ФАРХАТ КЕҢЕШБЕК УУЛУ УКТАГАН БОЮНЧА ҮЗҮЛҮП КЕТКЕН ЭКЕН

Жалаң муңдуу ырларды ийине жеткире аткарган, өзгөчө «Кайдагы сүйүү?» деген ыры менен эл оозуна алынган ырчы Фархат Кеңешбек уулу 27-апрель күнү 29 жашында кырсыкка кабылып, ажал аны арабыздан алып кетти. Кырчын кезинде өмүрү кыйылган ырчы мырзанын элеси дос-тууган, сахналаш, санаалаштарынын жүрөгүндө ар дайым жаркыраган боюнча кала бермекчи. Өкүнүчтүүсү, Фархат жубайы Асемага мындан 5 ай гана мурун, тагыраак айтканда, былтыр 27-ноябрь күнү баш кошкон эле.

КАРГАШАЛУУ КЫРСЫК
26-апрелден 27-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылында жол кырсыгы катталган. Анда Киа Шума үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тарабында келе жаткан БМВ 525 унаасын сүзүп алган. Кагылышуудан эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми Киа Шума унаасынын жүргүнчүсү, ырчы Фархат Кеңешбек уулу алган жараатынан ошол жерден каза тапкан. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы 28-апрелде билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы «Жол кырсыгы болгон жерде куткаруучулар келгенге чейин 1 адам каза болгон жана оор жаракат алган 3 адам «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген» деп маалымдады.

Акыл Жеңишбек уулу, өкүл баласы:«УКТАГАН БОЮНЧА ОЙГОНБОЙ КАЛЫПТЫР»
– Мага жеткен маалыматтар боюнча, кырсык болгон убакта өкүл атам уктап жаткан. Бир тууган агасы Бекзат рулда, улуу байкесинин баласы Санжар артта, өкүл атам жанында отурган экен. Угушумча, өкүл атамдар эмес, сүзүп алган машина күнөөлүү деп жатышат. Булар трассада өз жолу менен эле келаткан экен. БМВ үлгүсүндөгү унаа жолдон чыга калыптыр. Бекзат байке өзүнө келип, окуянын кандай болгонун айтыптыр. Өкүл атам уктаган боюнча көзүн ачпай үзүлүптүр.
Кырсыкты угарыбыз менен Таласка мен, келинчегим, ырчы Фарида Карбосова болуп бардык. Өкүл атабыздын ата-энеси, бир туугандарынын жанында чыдап тура албайсың. Мындайды эч кимдин башына салбасын. Өкүл атам башкача жан эле, биз жакшы дос болчубуз. Достугубуз мындан ары да үзүлбөй, жакын бололу деген жакшы ниет менен үйлөнө элегине карабай өкүл ата кылгам. Өкүл энем экөөнүн алдыга койгон пландарын угуп жүрөгүм эзилди. «Биз да ата-энемдей көп балалуу болсок...» деп кыялданчу экен. Машина менен кагылышканда башынан, кара кушунан жаракат алыптыр деп жатышат.

Азиза, кесиптеши, досу:«ЫРЧЫ МЫРЗАЛАРДЫН БИРИН ДА ФАРХАТКА ТЕҢЕБЕЙМ»
– Фархат менен 2006-жылы таанышып, чогуу «Бактылуу сүйүү», «Алтын балалык» аттуу ырларды жаздырып, клип тарттырдык.
Ал абдан жөнөкөй, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, катуу сүйлөбөгөн бала эле. Телефон чалганда дайыма «эжекоу, кандайсыз?» деп айтчу. 2006-жылдан бери чогуу жүрүп, бир да жолу анын сөгүнүп, жаман сөздөрдү сүйлөп, ичип-чеккенин көргөн эмесмин. Ал жөнүндө кандай сөз айтсам да аздык кылат. Шоу чөйрөдө көптөгөн мырзалар жүрөт, бирөөсүн да Фархатка теңегим келбейт. Ушунчалык маданияттуу, жапакеч, жакшы жигит эле. Фархатка чалганда дайыма «качан той жейбиз, качан тоюңда жыргап бийлейбиз?» дей берчүмүн. Бир күнү эле «жакында үйлөнгөнү жатам» деп чалып калды. Кубанып алган аябай. Ошол кубанычы көпкө узаган жок... Азыр эмне деп айтышты билбей турам. Бир тууганымдай жакшы көрчүмүн (ыйлап).
Суук кабарды мен 27-апрель күнү күндүзгү саат 10:39дарда Айнурадан уктум (ред. Салахидинова). Өзүмдүн ай-күнүм жакындап калгандыктан нерв болгонго дароо ичим түйүлүп, башым ооруп, өзүмдү жаман сезип кеттим. Уккан кулагыма ишенбей тура калып силердин SUPER.KG порталыңарды ачтым. Карасам эле Фархаттын чоң сүрөтү турат... Комментарийлердин арасында бирөө «Фархат каза болгон жок. Ал ооруканада жатат» деп жазыптыр. Ошол бир эле сөз мага чоң үмүт берди. Балким, чын эле ооруканада жаткандыр деп ойлодум. Көзүң көрбөгөндөн кийин жаман нерсеге ишене албайт экенсиң да. Кийин гана тааныштар чалып башташты (оор үшкүрүнүп). Фархаттын бир туугандарын, ата-энесин тааныйм, ал менин жакындарымды, жолдошумду билчү. Анын үйүнөн канча даам татып жүрдүк. Учуп жетип баргым келди, айла жок гана отуруп калдым чыга албай.

Айнура Салахидинова, досу:«КУРСАГЫ АЧСА ЭЛЕ МАГА ЧАЛЧУ»
– Бойдок кезде Фархат менен чогуу жүрүп көп кызык күндөрдү өткөрдүк. Ал курсагы ачса эле мага чалып «тамак ичпейлиби?» дей берчү. Азиза экөөбүз жетелешип барып калар элек. Мен жаңы ыр чыгарсам эле «эмне мен ырдай турган ырды чыгардың, сен мага атаандаш болдуң го» деп тамашалашып күлүп калчу. Акыркы жолу Фариданын (ред. Карбосова) туулган күнүндө көрүп, сүйлөшкөм. Ошондо «перзент күтүп жатасыңарбы?» деп сурасам, «бар деп айтпаш керек экен, Кудай буюрса, болот» деп сырдуу жооп берип койгон.
Жакында гана «буюрса, юбилейлер башталат, бири-бирибизди чакыралы» деп айтты эле. Ал тилегине да жетпей калды байкушум. Мына, 2-июнда 30 жашка чыкмак. Ал жашын да көрүү буюрбаган экен досубузга. Күйүп-күйүп гана кала бердик артында...

Максат Токтоналиев, агасы:«СЫЙМЫГЫБЫЗ БОЛЧУ»
– Фархат эң жакшы көргөн көкүрөк күчүгүбүз, сыймыгыбыз болчу. Мен ырларына обон жазып, чыгармачылыгына түрткү болдум. Абдан боорукер, адамга жамандык кылбаган, бир мүнөз жигит эле. Иним спортко аябай кызыкчу. 20 жашында ордо оюну боюнча спорт чебери болгон.
Атабыз да бир жыл мурун өтүп кетти эле. Жыл айланып артынан көкүрөк күчүгүбүздөн айрылып отурабыз. Фархат көптөн бери мал менен ийгиликтүү бизнес жүргүзүп келаткан. Бул жолкусунда да иши менен Көлгө баратып, минтип кырсыктан каза таап калды.


 

Света Токтоналиева, эжеси:«ӨЗҮН ЭМЕС, СӨӨГҮН ТОСУП АЛДЫМ»
– Фархаттын атын өзүм коюп, 5-класстан бери Бишкекте алып жүрдүм. Ал ыр, обон, аранжировка жаздырганда да чогуу барып, баскан-турганына чейин өзүм карачумун. Мени чыгармачылыктагы достору «Фархаттын мамасы» деп коюшчу. Күтүлбөгөн жерден чоң жоготууга учурадык. Фархат кенжебиз болгонуна карабай баарыбыздын башыбызды бириктирип, колдоо көрсөтүп турчу. Улуу болсок да баарыбыз аны укчу элек.
Кырсык болор алдында иним үйүнө конок чакырмак. Көлгө баратканда «апче, мен, Кудай буюрса, таңкы саат 5-6да келип калам. Сизге ишенем, өзүңүз көзөмөлдөп коёсуз да» деп кеткен. Конокторду чакырып, дасторконду даярдап койгон элек. Кийинки күнү Фархатым айткандай таңкы беште келди. Бирок өзүн эмес, сөөгүн тосуп алдым. Ыйлап-сыктап, өзүмдү жоготуп, араң эсиме келип жаттым.


ҮЙДҮН ЭРКЕСИ ЭЛЕ
Фархат 1984-жылы 2-июнда Талас районунун Чкалов айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 9 бир туугандын кичүүсү. Чыгармачылыгын «Оштук кызга» деген ыры менен баштап, ырчы Азиза менен «Алтын балалык», «Бактылуу сүйүү» деген дуэттерди жаздырган. 2013-жылы күзүндө үйлөнүү тоюнда ырчы кубанычы коюнуна батпай бизге маек куруп берген эле. «Келинчегимди мага Кудай белек кылды. 27-ноябрга тойду белгилегенибиздин себеби, кыш болуп кетпесин дедик. Асема экөөбүздүн алдыга койгон жакшы максат, тилектерибиз бар. Алла Таалам берерин унутпаса, көп наристени багып өстүрөбүз...» деген. Аттиң, ырчы мырзанын бактылуу күндөрү аз убакытка созулуп, ошол сөздөрүнүн өтөөсүнө чыга албай калды.

Ырчы Фархат Кеңешбек уулунун мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эки жаштын бактылуу күндөрү, тилекке каршы, көпкө созулган жок.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Фархат Кеңешбек уулун жакындары эскерет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
TolonturCN
2014-05-07 06:54:45
Жаткан жериң бейиш болсун! эртеби кечпи томолок башта бир өлүм.
+1
Elika
2014-05-07 15:00:50
Эхх шум ажал.Бул ырчы кечээ гана уйлонуп кубанып жургон элего,жаткан жери жайлуу болсун.Сабыр кылыныздар.
+1
Zeinepa
2014-05-07 16:11:16
Адам болгондон кийин баарына чыдайт экенбиз, чыдабаска аргабыз да жок экен.Эн жаманы жакынындан айрылуу экен, суук кабар угуудан корком.
0
Akmatov1990
2014-05-07 18:36:36
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
Talas_sity
2014-05-07 19:56:59
Не демекчибиз жаткан жери жайлуу болсун
0
aika-77
2014-05-07 21:13:00
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
fara2503
2014-05-08 00:50:29
жаткан жери жайлуу болсун. аллах таалам кунолорун кечирип бейиштен орун берсин
0
shazi
2014-05-08 01:11:10
Жайы жаннаттан болсун.
0
Omur
2014-05-08 01:26:27
Тагдыр экен, олумдон эч ким качып кутулган эмес. Жаны жаннаттан болсун!
0
aisuluu_12
2014-05-09 22:29:22
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
nurik9090
2014-05-10 14:10:35
жаткан жери жайлуу болсун.
0
maks93
2014-05-10 14:22:14
Жаны жаннатта болсун,жаткан жери жайлуу болсун.
0
venadina
2014-05-12 08:18:47
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
zoiy_asad2014
2014-05-12 14:08:08
аябай окунучту жаткан жери жайлуу болсун аялына боорум ооруп атат
0
siezd
2014-05-12 14:58:55
ааиий ишенгим келбеди не дешими деле билбей калдым ата энесине сабыр берсин
0
№ 600, 02-май-08-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан