«Сени эстеп», «Алдадың» аттуу ырлары менен элге таанылган ырчы Амир Аскаровдун акыркы кездерде сүйүүдөн жолу болбой келет. «Ушул кезге чейин жоопсуз сүйүүгө көп кабылдым. Эми түбөлүктүү махабатты күтүп келем» деген ырчы мамилеге туруктуу мырзалардын катарын толуктаарын айтып өттү.
– Салам, Амир. «Апама операция жасалат» деп калдың. Баары жайындабы?
– Саламатсыздарбы? Апамдын кан басымы бийик болчу. Кантер экен деп жаттык эле, Кудайга шүгүр, операциядан жакшы чыкты. Азыр абалы жакшы.
– Апрелдин башында Ош, Жалал-Абадга концерт коюп келиптирсиң, кандай өттү?
– Ачык айтканда, концерт ийгиликтүү болбой калды. Менин милдетим – барып, ырдап келиш керек болчу. Концертке эки күн калганда Ошко барсам жарнама жетиштүү болбоптур. Ошого жок дегенде 100 киши келсе сүйүнмөкмүн деп жаткам. Жалпысынан 200гө жакын көрөрман келди. Киши аздыгына бир жагынан көңүлүм чөксө, бир жагынан аз болсо да залды жарып, мени колдоп отурушканына кубандым. Менин ордумда башка ырчы болгондо ошондой концерттен кийин «ырчылык меники эмес» деп таштап салмак. Менде, тескерисинче, иштейм, көрүнөм деген каалоо күчтүүрөөк пайда болду.
– Дагы бир себеп продюсери жок, жалгыз иштегенден болсо керек?
– Билесизби, мага көп продюсерлердин иштегени жакпайт. Бизде ишин мыкты аткарган саналуу гана продюсерлер бар. Калгандарынын аты эле болбосо, иштери чала. Андайлар менен иштешкенче өзүм чыкканым жакшы. Эч кимге карыз да, көз каранды да болбойм. Кошумча менин ырдоо стилим батышка ыктап, биздин формат эмес болуп жатпайбы. Биздикилер көбүнчө той ыры болуп кетишкен го азыр. Бир учурда мен да ошондой багытта иштейин деп аракет кылгам. Мага көп тааныштар «эгер акча иштегиң келсе, тойго ылайыктуу ырларды жаздыр» деп айтышкан. Колумдан келбейт экен андай. Бала кезден Европанын ырчыларын угуп, сапаттуу музыка менен өстүм. Негизи, адам музыканы укканда энергия алышы керек, биздикилердин көпчүлүгүнөн ала албайсың. Кыргыз ырчыларынан мен Нурбек Савитахунов, Омар, Актан Исабаев, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисовалардын чыгармачылыгын баалайм. Алар кесибине берилүү менен профессионалдык деңгээлде мамиле кылышат.
– Саналуу гана ырчыларды уксаң, бул чөйрөдө досторуң деле азбы дейм?
– Ачык эле айтам, бул чөйрөдө менин досторум жок. Продюсерлер айтмакчы, чыгармачылык – кайрымы жок иш. Жаныңдагы киши бүгүн дос, эртең жок болуп кетиши мүмкүн. Буга чейин шоу чөйрөдө «псевдо-досторум» болгон. Алар кандайдыр бир деңгээлге жеткенде алыстап кетишти. Ошондон кийин бул чөйрөдөн дос күтпөйм дегем.
– Сапаттуу музыка деп жатасың, сенин ырларыңды деле «сапатсыз» деп сындагандар бар чыгар?
– Сапат темасында эч ким мага сын айткан эмес. Өзүмдүн музыка жактан сабатсыздыгымды эске алып, дайыма профессионалдар менен иштешип келем. Өзүм билбесем элден сурайм, изденем, үйрөнөм. Чынында, азыр шоу-бизнесте ырдай албаган балдар бар. Алардын бетине эле айтам, «сен ырдай албайсың, жөн эле койбойсуңбу» деп. Өзүмдүн үнүмдү деле укмуш деп айтпайм. Бирок мен дайыма изденүүдө жүрөм. Айрымдар аракет да кылышпай жатпайбы, ошол мени күйдүрөт. Алар ыр жаздырат, клип тарттырат, бирок сапат жок. Сапаттын үстүнөн иштешпейт. Жөн гана күйөрмандарын алдайт. «Жок дегенде вокалга жазылып албайсыңбы» десең, «ээ, мындай эле компьютер менен жасап коём» дешет. Чынында, кесиптештерим менен учурашпайм деле. Алар дос эмес, ашып кетсе кесиптеш болушу мүмкүн.
– Баса, сенин интернет баракчаңда актриса Бегимай Туратбекова менен түшкөн сүрөтүңөр катуу талкууга алынып жатат да?
– Хе-хе, ал жөн гана эстеликке түшүп койгон сүрөт. Бегимайды алгачкы жолу «Талас-Бишкек» тасмасынан көрүп, татынакай кыз экен деп койгом. Ошону менен жүрүп бир жолу Динара эже (ред. Акулова) ооруканага жатып калган экен, көргөнү барсам Бегимай жүрүптүр. Анан эстеликке түшүп койгонбуз. Эл жазгандай түгөй эмеспиз, эч кандай мамилебиз жок.
– Мурунку сүйүктүүңдүн ордун басчу селки табылдыбы?
– Мээрим менен ажырашкандан кийин эки жума катуу депрессияга кабылдым. Досторум күндө «жүрү, көңүлүңдү ач» деп эптеп эшикке алып чыгып, алаксытууга аракет кылышты. Мындай учурда баары айтышат эмеспи, «сени баалаган жок, ал сага татыктуу эмес» деп. Мен сүйлөшпөй калсам дагы, аны бир жолу да жамандаттырган жокмун. Балким, ага мен көп көңүл бөлүп тажатып жибергендирмин деп ойлоп кетем кээде. Аны менен мамилебизди үзгөн соң жакшы эле башка кыз тапканга аракет кылдым, бирок жолуктура элекмин. Бирок «издебеш керек» деп коёт экен го.
– Башка кыздардан мурунку сүйгөнүңдүн сапаттарын издеп жүргөн жоксуңбу?
– Жок, ар бир адам өзүнчө индивид. Ар кимдин өзгөчөлүктөрү болот. Мен өткөн күн менен жашагандардан эмесмин. Өткөн күндү биротоло коё бермейинче сага жаңы жашоо келбейт. Ошого ишенем. Мен жашоомдо көп кыздарды көрдүм, керегинче ойноп-күлдүм. Көп жолу ажырашуунун запкысын тарттым. Мындан ары ажырашууну каалабайм. Билесизби, мен эми бирөөнү таап, ошону менен өмүр бою жашагым келет. Ал кыз мени колдоп, жанымда болсо деп тилейм.
– Мамиледе эмнеге көңүл бурасың?
– Ишенимге. Өзүм деле бир кыз менен сүйлөшсөм баш-отум менен ага берилип, башкаларды карабай калам. Албетте, андай мамилени кыздан да талап кылам. Келечекте аялым, балдарымдын алдында таза болгум келет. Мага көпчүлүк айтат, «бабник экениң көзүңдөн көрүнүп турат» деп. Чынында, андай эмес. Ушул кезге чейин сүйлөшкөн кыздарымды бир да жолу «изменять» эткен эмесмин.
– Кел, эми балалык кезге да көз чаптырып кетели. Кайсы жоругуң эсиңден кетпейт?
– Мен үйдүн кенжеси болсом деле апамдар эркелетчү эмес. Чоңураак бир нерсе алам десем, «өзүң акча иштеп табасың, ошондо өз акчаңа сатып ала бер» дечү. 8-классымда кол чатыр алгым келди. Апама айтсам баягы эле сөзүн айтты, «өзүң иштеп, анан ала бер» деп. Ойлондум да, 100 сомдой акчам бар эле чогулткан, Балыкчыдан Бишкекке автобуска «зайчик» болуп отуруп келе бердим. Же шаарды билсемчи, биринчи жолу келгем. Бишкек мага Нью-Йорктой эле сезилди. Анда интернет борбордо гана болчу. Түнү менен интернет клубда хит болуп жаткан ырларды көчүрүп, дискке жаздырып алдым. Эртеси кайра Балыкчыга келип, бир баланын үйүндө компьютерине көбөйттүрдүм. Ошол дискти 100-150 сомдон сатып, 5000 сом акча иштегем. Кыялданган кол чатырымды да алдым. Үйгө колбаса көтөрүп барсам апам аябай сүйүндү эле, «балам өз оокатын өзү таап жейт экен» деп.
– Үй-бүлөң тууралуу да айта кетсең. Алар чыгармаларыңды угушабы?
– Биз үч бир тууганбыз, агам жана эжем бар. Атам менен агам «сенде үн жок, такыр ырдай албайсың» дей беришчү. Ойлоп көрсөм, ошондой түшүнүк менен 4-класстан 11-класска чейин жашап келиптирмин. Үйдө батыш ырчыларын туурап ырдап калсам атам азыр деле «эмне эле чыйылдай бересиң?» деп тамашалап калат. Атам азыр 72де, элестетиңиз, мени кандай кабыл алмак эле. Апам болсо азыр чыгармачылыгымды түшүнүп калган.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg