Митал Шарипов: «18 ЖАШЫМДА СССРдин ЧЕМПИОНУ БОЛГОМ»

– Митал байке, маегибизди алгач спортко кантип келип калганыңыздан баштасак.
– Жакшы болот. Анда мен 3 жашта элем. Өзүмдүн атам Балтабай Шарипов Кыргызстанда алгачкы болуп, «оор атлетика боюнча спорттун чебери» деген наамды алган алп адам эле. Бала кезимде жыгачтан кичинекей штанга жасап берип, күндө эртең менен машыктырганы такыр эсимден кетпейт. Алгачкы машыктыруучум Эркебай Боромбаев деген адам окуучулук кезимде штанганы көтөрүүнүн ыкмаларын үйрөттү. Негизинен, Кыргызстанда күрөш боюнча көбүнчө Талас облусундагы балдар машыгышса, кичи мекеним болгон Көксай айылында оор атлетикага басым жасалып келет. Мага атамдан тышкары ушунун да таасири тийген. 15 жашка келгенимде атам ордо калаабыздагы спорт мектебине киргизди. Бирок, анда оор атлетика боюнча секция ачыла электигинен, бир жыл дзюдо менен машыгып калдым. Кийин оор атлетика секциясы ачылганда андагы алгачкы окуучулардан болдум. 1989-жылы спорт мектебин бүтүргөн соң, армияга спорт ротасына жиберишти. 1990-жылы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөр арасында чемпионат өтүп, анда 1-орунду жеңип алдым. Андагы чемпиондорго «СССР спортунун чебери» деген наам ыйгарылган. Ал учурда чет өлкөгө баруу үчүн СССРдин чемпионатында байгелүү орунга жетүү керек болчу. Ал эми СССРдин чемпиону болгон балбан сөзсүз түрдө дүйнө чемпионатында ийгиликке жетчү.
Ошентип жүрүп күндөрдүн биринде Бишкекте Өмүржан Молдодосов деген тажрыйбалуу машыктыруучуга кезигип, анын кол алдында машыга баштадым. 1993-жылы аракетим өз жемишин берип, эл аралык турнирден 1-орунга ээ болдум.
– Жеңиш оңойго турбаса керек?
– Кудайга шүгүр, мен Өмүржан агага туш болуп, багым ачылды десем аша чапкандык болбос. Анткени, мендеги дараметти сыртка сууруп, ийгиликке жетүүмө машыктыруучумдун салымы чоң. Ишенсеңер, кичинемде мени менен бирге машыккан иним Ринат мага караганда оор салмактарды көтөрө алчу. Андыктан, спортсмендердин келечеги машыктыруучусунун колунда деп айтат элем. Мисалы, алгачкы жолку жетишкендигимде 1000 доллар гонорар алган элем. Машыктыруучум Өмүржан ага болсо: «Бойдокчулук кезде акчаны оңго-солго чачып жок кылып коёсуң. Андан көрө мага бер, акчаңды чогултуп квартира алып берейин» деп алган. Бир жылдан кийин сөзүнө туруп, бир бөлмө­лүү квартира алып берди.
1994-жылы Кыргызстандын командасы биринчи жолу эгемендүү мамлекет катары Японияда өткөн Азия оюндарына катышты. Ошондо 75 килограмм салмак боюнча мелдешке чыгып, 145 килограммды жулкуп, 175 килограммды булкуп көтө­рүп, коло медалды моюнга тагынгам. Талык­паган эмгектин аркасы менен 2000-жылы Азиянын чемпиону болууга жетиштим.
– Спорттук аренада төбөсү көрү­нүп калган спортсмендерди чет өл­кө­лөр өзүнө тартып алышчу эле. Сиз­ге мындай сунуш болгон жокпу?
Бардык шартыңды түзүп беребиз, биздин өлкөнүн атынан чык деп Малайзия менен Казакстандын спорт жетекчилери кайрылышты. Бирок, менде патриоттуулук сезим күчтүү болгондуктан, барган жокмун.
Ошентип жүрүп 2004-жылы Грецияда өткөн Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын капитан командасы болуп бардым.
– Сизди Грецияда «допинг менен кармалып, мелдешке катышпай калыптыр» деген айың кеп таркады эле. Бирок, ал жактан келгенде да бул тууралуу эч кандай комментарий жасаган эмессиз. Ошонун чоо-жайын түшүндүрүп берсеңиз?
– Менин астма оорум бар. Оорум жыл сайын май айынан сентябрга чейин кармайт. Олимпиада оюндарына эки ай убакыт калганда оорум спорттук формама терс таасирин бергендиктен, Бишкекте дарыланганмын. Афиныдагы мелдешке эки күн калганда Эл аралык Олимпиада комитетинен «сенин анализиңден тыюу салынган дары-дармектердин бар экендиги белгилүү болду» деген кагаз келди. Көрсө, 2 ай мурда колдонгон дарыда тыюу салынган заттар бар экен. Ызы-чуу болуп жатканда мындай маселени Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети жеринде чечиши керек болчу. Бирок, аларга кайрылсак, «өзүңөр чечкиле» деп сөзүбүздү кулактарынын сыртында калтырышты. Ал эми оюнга катышуу үчүн барган экс-премьер министр Н.Танаев бизге көңүл бурганды кой, жаныбызга да басып келген жок.
– УОКтун ошол кездеги жетекчиси Эшим Кутманалиев жок дегенде денсоолугуңузду сурап коюуга жарадыбы?
– Афиныдан келгенимде көңүл буруп, денсоолугумду сурамак турсун УОКтон бериле турган 5 айлык стипендиямды бербей коюшкан. Мындан тышкары 1994-96-жылга чейин Улуттук Олимпиада комитетинен ай сайын 1200 доллар стипендия алмакмын. Себеби, Азия оюндарында 3-орунду алган элем. Бирок, Э.Кутманалиев аны жашырып бербей койгон. Кийин ага кирсем, «оор атлетика федерациясынын башында Каныбек Ос­моналиев турганда мен сага жардам бе­ре албайм» деп койгон. Көрсө, экөөнүн мамилеси начар экен. Ошентип, «эки төө жөөлөшсө, ортосунда бейажал чымын өлөт» дегендей эле болду.
Эң кызыгы, спорттук карьерамды аяктагандан кийин бир жыл иши жок бош жүр­дүм. Эч кимдин мени менен иши болгон жок. Бир жылдан кийин спорт мектебине машыктыруучу болуп бер дегенинен ал жакка бардым. Бирок, андагы айлык акы үйбүлөмдү багууга эмес, өзүмө да жетчү эмес. Айла жок, ишти таштоого туура келди.
Эң өкүнүчтүүсү, чет жерде улутуңдун намысын коргоого жандалбас уруп жүргөн мага окшогондорго ушундай мамиле болуп жатса, башкаларга сөз жок.
– Жакшы спортсмендерди өстү­рүп, алар ийгиликке жетсе, сизге да гонорар бөлүнөт да.
– Ошондой болушу керек, бирок, иш жүзүндө андай эмес да. Мен бардык аракетимди жумшап өстүргөн спортсмен ий­гиликке жеткенден кийин автоматтык түрдө Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусунун колуна өтөт. Ошентип, чоңойткон балаңдын берген жемишин анын чыныгы машыктыруучусу эмес, башкалары жешет.
– Кайсы өлкөлөрдө болууга жетиштиңиз жана сизге кайсынысы башкалардан жакын сезилет?
КМШ өлкөлөрүн эске албаганда Япония, Кытай, Корея, Тайланд, Иран, Түркия, Греция, Австралия өлкөлөрүндө болдум. Бирок, эмнегедир Иран жандүйнөмө жакын туюлат. Себеби, 85 килограмм салмак менен мелдештерге чыгып жүргөн­дө Иранга барып калдык. Эл аралык турнирге бир күн калганда өзүмдү начар сезип, кечке маал көл жээгин бойлоп көпкө ойлонуп жүрдүм. Мей­манканада уктап жатып кызыктуу түш көр­дүм. Анда мен кайырчыга акча берсем, «балам, кыйналып жатыптырсың, мен сага батамды берейин» дегени эсимде. Анан эле ойгонуп кеттим. Мелдеш учурунда кытайлык балбан менен атаандашып отуруп, жалпы эсеп менен кантип 352,5 килограмм штанганы көтөрүп койгонумду билбей калыптырмын. Жыйынтыгында, алтын медалды утуп алдым. Ошентип, Ирандагы турнирдин эң мыкты спортсмени аталып, «эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери» деген наамга татыктуу болгом.
– Митал байке, айтыңызчы, чоң спорттон кетишиңизге эмне себеп болду?
– Чындыгын айтсам, Олимпиададан кийин спорт жетекчилигине көңүлүм сууп калса, экинчи жагынан спорт менен коштошоорго убакыт деле келип калган.
– Башыңыздан өткөн кызыктуу окуяларга да орун берсек?
– Спорттун туу чокусуна жеткенде айрым спортсмендер күчүн кайда жумшаарын билбей, башкача болуп калышат. Жердештерим Нурбек Тармалов жана Таалай Раимбеков деген штангачылар спорттун чебери болуп, күчү­нө толуп турган кез болчу. Алар менен бирге Бишкекте жүрүп автобустардын бирине түш­сөк, ичинен экөөнү би­рөө жөөлөп кетти. Карасак бир орус киши экен. Анан «көзүңө карабайсыңбы?» дегенде орус унчукпай отуруп берди. Бир маалда өзү­бүздүн аялдамадан түшсөк, жанагы орус түшүп бизди кууп келе жатпайбы. Аны карасак, тимеле бул­чуңдары чыккан дөө неме экен. Көр­сө, олтургучта отурганда биз ага көңүл бурбаптырбыз. Ошентип, аны көрүп, жүрөк жерге түшүп, андан араң качып кутулганбыз.
– Үйлөндүңүз беле?
– Үйбүлө кургам. Жубайым Асел менен бир очоктон түтүн булатуу менен бир уул жана бир кызды тарбиялап өстү­рүүдөбүз.
– Турмушта аялыңызды кызганып, мушташкан учуруңуз болгон жокпу?
– Андайлар боло элек жана болбой эле койсун. Негизинен, мен жубайыма ишенем. Ал башка айымдардан айрымаланып, эркектерге тиешелүү иште, ми­ли­ция­да иштейт.

Маектешкен Улан Мамбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Айби
2009-12-02 00:05:58
Азаматсыз.
0
Айби
2009-12-02 00:06:16
Азаматсыз.
0
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан