз, болбосо бөөдө убаракерчилик тартып каласыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө чөйрөдөгүлөр эмоциялар толкунуна чулгайт. Шейшембиде башка бирөөлөргө көз артып, тийишем деп сүйүктүүңүздүн каарына калбаңыз. Шаршембиде жан дүйнөңүзгө майрам тартуулаңыз, хоббиңиз менен алектениңиз, кино же концертке барыңыз. Жума күнү сиздин жардам менен түйүндүү иш чечилмекчи. Ишембиде тегерек-четти тазалоо, көрктөндүрүү иштери күтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиздин ийгиликтериңиз көптөргө маалым болуп, элдин көбү сиз тууралуу ойлорун өзгөртөт. Бирок жашырып калууга үлгүрбөгөн катаңыз да билинип калат. Дүйшөмбүдө куулук кылам деп жатып, чыгымга учуроодон качыңыз. Шаршембиде документке байланыштуу маселени чечүүдө өз чечимиңизге таяныңыз. Ишембиде жакшылыктын күбөсү болууңуз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта жеке иштерди бүткөрүүгө ылайыктуу. Шейшембиде сизди сапарга чыгуу же жагымдуу сейилдөө күтөт. Шаршембиде жамаат менен чогуу чоң маселени талкуулоого катышасыз. Жума күнү майда чырлар чыгат, баарын жүрөккө жакын кабыл албоо кажет. Ишембиде жакшы өзгөрүүнү күтө берсеңиз болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада айрымдар жашаган жерин алмаштырышса, бойдоктор сүйүктүүсү менен мамилесинин туруктуу болуусуна күч сарптайт. Дүйшөмбүдө жакшы тааныштарды колдонсоңуз, чоң ишиңизди бүткөрүп аласыз. Шаршембиде олдоксон кыймыл-аракеттер жараат алууга жеткирүүсү мүмкүн. Жума күнү жаңы нерсени өздөштүрөсүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада мамилелердин туруктуу болушуна жетишсеңиз гана ийгилик жылмаят. Шейшембиде жеген тамактын сапатына көңүл буруу керек, уулануу коркунучу бар. Бейшемби күнү капчыгыңыз кампаят. Жума күнү өткөн жашоону эстетүүчү эски достор жолугат. Апта аягында иштериңизди бүткөрүп берүүчү жардамчылар чыгат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада өзүңүз кабыл алган маанилүү чечимден баш тартпасаңыз, жыйынтык жакшы болот. Сиздин карьерадан көтөрүлүү маселеңиз да таразага коюлчу мезгил. Жакын адамыңыз тууралуу ушактарды да жеткизишет, көз менен көрбөгөн нерсеге ишенбөө сунушталат. Эс алуу үчүн сейилдөөгө же табиятка чыкканда курт-кумурсканын чагуусунан этият болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада үй-бүлөлүүлөр азгырык сезимдерге кирип, сүйүү романын баштоодон качуулары кажет. Дүйшөмбүдө оор иш кылуудан абайлаңыз, кокустукка кабылууңуз мүмкүн. Бейшемби балдарга эс алууну уюштуруп берүүгө, үйгө буюм сатып алууга ылайыктуу. Жекшембиде пландарды өзгөртүүчү кырдаал чыгат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө эски каталар, таарынычтар козголуп, алагды кылат. Шейшембиде жакындарыңыз убакыт бөлүүнү талап кылат. Бейшембиде эмне ишке киришсеңиз да жыйынтыгы жакшы болот. Жума күнү кош жаңылык эшигиңизди чертиши мүмкүн. Апта аягында машинасы барлар рулду башкаларга ишенип бербөөлөрү керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан