2014-2015-окуу жылынын башталышы менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси аркылуу уюштурулган республикалык деңгээлдеги жаңы мектеп-интернат өз окуучуларына эшигин ачат. Бул тууралуу билдирген борбордогу Т.Молдо атындагы №71-орто мектептин директору Рустам Атаев мамлекет тарабынан камкордукка алынуучу томолой жетим, жарым жетим жана кароосуз калган балдар көчө балдарына айланып калбай, колдоого алынарын белгиледи. Анын айтымында, дал ушул №71-орто мектепти мектеп-интернатка айлантуу чечими чыккан. Мектептин дагы бир өзгөчөлүгү – кесиптик билим берүүдө окуучулар өздөрүнүн тандоосу боюнча тастыкталган күбөлүктөрдү алышат. Мисалы, котормочу, тилчи (англис, түрк тилдери боюнча), оператор-программист, чачтарач-стилист, бычмачы-тигүүчү, жыгач уста, айдоочу. Окуучулар өздөрү жашаган аймактардан маектешүүгө катышып, анын жыйынтыгы жана жергиликтүү кеңештин жардамы менен мектеп-интернатта окуй алышат.
Эльвира Караева
politika@super.kg