25-апрелде Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп, анда 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү үчүн биометрикалык паспортторго өтүү тууралуу маселе талкууланды. Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев биометрикалык паспортторго өтүү үчүн 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып жарандардын биометрикалык маалыматтары массалык түрдө чогултулуп баштаарын билдирди. Коомчулукта «Биометрикалык паспорт деген эмне? Бул паспортту колдонууга өтсөк эле шайлоолор ачык-айкын өтүп калабы?» деген суроолор жаралууда.
ПАСПОРТ ТУУРАЛУУ
Биометрикалык паспорт сырткы көрүнүшү боюнча кадимки эле паспортко окшош. Бир гана айырмачылык, биометрикалык паспортко документтин ээсинин сүрөтү, жеке маалыматтары: аты-жөнү, туулган датасы, паспортту алган жана мөөнөтү бүтө турган даталар, паспорттун номери жана башка ар кандай кошумча маалыматтар камтылган атайын микросхема орнотулат.
Дүйнөлүк стандарт боюнча микросхемада көздүн кубулмалуу челинин сүрөтү же бармак издери сыяктуу атайын биометрикалык маалыматтар камтылышы керек. Артыкчылыгы – паспорт менен жумуш бүтүрүү процесстеринде кезек күтүү узакка созулбайт. Себеби андагы маалыматтарды атайын аппараттын жардамы менен автоматтык түрдө көчүрүп алууга болот. Ошондой эле өздүк маалыматтарды (мисалы, бойдоктор турмуш кургандыгы же жарандын жер которгондугу тууралуу жана башка маалыматтарды) киргизип же өзгөртүүгө мүмкүн.
Терс жагы катары эксперттердин пикирин эске алууга болот. Эксперттер «биометрикалык технологияларды колдонуу адамдын эркиндигин чектөөгө алып келип, тагыраагы, алардын үстүнөн көзөмөлдөө механизми жаралат» дешет. Маалыматтарга ылайык, Кыргызстан биометрикалык маалымат үчүн көздүн кубулмалуу челинин сүрөтү, 10 манжанын изи жана санариптик сүрөттү киргизүү керектигин тандашкан. Бирок бул азырынча акыркы чечим эмес.
КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Болуп өткөн жыйында биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев биометрикалык маалыматтар камтылган паспортторду кабыл алуу биринчи кезекте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын айтты. Ошондой эле ал белгиленген пландарды ишке ашыруу үчүн өкмөт тарабынан бардык каражаттар табылгандыгын билдирди. Жарандарды бул паспорт менен камсыздоо программасын ишке ашыруу үчүн 250 миллион сомдун тегерегинде акча сарпталмакчы. Ал эми 2015-жылга чейин жарандарды аталган паспорт менен камсыз кылууну тапшырган президент Алмазбек Атамбаев эл муктаждыкка чыдаганы менен, акыйкатсыздыкка чыдабасын айтты. «Биздин максат – бардык жарандарды биометрикалык паспорттор менен камсыз кылуу гана эмес, таза шайлоо өткөрүү»,- деди А.Атамбаев. Өкмөт 2015-жылдын 1-июлуна чейин калктын биометрикалык маалыматтары камтылган бирдиктүү мамлекеттик каттоону түзүп чыгууну бүтүрүүнү пландоодо. Өлкө башчы министрлер кабинетине «ушул жылдын 1-сентябрынан тарта биометрикалык маалыматтарды чогултуп баштабаса, өкмөт отставкага кетиши керек» деди.
ДҮЙНӨДӨ
Биометрикалык паспортту биринчи болуп АКШ 2006-жылдан тартып колдонуп баштаган. Мындай документти колдонуу идеясы 2001-жылдын 11-сентябрында Америкадагы дүйнөлүк соода борборлорунун террористтер тарабынан жардырылуусунан кийин келип чыккан.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg