Жоомарт Оторбаев чет өлкөгө премьер-министрлик сапарын Орусиядан баштады. Эки өлкөнүн ортосунда макулдашылып, бирок аягына чыкпай турган маселелердин саны көп: Бажы биримдигине кирүү даярдыгы, өлкөнүн түштүк аймагынын көгүлтүр отсуз калгандыгы, «Манас» аэропортунун тагдыры...
«ГАЗПРОМ» ЭМНЕ ДЕДИ?
Өзбекстан газ берүүнү 14-апрелде токтоткондон бери Кыргызстандын түштүк аймагы көгүлтүр отсуз отурат. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар кээде оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жатканына байланыштуу электр энергиясыз да калып, эшикте от жагып, казан асып, тамак-ашын көчөдө бышырышууда. Мындан улам да өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Москвада «Кыргызгазды» 1 долларга сатып алган «Газпромдун» башкаруусунун төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Ал «Газпром» ААКсынын жетекчилиги Кыргызстанга газды үзгүлтүксүз ташууга жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтты. Ал эми «Кыргызгаз» «Газпром» сатуу-сатып алуу келишимин каттоо процедурасын аяктагыча Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт» деген маалымат таратты. Документ иштери дагы канча убакыт алары айтылган жок.
Өзбекстандын газ берүүнү токтотуп салуу адаты биринчи жолу болгон окуя эмес. «Кыргызгаздын» жетекчилиги алдын ала чара көрбөй эмнени күтүп отурганы белгисиз. Газсыз калган 50 миңден ашуун абоненттерге, коомчулукка оңдуу түшүндүргөн да бирөө болгон жок. Өзбекстан газ берүүнү эмне үчүн токтоткону, түштүк аймагы дагы канча убакытка минтип көгүлтүр отсуз отурары белгисиз.
Медведев: «МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖОЮУГА КЫЗЫКДАРБЫЗ»
Кыргызстан жана Орусиянын премьер-министрлери Жоомарт Оторбаев менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда да бир катар маселелер кабыргасынан коюлду. «Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча иштер жүрүп жатат. Сизге ачык айтайын, биз бар болгон маселелерди жоюуга кызыкдарбыз. Бирок кадамдар сиздин өкмөтүңүз, парламент жана президенттин линиясы боюнча жасалат деп үмүт кылабыз»,- деди Орусиянын өкмөт башчысы. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча жол картасын иштеп чыгуу дээрлик аягына чыгып калган. «Бардык талаш жараткан суроолор боюнча тил табыштык. Техникалык мүнөздөгү бир канча пункттар гана калды»,- деди Ж.Оторбаев. Азырынча кайсы маселелер боюнча бир жыйынтыкка келишкени ачыкталбады. Айтмакчы, Беларустун президенти Александр Лукашенко «союзга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууда эч кандай өзгөчө шарттар менен макамдар берилбесин» деп чыкты. Буга чейин ушундай эле өңүттөгү билдирүүнү Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев тараткан эле.
Ошондой эле кыргыз өкмөт башчысы орусиялык премьерден мигранттарга басым көрсөтүүнү жана иштөөгө уруксат берүүчү документтерди алууну жеңилдетүүнү сурады.
«МАНАС» АЭРОПОРТУНА ОРУСИЯ КАЙТЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН
Жоомарт Оторбаевдин айтымында, «Манас» аэропортунда континенттер аралык хабды түзүү боюнча сегиз оператордон келип түшкөн сунуштар бар. Экөө Орусияга, үч компания Кытайга таандык, калган үчөө эл аралык уюмдар болуп саналат. «Анын ичинде Кыргызстан «Роснефть» менен да кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бишкек бир катар долбоорлор боюнча «Роснефть» компаниясы Кыргызстан менен иштешерине үмүт артат»,- деди Ж.Оторбаев.
Эске салсак, буга чейин «Манас» аэропортунун 51 пайыздык акциясын сатып алууга «Роснефть» 1 миллиард долларга чейин каражат сарпташы мүмкүн экендиги айтылган. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Таласка барган иш сапарында оппозициянын аракеттеринен улам «Роснефть» «Манас» аэропортунун акцияларынын бир бөлүгүн сатып алуудан баш тартканын билдирген болчу.
Эльвира Караева
politika@super.kg